Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Карызга той өткөрүү каадага айланды


Бишкектеги айрым тойканалар аш-тойлорду карызга өткөрүүгө даяр.

Күркүрөгөн күз келип, кыргызстандыктардын көбү той-аш менен алек. Баары эле колундагы чакыруу баракчасын көрсөтүп, “баланчанын тою түкүнчө ресторанда өтөт экен” деп чамынган кишилер....

Кыргызстанда буга чейин той-аш өткөрүү үчүн банктан насыя алып келишкен болсо, эми айрым кафе-ресторандар карызга өткөрө баштады. Маселен, тойканалардын "атасы" аталган “Дасмия” былтыртан бери кардарлар үчүн карызга той өткөрүү мүмкүнчүлүгүн сунуштап келет.

"Той бергендин эмнеси жаман?" деген "Дасмиянын" кожоюну Турусбек Мамашов үзүкчүлүк болгон жаз айларында той-аштар карызга өтөрүн мындайча ачыктады:

- Бизге ар кандай адамдар келет. Айрымдар азыр акчам жок, бирок "душман көзүнө" шашылыш той же аш өткөрүш керек дешет. Биз алардын шартын карап, келишим түзөбүз. Эми бул бизге да, аларга да ыңгайлуу. Анткени биз да бекер отурбашыбыз керек. “Мертвый сезондо” киши келбей калат. Азыр тойдун маалы болуп, баары эле акчасына өткөрүп жатышат. Ал эми карызга өткөргөндө келишимге жараша эки ай болобу, же жарым жыл болобу бөлүп-бөлүп отуруп кутулушат. Ишкердик деген кардардын талабына ыңгайлашуусу керек. Карызга той өткөргөндөргө үстөк пайыз кошулбайт.

"Дасмияда" былтыр май айында 4-5 той карызга өткөн. Мамашовдун айтымында, маркумдарга куран окутуу, жылдык өткөрүү сыяктуу диний жөрөлгөлөр да карызга өткөрүлгөн учурлар болот. Карызга той өткөргөн адамдарды кепке тартуу аракетибизден майнап чыккан жок.

Турусбек Мамашов өкмөттүн ысырапкордукту азайтуу аракетинен майнап чыкпайт деген пикирде. Анын ишениминде, тойду колунда бар адам гана өткөрөт:

- Той өткөрүү ар бир адамдын өз эрки. Колунда бар үчүн өткөрүп жатышат да. Ар ким өз акчасын кайда короторун өзү билет. Бирөөнүн акчасына кийлигишпөө керек. Той бул элдин жашоосунун көрсөткүчү. Көп өтүп жатса, демек элдин турмушу оңолду. Бирок өлүм-житимдердеги чыгымдарды азайтса болот.

Деген менен аш-тойлорду насыяга өткөргөндөрдү сындагандар коомчулукта басымдуу. Алардын бири, экономика маселелери боюнча эксперт Искендер Шаршеев той-аштардагы чыгымдарды мындайча тизмектеди:

- Бир үй-бүлө жыл сайын 200-300 долларды аш-тойлорго кошумча катары берет. Бизде негизи жамандык-жакшылык болуп отуруп, 12-13 аш-той бар экен. Керек болсо айылдарда насыя алып, аш-той өткөрүп жатышат. Тойдун акчасын келгендер жабат деп коюшат. Бирок коноктор тойго кеткен чыгымдардын 40 пайызын гана толтурат. Калган 60 пайыз акча той ээсинин жанынан чыгат. Биздикилер 5 жыл тытынып иштеп, бир той өткөрүшөт.

Үнөмдүү үлпөт

Арабызда той-аштарды өткөрүүнүн үнөмдүү жолдорун сунуштагандар да жок эмес. Алардын бири - Бишкек тургуну Нуршат. Ал үйлөнүү үлпөтүн 20 адамдын гана кучагында өткөрүп, болгону миң долларга жакын акча сарптаган. Той кымбат баалуу ресторанда эмес, табият койнунда эле өткөн. Нуршат үнөмдүү үлпөт өткөрүү жол-жобосун мындайча түшүндүрдү.

- Мен 2 жыл мурда үйлөнгөм. Үйлөнүү үлпөтүнө ГАЗ 53 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен чыктык. Кыздар-балдардын баары тартынбай эле отурушту. Алыс барбай Чоң Кеминге барып, шашлык бышырып жедик, ойноп-күлдүк. Болгону бир козу союлду. Менин тоюма бардык чыгымдарды кошкондо миң доллардай акча кетти. Жакындарыбызга бутубузга туруп алгандан кийин чакырабыз деп түшүндүрдүк. Тойду сөзсүз эле ресторанда өткөрүш керек дегенге кошулбайм.

Расмий маалыматтарга таянсак, кыргызстандыктар той-аш өткөрүү үчүн жыл сайын 2 млрд. доллардан ашык акча жумшайт.

XS
SM
MD
LG