Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

Салттар чөнтөктү какпаса...


Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өткөн аптада Жогорку Кеңеште аш-тойлорго убактылуу мораторий жарыялоо сунушун айтты. Ал тургай ири тойлор үчүн салык салуу демилгеси да белгиленди.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Жогорку Кеңештин Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы, депутат Каныбек Осмоналиев, “Манас ордо” коомунун төрагасы, ишкер Анарбек Усупбаев жана экономист, серепчи Азамат Акелеев.

“Азаттык”:
Азыр аш-тойдон кол бошобой турган убак. Той-аш жакшы, бирок өтө ысырап кылууну токтото алабызбы? Тажыя менен тойдун айырмасы болбой калды деген маселеге жаралып жатат. Ал эми буга арналган мыйзам долбоор көптөн бери колдоо таппай келатат. Аны кайрадан иштеп чыгып, жакында сунуштайбыз дедиңиз эле. Ал эмнеси менен айырмаланат?

Каныбек Осмоналиев: Бул маселе абдан актуалдуу. Экинчиден, абдан дискуссияны жараткан маселе болууда. Бир четинен ашыкча ысырапкорчулук, өзүн өзү көрсөтүү элдин нааразылыгын жаратса, экинчи жагынан биздин укугубуз тебеленип, каада-салтыбыз бузулуп жатат деген күчтөр. Ошонун натыйжасында бул беш жылдан бери талкууланып келатат.

Биз жаңы мыйзам долбоорун жаздык. Ал чоң деле эмес, болгону 12 беренеден турат. Негизинен ирээтке келтирүү, өтө эле бейжай кеткен, өзгөчө аза күтүү учурунда, мааракелик салтанаттарды жөнгө салуу жөнүндө гана сөз болуп жатат.

Албетте мыйзам менен аш-тойлорду кыскарта албайбыз. Бирок бейжай, куру намыс деп ашыкча беш-алты жылкы союп, анан карызга батып, социалдык абалын өлтүрүп алгандарды токтотсо болот.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Болжолдуу эсептөөлөргө караганда, жылына кыргызстандыктар ар кандай шаан-шөкөт, той-тамаша, сөөк узатуу зыйнатына 2 миллиард доллардан ашуун каражат сарпташат экен. Ашыкча чыгым кылган аш-тойлорду, мааракелерди өткөрүп, ысырап кылгандын ордуна ошол каражатты башка пайдалуу иштерге жумшаса, кайрымдуулук кылса кантет? Сообу да көбүрөөк тиет дегендей...

Анарбек Усупбаев: Кыргызга душмандар гана мындай ойду, идеяны киргизип жатат. Бул биздин каада-салт. Эгерде ал аш-той бере албаса, ал жөн эле койсун. Баргысы келбесе, барбай деле койсун.

Аш-той деген кыргыздын үрп-адаты, каада-салты. Ал жерден кыргыздар өзүнүн маданиятын, тилин, бири-бирине жасаган мамилесин өнүктүрөт. Мен той берип жатсам, менин акчамды булар эмнеге санашат, кандай акысы бар? Ысырап калып жатсам да ал менин иишм.

Булар ошол акча кайдан табылганын текшерсин. Бийликтегилердин кемчилиги – башын текшербей жатпайбы. Уурулуктун баары ошол жакта жатат. Ошону токтотсо эле баары ордуна келет.

“Азаттык”:
Ушул маселени мыйзам негизинде, же болбосо бийликтин күчү менен токтотууга, жөнгө салууга болобу?

Азамат Акелеев: Мыйзам менен мындай маселени чечүү кыйын. Бизде мыйзамдар кабыл алынып, аткарылбай жатпайбы.

Бизде өзүбүздүн маданиятыбыздын кемчилиги деп ойлойм. Мисалы, корейлер же жөөттөр акчасын биринчи кезекте балдарынын билим алуусуна, анан бизнесине жумшайт, инвестиция кылат. Ошондуктан алар өнүгүп жатат. Бул алардын күчтүү жагы.

Бизде кирешенин көп үлүшү тойго, ашка кетип жатпайбы. Мисалы, кыргызстандыктар аш-тойго жылына 2 млрд. доллар кетирет деп атат. Бул өлкөнүн ички дүң продукциянын жарымына барабар болуп жатпайбы. Демек биз көмүскө экономикага салым кошуп жатабыз.

Экинчиден, бир адам бул системага киргенден кийин такыр чыга албай калат. Мисалы, ата-энем жума сайын ар жактарга барат. Алардын каражаты деле чектелүү, бирок чыга албай калышты. Катышпай калса, элден четтеп калгандай сезишет. Ошондуктан биздин аң-сезимибиз өзгөрүшү керек.

XS
SM
MD
LG