Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Профсоюз ойгонду


Чет өлкөлөрдө профсоюздар олуттуу күчкө ээ.
Чет өлкөлөрдө профсоюздар олуттуу күчкө ээ.

Мурда бар-жогу билинбей кеткен профсоюз уюмдары түшүнөн чочугансып 23-мартта капыстан эле өз мүчөлөрүн көчөгө алып чыгышты.

Уюмдун лидерлеринин айтуусунда, өкмөт жаңы Эмгек кодексин иштеп чыгып, ага жумушчулардын кызыкчылыгына каршы келген бир нече жоболорду киргизип коюптур. Мисал катары алар иш берүүчүлөргө майыптарды, боюнда бар аялдарды, пенсияга жакын калган жумушчуларды иштен бошотууга укук берилип жатканын айтышат. Мындан башка да ушул өңдүү бир топ өзгөртүүлөр киргизилип жатыптыр.

Жаңы кодексти иштеп чыгуунун демилгечилеринин бири экономика министри Темир Сариев адегенде "иш берүүчүлөргө андай укук берилбесе, алар мындай адамдарды жумушка таптакыр албай коет экен, биз бул өзгөртүүлөрдү тескерисинче ошолордун кызыкчылыгына киргизип жатабыз" деген. Бирок мындай аргумент профсоюздарды ынандырган жок. Алар Ак үйдүн алдына барып митинг өткөрүп туруп алгандан кийин, министр кодексти иштеп чыгуу жаңы эле башталганын айтып, эгерде профсоюз уюмдары сунуш киргизгиси келсе, өкмөт аны эске алууга даяр экенин билдирди. Кечке жуук буга байланыштуу эки тараптан турган атайын комиссия түзүлгөнү жарыяланды.

Бул акыркы 10-15 жыл ичинде Кыргызстандын профсоюздар федерациясы өткөргөн олуттуу акция. Буга чейин "Кумтөр" алтын комбинатында иштегендер иш таштоо уюштурушкан. Андан мурун профсоюздар мугалимдердин эмгек акысын көтөрүүнү талап кылышып, өкмөттү кысымга алышкан. Бирок ал акцияларды тармактык профсоюз уюмдары өткөрүшүп, жалпы профсоюздук мүнөзгө ээ болгон эмес.

Бул жолку акцияны профсоюздардын борбордук бийлиги өткөрүп жатканы байкалат. Мындан саналуу күн мурда профсоюздар федерациясынын төрагасы алмашканы жарыяланган болчу. 7-апрелден кийин бийликке келген К. Осмоновдун ордуна төрага болуп буга чейин билим берүү тармагында иштегендердин профсоюзун жетектеп келген А. Токтогулов шайлаганы айтылган. Жаңы бийлик профсоюздун ишин жандандырып, чечкиндүү аракеттерди көрөм десе керек.

Профсоюзсуз социалдык мамлекет курууга мүмкүнбү?

Кыргызстандын Конституциясында өлкө социалдык мамлекет деп сыпатталат. Партиялардын да көпчүлүгү социал-демократтык деп аталып, алардын программаларында социалдык маселелер кеңири орунду ээлейт. Жада калса бюджет кабыл алынса, ал да социалдык бюджет деп көрсөтөт.

Бирок буга карабай Кыргызстан көп жылдар бою жумушсуздуктун жана жакырчылыктын сазынан чыга албай келет. Эмне үчүн? Мунун, албетте, көптөгөн себептери бар. Алардын бири социалдык проблемаларды чечүүнүн институционалдык механизми жок экендигинде. Тагыраак айтканда бул механизм иштебейт.

Тарыхты карап көрсөк, социалдык мамлекетти өкмөт эмес, профоюздар иш берүүчүлөр менен айыгышкан күрөштө курушканын байкайбыз. Үлгү катары айтылып жүргөн "скандинавия социализми" бул өлкөлөрдө профсоюздар күчтүү болгон үчүн гана курулган. А биздечи? Профсоюздардын эмне кылып жатканы билинбейт.

Өлкөнүн калкынын 20% жумушсуз болуп ар кайсы өлкөдө тентип жүрсө, калктын үчтөн бири жакыр жашаса, ушундай шартта профсоюз оозуна талкан салып алгансып унчукпай отурса, өкмөткө таасир кылуу максатында бир да олтуттуу иш чара өткөрө албаса, анан кантип профсоюз жакшы иштейт деп айта аласың?

Бакиевдин бийлиги элди тезек тердирип, электр энергиясынын тарифин көтөрүп жатканда профсоюз калп да болсо айбаат көрсөтүп, бир ооз сөз айтып койгонго жараган жок. 7-апрелде болсо Ак үйдүн алдында ок мөндүрдөй жаап, он эки гүлүнүн бири ачыла элек балдар окко учуп жатса, Ак үйдөн жүз метр эле ары жайгашкан офисинде профсоюз лидерлери шашылыш чогулуп, бийлик бөлүшүп, бири-бири менен тытышып жатканы айтылат.

Эки жолку революцияда анын катышуучулары бизнес очокторун талкалап-тоногону профсоюздар айтып сыймыктанган социалдык өнөктөштүк кагаз жүзүндө эле экенин, иш жүзүндө карапайым калк бизнес өкүлдөрүн партнер катары эмес, эзүүчү тап катары кабылдаарын далилдейт. Бул профсоюздарды гана эмес, ишкерлерди да ойлондурчу нерсе.

Профсоюз олигархтары

Бирдеме десең заман ошондой болбодубу, авторитардык бийликке алыбыз жетпейт экен дешет. Мунун кандайдыр бир деңгээлде чындыгы бар дечи. Бирок кеп анда деле эмес. Авторитардык бийлик менен күрөшкүсү келгендер күрөшүп эле жатпадыбы. Кеп профсоюз лидерлеринин менчикке ээ болуп, алардын олигархка айланып кеткенинде.

Мен профсоюз уюмдарына илимий изилдөө жүргүзүп, алардын колунда канча менчик бар экенин, канча киреше алып, алар кайда пайдаланарына кызыктым. Мамлекетик деңгээлдеги сыр эсептелип, башкаларды мындай эле кой, профсоюз мүчөлөрүнүн өздөрүнө да бул жөнүндө кымындай да маалымат берилбейт экен.

Менчиктен айрылып калбаш үчүн профсоюз лидерлери өкмөткө карата "сен мага тийбе, мен сага тийбейм" принцибине өтүп алган. Ошон үчүн профсоюздун борбордук кеңешинин мүчөлөлөрү бийлик бул тармакта бир да күн иштебеген И. Рысалиевди төрагалыкка таңуулаганда бир добуштан колдоп беришкен.

Профсоюз жетекчилери арасында топ-топко бөлүнүп, бири биринин айыбын чукумай, ушак сөз таратмай көп. Бирок алар сынган кол жең ичинде кылып, аны ачыкка чыгарышпайт. Анткени алар ачыкка чыкса, менчиктен айрылып каларын жакшы түшүнүшөт. Өткөн жылы мурдагы төрага К. Осоновду кызматтан алуу максатында кеңеш мүчөлөрүнүн бир тобу маалымат таратышты. Ошол справкада «профсоюз оппозициясы» төраганы убактынын 90% менчикти башкарууга байланыштуу маселелерге кетирет деп күнөөлөйт. Анан кантип профсоюздардын иши жакшырсын?

Кеп мыйзамда эмес

Талаш болуп жаткан жаңы Эмгек кодекси жөнүндө айта турган болсок, ал жарыялана электигине байланыштуу мен аны окуп чыкканым жок. Ошондуктан мен үчүн конкреттүү бир нерсе айтуу кыйын. Ошондой болсо айып керкисинде да бар, кемтигинде бар экенин айтып коюуну эп көрдүм.

Өкмөт бизнестин ишин жеңилдетем деп уруксат кагаздарын азайтып жатканын мен проблеманын өзү менен эмес, көлөкөсү менен күрөшүп жатат деп эсептейм. Экономиканын иштебей жатышы уруксат кагаздарга эмес, саясий жана экономикалык институттардын жакшы иштебей жатышына байланыштуу. Бийлик адилет болбосо, сот жана укук коргоо органдары так иштебесе, жалаң эле уруксат кагаздарды жоюу ишкерлерге жардам бербейт. Бул маселелер чечилсе, уруксат кагаздары ишкерлерге чоң деле тоскоол болбосун тарых көрсөтүп жатат. Кытайда, Индияда, Аргентинада уруксат кагаздардын саны биздикинен бери эле дегенде эки эсе көп. Эгерде ал экономиканы өнүктүрүүгө тоскоол болсо, эмне үчүн бул өлкөлөрдүн экономикасы дүркүрөп өсүп жатат?

Профсоюз уюмдары болсо мыйзамдарды жакшыртыш үчүн эмес, биринчи кезекте болгон мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланып, ошол мыйзамдардын так аткарылышы үчүн күрөшүшү зарыл. Иштебеген мыйзамды жазып коюудан тапкан пайдасы кайсы? Мыйзам иштебегендиктен иш берүүчүлөр менен жумушчулардын ортосундагы мамиле өздөрү айткандай «кул элөөчүлүк коомго» айланып жатпайбы.

Изилдөөлөр укук бузулуп, иш берүүчүлөр менен конфликт чыкса, жумушчулар профсоюздарга эмес, тууган-туушкандарына, жек-жааттарына, жоро-жолдошторуна чуркарын көрсөтүп жатат.

Рынок мамилелеринин кириши менен экономиканын тутумунда болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр жүрдү. Өлкөдөгү жумушчулардын 70% чакан бизнесте жана формалдык эмес секторлордо иштешет. Ал эми профсоюздардын структурасы совет доорунда кандай болсо дагы эле ошондой. Жада калса жетекчилери да баягы эле кишилер.

XS
SM
MD
LG