Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:01

Өкмөт: салыкты кантип жыйнайбыз?


Кыргызстандын быйылкы бюджет таңсыктыгы 23 миллиард сомду чапчыды. Ага кошумча мурдагы өкмөт 9,5 миллиард сом салыкты күн мурдатан төлөтүп алган.

Бул тууралуу өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев Нарын облусуна болгон иш сапары учурунда билдирген. Ошондой эле ал салык тармагын тартипке келтирип, киреше булагын көбөйтпөсө, мамлекеттин казынасы куру-жалак тургандыгын эскерткен болчу.

Сандары сайраган, бирок “сабаасы” толбогон тармак

Мамлекеттик салык кызматы 2012-жылдын 8 айында мамлекеттик бюджеттин кирешесине болжолдонгон салык чогултуунун мерчемин 101,4 пайызга аткарды. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу салыктардын жана төлөмдөрдүн түшүшү 3145,5 млн. сомго көп деп маалымдалган аталган мекеменин расмий сайтында.

Бирок мурдагы өкмөт “Кумтөр” алтын кен компаниясынан жана башка чет элдик ишканалардан тогуз жарым миллиард сомго чукул салыкты күн мурунтадан төлөтүп алгандыгы тармактагы чыныгы абалды сүрөттөп койду.

Мамлекеттик салык кызматынын жаңы төрагасы Исхак Масалиев азыр мына ошол алдын ала алынган салыктын ордун толуктоо милдети тургандыгын белгиледи:

- Бул жерде мына ошол 9,5 миллиард сом дегени туура эле. Бирок мына ошол сумманын 1 млрд. 400 миллиону май айында ошол кездеги өкмөт башчысы Бабановдун көрсөтмөсү менен “Кумтөр” компаниясынан 3-4 ай эрте салыгын төлөтүп алышкан экен. Анан калган сумма да башка бир чет элдик компаниялар кошумча нарк салыктарын алдын ала төлөшкөн. Бул алдын ала эсепке өтүп кеткендиктен эми ошол киреше булагына болжолдонгон ошол каражатты башка булактардан издеп таап, жабышыбыз керек.

Тартипке келеби?

Бюджеттин кирешесин толтуруудагы негизги көйгөй катары салык төлөөдөн качуу же жарым-жартылай салык жашыруу өнөкөтү мүнөздүү. Мындан улам, миллиондогон сом киреше тапкан ишкерлер андан бир нече эсе төмөн киреше көрсөтүү менен салык төлөгөн учурлар ондоп саналат.

Мындай көрүнүштөр көбүнчө салык тармагынын өкүлдөрү менен келишип алып жасала тургандыгы белгилүү. Мына ошондуктан жаңы өкмөт башчысы салык тармагындагы абалды тартипке келтирип, киреше булактарын көбөйтүүнү Исхак Масалиевге ишенип тапшыргандыгын билдирген болчу:

- Чындыгында каржыга байланышкан абал өлкөдө өтө эле оор. Мына ошондуктан шартыбызга жараша жашап, керек болсо чыгымдарды кыскартууга туура келет. Бюджеттин киреше жагын толуктап, салыкты чогултууну көбөйтүшүбүз зарыл. Бул эми бар салык базасын иретке келтирүү аркылуу жүргүзүлөт. Бирок эми ага кичине убакыт керек. Азырынча мына ушул абалга карата иш тутканыбыз оң.

Алсак, 2012-жылдын 8 айында салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 2 миллион 900 миң сомдон ашуун бекитилген төлөмдөр аныкталып кошумча эсептелген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө караганда бир жарым эсеге көп экендиги расмий сайтка жарыяланган. Бирок талдоочулар салык чогултуунун жалпы жыйынтыгы жана бюджеттин кирешесин пайдалануу маселеси көмүскө бойдон калгандыгын сынга алышууда.

Экономист Улук Кыдырбаев маселе салык чогултууда эмес, аны чыгымдоодо болуп жатканына токтолду:

- Бул бюджеттин акчасы каякка кетип жатканы чоң маселе болуп жатат. Чогултулган салыктар жетпегендей болуп жатат. Бирок бюджет тармагы ушунчалык коррупциялашканын эске алганда чогултулган каражат сарамжал пайдаланылбай, башка бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кирип кетип жатат. Мисалы, 1 миллион сомго курула турган көпүрөнү өкмөт беш миллион деп бюджетке киргизип алышкан. Калган төрт миллион жөн эле бирөөлөрдүн ортосунда бөлүштүрүлүп кетип жатпайбы. Салык чогултканды күчөтөлү дегендин ордуна ошол каражаттын кайда жумшалып жатканын көзөмөлдөш керек.

Мамлекеттик салык кызматы, 2012-жылга 35 миллиарддан ашуун сом салык чогултууну мерчемдеген. Былтыркы салык чогултуунун жалпы көлөмү отуз миллиарддын айланасында болгон.

XS
SM
MD
LG