Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:59

Айдоочулар маселесин митинг менен чечти


Нааразылыкка чыккан айдоочулар. Бишкек, 25-март, 2013.
Нааразылыкка чыккан айдоочулар. Бишкек, 25-март, 2013.

Бир нече күндөн бери митингге чыгып жаткан Ооганстанга жүк ташуучу айдоочулардын маселеси чечилди.

Мындай маалыматты Автоунаа жана суу унаасы агенттигинин жетекчиси Эмил Таштаналиев билдирди. Айдоочулар күздөн бери алардын жүгүн башка тарап тартып алып, жумушсуз калганын айтуу менен өлкө жетекчисине чейин даттанышкан.

Ооганстанга жүк ташыган оор унаалардын 20-30дай айдоочусу бүгүн дагы Бишкектеги бажы терминалынын алдына чогулушту. Алар ушул терминалдан жүк алып, Ооганстанга жеткирип иштеп келишкен.

Алар кеч күздөн бери бул терминалдан жарытылуу жүк алалбай, аны башкалар алып кетип жатканын айтып даттанышты.

- "Манас" транзиттик борборунун фирмалары ушул терминалга жүктөрдү алып келчү. Биз ушул жерден алып кетчү элек. Азыр ошол фирмалар келбей калды. Эми кайда барып, кайсы фирма менен сүйлөшүшүбүздү билбей, митингге чыгып жатабыз. Жүктү бул жерге алып келтирбей эле жолдон алып кеткендер бар.

"Манас" транзиттик борборунун жүгүн ташыган айдоочулар 3 жылдан бери ар бир каттамга 4700 доллардан алышчу. Азыр жүк жеткирүү баасы 3800 долларга түшүп калыптыр. Аны салык төлөбөгөн, транзиттик борбордун фирмалары менен жең ичинен иштешкен унаа айдоочулары арзандатып жатышат дешет нааразылыкка чыккандар.

Нааразылыкка чыккандардын айтымында, 500гө чукул айдоочу жумушсуз калуу коркунучунда. Алардын бири Эмирлан Эрматов бул 500 айдоочудан сырткары өкмөткө тиешелүү каражатты төлөбөгөн, эрежени бузган айдоочулар көп экенин белгиледи. Эмирлан Эрматов экинчи тараптагы айдоочулар ишин телефон чалуу менен бүтүргөн мамлекеттик жетекчилердин унааларын айдагандар экенин кошумчалады:

- Сосновкадагы оор жүк ташуучу унааларды тарткан таразада атайын чек коюлган. Айрым унаа түрлөрү 18 тоннадан, айрымдары 20 тоннадан ашпаш керек. Мисалы, биздики бир аз эле ашып кетсе өткөрбөйт. Ал эми ошол атка минерлердики деп жаткан машиналар 500-1000 сом берсе, "норма" деп жазып туруп өткөрө беришет. Аларга жүк берип жаткан фирмаларга бир унаанын көп жүк алып кеткени пайдалуу. Ошондуктан биз менен иштешпейт. Биздин дагы бир талабыбыз - оор жүктөрдү өткөрбөө. Жолдор баарыбызга керек. Ал айдоочулар 1-2 жылдык кызыкчылыгын ойлошот, биз болсо өмүр бою ошол жолдордон өтөбүз.

Бул маселени Унаа жана коммуникация министрлиги көзөмөлдөйт. Бүгүн жүк ээлери арызданып жаткан айдоочулар менен министрликте жолугушту. Авто жана суу унаасы агенттигинин жетекчиси Эмил Таштаналиев эки тарап менен сүйлөшүп мунасага келгенин билдирди:

- Бардык тарап менен сүйлөштүк. Азыр Ооганстанга бир жолу 3800 доллардан барып келип жатышса, бүгүндөн баштап 4300 доллар деп чечтик. Буга эки тарап тең ыраазы. Кыргызстандын аброю үчүн тынч иштейли деп эки тарап бир пикирге келишти. Нааразы болуп аткан айдоочулар бүгүндөн тарта жүк чыгара башташат.

"Манас" транзиттик борборунун жүгүн тейлеген эки фирма бар. Мындан ары алар да жүк ташыган айдоочуларга 4300 доллардан төлөөгө макул болду. Бирок жогоруда айтылгандай, ортодон чыгып арзан баага, нормадан көп жүк алып кетүүгө макул болгон айдоочулар менен эми кандай мамиле кылышаары белгисиз. Фирмалар айдоочулар менен кандай негизде иштешкени тууралуу комментарий берүүдөн баш тартышты.

Кыргызстан Ооганстанга транзиттик жүк өткөргөн өлкөлөрдүн бири. Негизги жүк "Манас" аба майданындагы Транзиттик борбор аркылуу келет. Ал эми унаа жол менен Ооганстанга жүк ташыган айдоочулар көбүнесе курулуш материалдарын, чарба каражаттарын алып барганын кошумчалашты.
XS
SM
MD
LG