Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

Жаштар инвесторлорду Кыргызстанга чакырууда


Жаштар саясатта гана эмес, экономика тармагына да өзгөрүүлөрдү киргизе алат.
Жаштар саясатта гана эмес, экономика тармагына да өзгөрүүлөрдү киргизе алат.

Кыргызстанда жаштардын демилгеси менен бизнес-программалардын ээлерин жана инвесторлорду табыштыруучу долбоор ишке кирди.

Мындай долбоор Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашырылып жатканын жана өзгөчөлүккө ээ экендигин айтышууда.

“Өлкөнү жаңылоо үчүн” коомдук жаштар бирикмесинин жетекчиси Даир Токобаев консалтинг компанияларында иштеген жаштар менен чогуу K2invest.com интернет долбоорун ишке киргизди.

“Асыл таштан, акыл жаштан”

Интернет барак бизнес долбоорлору бар адамдар менен Кыргызстанга инвестиция салгысы келгендердин ортосунда көпүрө милдетин аткармакчы.

Долбоордун жетекчиси Даир Токобаев "бул оболу жаштар үчүн мүмкүнчүлүк" дейт:

- Бул долбоорду жаштар үчүн баштадык. Экинчиден, инвестицияны бир тартипке келтирип, инвесторду табууга жеңил болсун дедик. Бул интернет долбоор ошого жардам берет. Мында эки түрдүү колдонуучу болот. Бирөө инвестор, экинчиси инвестиция издеген адамдар. Ар кимиси өзүнө ылайыктуу баракты толтурушат.

Жаштар кыймылынын энергетикалык объекттерди менчиктештирүүгө каршы акциясы, 2008-жыл
Демилгечилердин айтымында, долбоор Кыргызстандын социалдык-экономикалык деңгээлин көтөрүүгө жана дүйнөлүк ишкерлер менен биргелешип иштөөгө жардам берет.

Мындан сырткары, ал ар тараптуу долбоорлордун жана инвесторлордун бирдиктүү базасы болот деп үмүт артышууда. Анткен менен K2invest.com интернет долбооруна өз бизнес сунуштарын жарыялоодон чочулагандар да бар. Алар бизнес идеяларынын башкалар тарабынан уурдалып кетишинен сактанышууда.

Даир Токобаев мындай чочулоону да эске алышкандыгын белгиледи. Ал кандай гана бизнес долбоор болбосун K2invest.com сайтынын базасына киргизилер замат анын кожоюнуна “Кыргызпатенттен” ээлик кагазын берүү жагы караштырылып жатканын айтты. Долбоор азырынча кыргыз, орус жана англис тилдеринде иш алып барат. Келечекте кытай жана араб тилдери киргизилмекчи.

Бийлик демилгеден артта калууда

Либерал-прогрессивдүү партиясынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Кунакунов мындай иштерди бийлик жасашы керек болчу деп эсептейт.

- Бул Кыргызстанда жаштардын жаңы жана өзгөчө долбоору болуп жатат. Мындай долбоорлор көп болсо жакшы болмок. Жаштар саясат эле дей бербей, өлкөгө өтө чоң болбосо да инвесторлорду тартуу менен да алектенүүдө. Азыркы кырдаалда өзү Кыргызстанга чоң инвесторлор келбейт. Ошодой болсо да жолун таап жаткандарын жаңылык катары санасак болот. Ал эми бийликте отургандардын буга мүмкүнчүлүктөрү да, акылдары да жеткен жок.

Мирсулжан Намазалиев
Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун аткаруучу директору Мирсулжан Намазалиев Кыргызстанда жаңы сунуштары менен ийгиликке жеткен жаштар көбөйүп баратканына токтолду:

- Кыргызстанда кызыктуу болгон компанияларды карап көрсөк, алардын көпчүлүгүн жаш ишкерлер ачышкан. Мисалы, жакында бир бала жылкынын этин Жапонияга экспорттогону жатат. Бул да чоң инвестиция деп койсок болот. Мал сойо турган жерди куруу жана башка иштерди эл аралык стандарттар менен жасаш керек. Болбосо, аны Жапония албай койору белгилүү.

Анткен менен Намазалиев Кыргызстанда айрым жаштар популисттик ураандар менен иш жүргүзүп, экономикалык көйгөйлөрдү чечүүдө сунуштары жок болуп жатат эсептейт.
Азыркы кырдаалда өзү Кыргызстанга чоң инвесторлор келбейт. Ошодой болсо да жолун таап жаткандарын жаңылык катары санасак болот.

- Көпчүлүк жаштар кыймылдарын карап көрсөм алардын ураандары популисттик жана эптеп эле элге жагыныш үчүн, же болбосо улуттук чакырыктар болуп да калууда. Алардан экономиканы кантип реформалоо керек, кантип инвестиция тартабыз жана кантип жумуш орундарын көбөйтөбүз деген суроолорго жоопторду көрө элекмин.

Кыргызстан аймактагы саясий жана экономикалык чабал мамлекет. Андыктан бул өлкөгө дүйнөлүк ишкерлер каражат салууга анчейин шашыла бербейт. Анын үстүнө өткөн жылы болгон кандуу окуялар инвесторлорду кыйла чочутканы бар.

Мындай шартта жаштардын Кыргызстанга инвесторлорду тартуу демилгеси колдоого аларлык деп бааланууда.

XS
SM
MD
LG