Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:15

"Себаттан" чочулоого себеп барбы?


“Себат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды.
“Себат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды.

Эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды акыркы убактарда бул мекеменин дарегине айтылып жүргөн айрым сын-пикирлерге жооп берди.

- Орхон мырза, сиз жетектеген “Себат” билим берүү системасы тууралуу түрдүү кептер буга чейин деле айтылып жүрдү эле. Өткөн айда Түркия премьер-министри Кыргызстанга келген учурда да ар кандай сөздөр айтылып атты. “Себат” билим берүү системасын Өзбекстан менен Орусия кабыл албашына эмне себеп болду эле?

- Сурооңузга рахмат! Чындыгында азыр “Себаттын” билим берүү мекемелери Өзбекстанда жок. 1990-жылы СССР тарап, биздин боордош элдер эркин болуп, өз эркиндигин колуна алгандан кийин Түркия менен байланыш жаңыдан түзүлүп баштаганда ошол кездеги түрк президенти, ыраматылык Тургут Озал, “Себат” билим берүү мекемесинин жетекчилери жана башка түрк ишкерлер “боордош элдерге барып, жардам берели” деген максат менен Кыргызстанга, Өзбекстанга, Түркмөнстанга, Азербайжанга келишкен. Кыргызстанга Түркиянын бир облусунан ишкерлер келип, "Себат" мекемесин түздү. Казакстанга, Өзбекстанга дагы башкалар барышты. Алардын баарынын ой-максаты - түрк тилдүү туугандар менен кайрадан биримдик, ынтымакка баруу болгон. Азыркы убакта “Себаттын” Өзбекстанда жоктугу – бул билим берүү мекемесинин жеке өзүнө тиешелүү эмес, маселе биздин мекемеге байланыштуу эмес. Белгилеп айтсак, бул өзбек-түрк элдеринин ортосундагы ынтымакка, кызматташтыкка эч кандай тиешеси жок. “Себат” мекемеси жыйырма жылга жакын убакыттан бери Кыргызстандын билим берүү системасына оң таасирин гана тийгизип келе жатат. 1992-жылы үч мектеп менен ишибизди баштаганбыз. Азыр 21 билим берүү мекемеси бар, ушул учурда биздин мекемелерден 8400 улан-кыз орто жана жогорку билим алып жатышат. Бул убакытка чейин 8000ден ашуун бүтүрүүчүлөрүбүз болду.

-“Себат” билим берүү системасы Кыргызстанга келип иштей баштаганына 20 жылга жакындап калды, сыймыктана турган кандай ийгиликтерге жетиштик деп айта аласыз?

- Мен айтып кеткен сегиз миңден ашуун бүтүрүүчүнүн жарымынан көбү жогорку окуу жайларды аяктады. Алардын көпчүлүгү чет өлкөлөрдө: Түркия, Орусия, Америка, Европа өлкөлөрүндө окушту. Азыр Кыргызстанда өкмөттүк кызматтарда, жеке менчик ишканаларда же эл аралык мекемелерде иштеп жатышат. Мен азыр чын жүрөктөн сыймыктануу менен айта алам, ар бир эле адам баласы өз ишинин жыйынтыгын көргүсү келет. Ошонун сыңары азыр биздин “Себат” мекемесинин мектептеринде, Жогорку окуу жайында 1990-2000-жылдары биздин кыргыз-түрк лицейлеринен окуп бүтүргөн окуучулар мугалим болуп иштеп жатышат. 180ден ашуун мугалим иштеп атат, алардын ичинен азыр улам көбөйүп ачылып аткан мектептерди жетектеп жаткандары да бар. Жаш муундарга өздөрүн окуткан мугалимдер сыяктуу эле тарбия, билим беребиз деп иштеп жатышат. Бул биз үчүн чоң жетишкендик. Экинчиден, 1992-жылдан бери биздин мектептерде окуган балдар дүйнөлүк олимпиадаларда 16дан ашык биринчи орунду, элүүгө жакын 2-орунду, жетимиштен ашык 3-орунду алышты. Бул дагы өтө чоң жетишкендик.

- Мына сиз айтып кеттиңиз, биздин лицейлерден бүтүргөн балдар кайра өзүбүзгө мугалим болуп келип иштеп атышат деп. Ошол эле учурда айрым нааразы кептер да бар, “Себат” мекемесинде иштеген жергиликтүү мугалимдердин айлык акысы Түркиядан келип иштеген мугалимдердин маянасына караганда 5-10 эсе аз деген?..

- Бул сурооңузга да рахмат! Кыргыз менен түрк боордош эл деп биз ар дайым айтып турабыз. Ошондуктан, биз нанды да, чайды да тең бөлүшүп ичебиз. Түрк болобу, кыргыз болобу, бизде иштеген мугалимдердин кыйналып жашоосун каалабайбыз. Кыргызстандык мугалим болобу, Түркиядан келгени болобу, биз өз мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша өзүнө, үй-бүлөсүнө жете турган акча берүүгө аракет кылабыз.

- Орточо айлык акы канча? Кыргызстандык жана Түркиядан келген мугалимдер колуна канча алган маяна алат?


- Алардын айлык акыларынын айырмачылыгы өтө чоң эмес. Жок деп айтсам да болот, дээрлик бирдей эле. Орто эсеп менен айтып кетейин, Кыргызстанда кадимки мектептерде иштеген мугалимдердин айлык акысына караганда биздин мектептерде иштеген мугалимдер эки эсе же андан да көп айлык акы алышат. Ага кошуп жатаканасынын акчасын да беребиз. Эгер үйлөнсө дагы акча кошулат, балалуу боло турган болсо, ага да акча кошулуп, үй-бүлө бакканга жете турган акчасын беребиз.

- Ошентсе деле ачыгыраак айтсаңыз? Мисалы биздин жалпы билим берүү мектептеринде иштеген мугалимдин, алсак, окуу жайды жаңы бүтүрүп барган мугалимдин маянасы 730 сомдон башталат...

- Биздин мугалимдердин эң аз айлык акысы 10 миң сомдон ашат. Ал эми Түркиядан келген мугалимдерге деле жол акысын, жашаган жеринин ижара акысын кошумча беребиз. Ал эми мугалим катары өз милдетин аткарганына берилген акча жергиликтүү мугалимдердикинен эч айырмасы жок. Түркиядан келген мугалимдер Кыргызстанга байуу үчүн, ишкерлигин түптөп алуу үчүн келбейт. Алар мекенин, ата-энесин таштап, балдарга билим берүү үчүн келишет. Алардын арасында Түркиянын өзүндө эле айлык акысы көп, жакшы иштерди таап алууга мүмкүнчүлүктөрү барлары да бар. Бирок ошого карабай алар Нарында, Таласта, Кадамжайда жана башка алыс аймактарда балдар менен кошо жашап, алар эмне күндү көрсө ошону кошо көрүп, кыргыздар менен аралашып жашап атышат.

- Акыркы убактарда сиздердин билим берүү акысы ашыкча кымбаттап кетти деген да нааразылыктар бар. Мисалы “Себат” мекемесинин кыргыз-түрк лицейлеринде, “Силк Роуд” жеке мектебинде, “Ата Түрк Ала-Тоо” жогорку окуу жайында окуу үчүн ар бир бала 600-700 доллардан тартып, 3-4 миң долларга чейин акча төлөшү керек?..

- Бизде жаш жеткинчектерге билим берүүчү он беш лицей болсо, алардын бири сиз айтып аткан “Силк роуд” мектеби. Бул мектепти биз эл аралык деңгээлде, Кыргызстанда жашап, иштеп аткан чет элдиктердин балдары үчүн ачканбыз. Түркиядан келген, Кореядан, Кытайдан же башка мамлекеттерден келип, бул жакта иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандардын балдары үчүн ачылган. Биздин демөөрчүлөр бул мектепке демөөрчүлүк кылышпайт. Ошондуктан, бул мектепте окутуу акысын кымбат, жылына 1,5 миң доллардан 3-4 миң долларга чейин кылганбыз. Бирок кийинчерээк жергиликтүү жарандардан деле балдарын бул мектепке берүүнү каалаган ата-энелер көбөйө баштады, алар үчүн деле биздин мектептин эшиги ачык. Калган он төрт лицейде окуу үчүн акы төлөө арзаныраак. Нарында, Кадамжайдагы лицейлерде окуган балдар жылына 500 доллардын тегерегинде акча төлөшөт.

- Бул эң арзаны?..

- Ооба, эң арзаны. Эң кымбаты –Бишкекте. Борбор калаадагы биздин лицейлерде окуган балдар үчүн окуу акысы азыр жылына 1 900 долларга чыкты, ушунча акча төлөшөт. Бирок мунун ичинде тамак-ашы, жатаканасы, окуусу бар. Чынын айтсам, азыр биз Кыргызстандагы мектептерде окуган балдардан чогулган каражатты орточо ар бирине бөлүштүрсөк, 600 доллардан чыгат, ошол эле маалда биз ар бир балага жылына 1700 доллардын тегерегинде каражат жумшайбыз. Демек, орто эсеп менен бир балага алар төлөгөндөн үч эсе көп акча жумшалат. Биз бул акчанын үчтөн бирин балдардан, алардын ата-энелеринен алабыз. Калганы демөөрчүлөрдүн берген акчасы менен жетиштирилет. Муну биздин мектептерде балдары окуган ата-энелер жакшы билишет, анткени алар биздин мектептердеги окуу класстары, лабараториялары, ашкана, жатаканалары кандай экенин, балдарга окуп-билим алууга кандай шарттар түзүлгөнүн жакшы билишет. Дагы айтып кетейин кыргыз-түрк лицейлерин, окуу жайларды, жатаканаларды ачуу менен биз Кыргызстандан пайда таап, бай болуп, бизнеске жылуу максатын көздөбөйбүз. Такыр андай оюбуз жок.

- Мурдараак жакшы окуган балдардан акча албай, же окуу акысын азайтуу жолу менен да окутуу ыкмасы бар эле сиздердин лицей-мектептерде. Азыр дагы ошондой ыкма барбы?

- Бизде азыркы убакытта үч жүзгө жакын бала толук бекер окуйт. Үч жүздөн ашык бала окуу акысынын 25% гана төлөшөт, беш жүздөн ашык бала 50% гана окушат. Ушул тапта жалпы биздин мекемелерде окуган балдардын саны сегиз миң бала болсо, алардын ичинен төрттөн бирине, бештен бирине жеңилдик берилет. Жеңилдик кандайча берилет? Биздин мектептерге сынак тапшырган учурда жакшы баа алып кирген балдар, бүткөнгө чейин толук бекер окушат. Экинчиден, жакшы окуган, ата-энеси жок, жетим балдарга да жеңилдик берилет.


  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG