Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Акыркы коңгуроо канча сомго кагылат?


Билим берүү министрлигинин бүтүрүү кечелерине акча чогултпагыла, ашыкча шаан-шөкөт уюштурбагыла деген чечиминен майнап чыгабы?

"Арай көз чарай" талкуусунун бул жолку чыгарылышы ушул маселеге арналды.

Катышуучулар: Билим берүү жана илим министрлигинин башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова жана Бишкек шаарынын тургуну Жаныбек Кулукеев.
Талкуунун биринчи бөлүгү


Талкуунун экинчи бөлүгү



“Азаттык”: Кылым айым, министрлик акыркы коңгуроо, бүтүрүү кечелерин өзгөчө шаан-шөкөт менен өткөрүүгө тыюу салган буйругун чыгарды. Мунун негизги себеби, коопсуздук анан ашыкча чыгымды азайтуу экен. Эгер болбой эле чоң салтанат менен белгилегендерге кандай чаралар каралган?

Кылым Сыдыкназарова: Саналуу күндөрдөн кийин акыркы коңкуроо кагылып, ондогон окуучулар мектепти аяктайт. "Беш кол тең эмес" деген сөз бар. Кээ бир ата-энелердин турмуш-шарты жетиштүү, айрымдары каражатын кыйынчылык менен жеткирет. Ошондуктан мындай иш-чараларга ата-энелердин да көз карашы ар түрдүү. Акыркы жылдары балдардын коопсуздугун сактоо максатында, ата-энелердин кайрылуусунун негизинде ушундай буйрук чыгарууга туура келди.

Буйрук республикадагы бардык мектептерге, жергиликтүү бийликке берилген. Мисалы, мектепте мугалимдерге белек-бечкек, мектепке белек берилип, бүтүрүү кечеге акчаны ата-энелер өздөрү чогултуп алып, аягында мугалимге жана мектепке сөз тийип атат. Анан кайра эле министрликке кайрылып жатышат. Бул жерде мектепке жүктөп койбой ата-энелер, коомчулук бирдикте иштеш керек.

Жаныбек Кулукеев: Акыркы коңгуроодо ашыкча акча чогултуулар туура эмес деп эсептейм. Бирөөндө бар, бирөөндө жок. Кээ бир үй-бүлөдө беш бала окуйт. Чоңдун балдары окуган мектептерде кадимкидей эрегишет экен. Негизи балдар кече өткөргүсү келет. Менин балам мектепти былтыр бүткөн. Тыюу салынганына карабай эле аттестат алган соң тоого барабыз, же дагы башка жакка барабыз дешкенинен ата-энелер өткөрүп берүүгө мажбур болушкан. Бирок өтө көп эмес, 1500 сомдой топтошкон.

Менин угушумча, быйылкы бүтүрүүчүлөр, мисалы 67-мектепте 6 миңден чогултуп жатышыптыр. Мисалы мектеп директору же класс жетекчиси столго материал, гүл керек деп айтышат. Аларды алганга акча чогултушат. Мен он жыл окуттум, мага белек бергиле деп таарынган класс жетекчилер болот. Муну ата-энелер комитети чогулуп сүйлөшүп маселени чечсе болот, ата-энелердин колунан келет. Балдар болбой отурабыз дешип, кырсык чыгып кеткен учурлар катталып жатпайбы. Анан акча бералбай асынып алган балдар да болууда.

Прага шаарында эл аралык мектепти бүтүргөн Эркеайым Жуматаева акыркы коңгуроо, бүтүрүү кечеси аларда кандай өткөнүн айтып берди:

Эркеайым Жуматаева: Бизде үч салтанат болгон. Биринчиси - бал сыяктуу, ал жакка сүйлөшкөн жигитиң же кызың менен барасың. Бири-бири менен таанышып, бийлеп, торт жеп кетишет. Экинчиси - банкет, ага ата-энең менен барасың. Үчүнчү расмий салтанатта диплом тапшырылат.

“Азаттык”: Кыргызстанда акыркы коңгуроодо мугалимге, класс жетекчиге алтын, кымбат идиш-аяк, сүрөт белек кылган учурлар кездешет. Силер акча чогултуп мугалимдерге белек алдыңар беле?

Эркеайым Жуматаева: Бизде 1-сентябрда дагы гүл, шоколад алып берген салт бар го. Майрамда да ошондой. Прагада андай болбойт. Окууну бүткөндө чын дилинен ыраазылыгын билдирет, каалгандар кичинекей белек беришет. Бул открытка, кичине сувенир болушу мүмкүн. Бирок кымбат, чоң белек берген мугалимдерге абдан өөн көрүнөт.

“Азаттык”: Бал өткөрүү, бүтүрүү кечесинде адеми көйнөк кийүү деген салттар барбы?

Эркеайым Жуматаева: Андай салт бардык жакта бар. Кыздар көйнөк тапканга көп убакыт кетирет, акча кетет. Бирок көйнөк сөзсүз эле кымбат болушу кажет эмес. Бул жагынан атаандашуу деле жок. Болгону өзүнүн стилин көргөзүш керек. Албетте кыздар жакшына көрүнгүсү келет. Бирок бул жакта түшүнүк башкачарак. Ата-энелерин көп деле кыйнашпайт.

Анткени классташтар ансыз деле бири-бирибизди билебиз, башка күндөрү кандай кийинип жүргөнүбүздү. Бир күнү эле абдан сонун кийинип келсең күлкүлүү көрүнөт. Жогоркуда айткан үч салтанатка, кийим-кечесин кошкондо биригип 200 доллардай кетирсе болот. Тамак-ашына 700 крон төлөгөнбүз, бул 35 доллардай болуп калат. Бул деле жогорудагы суммага кошулат. Кыргызстанда бул сумма көбүрөк болушу мүмкүн. Ал эми Прагада айлык акы салыштармалуу жогору, экономикалык деңгээли да башкачарак.

XS
SM
MD
LG