Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:44

Токтогулда суу бөксөрдү


Токтогул суу сактагычы, 18-январь, 2013.
Токтогул суу сактагычы, 18-январь, 2013.

Быйылкы жылы Токтогул суу сактагычында суу аз. Ошондуктан күз-кыш мезгилинде электр кубатын берүүдө тартыштык болушу күтүлүүдө. Суунун аздыгына байланыштуу электр энергиясын экспорттоо да кыйынчылыкка учурап жатат.

Кыргызстандын “Электр станциялар” акционердик коомунун кеңешчиси Алексей Зыряновдун маалыматына караганда, азыркы күндөрү Токтогул суу сактагычында 12 млрд. куб метрге жетпеген суу бар. Агып келип жаткан суунун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21% аз болуп жатат. Ошондуктан Токтогулда суу тартыштыгы байкалууда.

Кыш мезгилинде кыйынчылыктарга кабылбаш үчүн жылуулук станцияларына көмүр сатып алууну эртелеп чечиш керек дейт Алексей Зырянов:

- Быйылкы жылы суу аз. Демек аз топтолот. Токтогулда суу азайууда. Керектүү өлчөмдө электр кубатын иштеп чыгаруу татаал. Ошондуктан чочулоо бар. Көмүр, отун сатып алуу үчүн кошумча каражат бөлүнүш керек. Бул маселе азыр министрлик менен биргеликте каралып жатат.

Белгилеп кете турган нерсе, Кыргызстан Казакстандан көмүр, карамай алат. Акысына электр кубатын берет. Бул жылы ал схема менен иштөө “суунун аздыгына байланыштуу кыйынчылыктарга учуроодо”,- дейт эксперт Алексей Зырянов.

Мына ушундай абалга карабай Энергетика жана өнөр-жай министрлиги быйылкы жылы 500 млн. киловатт саат электр энергиясын экспорттоону караштырып жатат. Өткөн жылдары Кыргызстан Казакстанга 1.5 млрд. киловатт саат электр энергиясын экспорттоп, ордуна жетиштүү өлчөмдө көмүр, карамай алып турган.

Кыргызстанда электр энергиясын иштеп чыгуучу башкы ишкана болгон Токтогул ГЭСинин техникалык абалы да акыркы кезде суроолорду жаратып келет. Эксперттердин эсеби боюнча ГЭСти модернизациялоо үчүн 260 млн. доллар керек. Андай каражат Кыргызстанда жок.

Электр энергиясына бааны көтөрүп, тармакты жаңы жабдуулар менен камсыздоо максаты ишке ашпай калды. Жогорку бийлик саясий себептерге байланыштуу электр энергиясына тарифтерди көтөрүүгө каршы болду.

Жакында энергетика жана өнөр-жай министри болуп шайланган Осмонбек Артыкбаев энергетика тармагынын келечегин Камбар-Ата-1 ГЭСи менен байланыштырат. Ал эми кышка даярдык көрүү үчүн 4.7 млрд. сом жетпей жатат дейт Артыкбаев:

- Кышка даярдык көрүш үчүн, алдыбызда турган маселелерди чечүү жана насыяларды төлөшүбүз үчүн 4.7 млрд. сом жетишпей турат. Албетте, биз жоготууларга байланыштуу маселени чечишибиз керек. Эгерде биз бир киловатт саат электр энергиясын орто эсеп менен 87-89 тыйындан сатып жатсак, анын 14 тыйынын жоготуп жатабыз. Бул коммерциялык жоготуу, техникалык жоготуу дегендей. Бул маселени да чечишибиз керек.

Министр Артыкбаев жергиликтүү көмүр өнөр-жайын көтөрүү үчүн атайын программа иштелип чыгарын да билдирди. Бирок бул программалардын баары каражат маселесине барып такалат.

Ошентип быйылкы жылдын жылытуучу сезону жеңил болбосун энергетиктер эмитен эле эскерте баштады.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG