Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

Концепция дагы кагазда калбайбы?


Өлкөнү өнүктүрүүнүн беш жылдык жана 2030-жылга чейинки концепциясы иштелип чыкты.

Экономика министри Темир Сариевдин белгилешинче, экономикадагы өсүш жыл сайын бери дегенде 7% түзүп, ал эми инфляция 10% жетпеши керек. Өкмөттүн бул программасы чын эле ишке ашабы же кезектеги кагаз жүзүндөгү декларациялар катарын толуктайбы?

“Арай көз чарай" талкуусуна Экономика министрлигинин Макроэкономикалык саясат башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев, Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков катышты.

“Азаттык”: Концепция жакында өкмөттө талкууланып, коомчулукка да тартууланат экен. Буга чейин 20 жылда мындай программа даярдалган эмес деп айтып жатасыздар. Концепциянын эмне өзгөчөлүгү, артыкчылыгы бар? Өлкөдө кандай өзгөрүүлөр болот деп жатасыздар?

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Насирдин Шамшиев: Буга чейин деле программалар иштелип чыккан, биринчи жолу иштелип чыкты дегенибиз туура эмес болот. Ал эми бул программанын жаңылыгы, өзгөчөлүгү - биринчиден, беш жылдык болуп атат.

Экинчиден, “Туруктуу өнүгүү” концепциясы ишке ашып жатат. Анда үч элемент бар: экономика, социалдык жана экологиялык маселелер. Негизинен мурдагы программалардан айырмачылыгы – ар адамдын төрөлүп, карыганга чейинки индикатору эске алынган. Мисалы, ымыркайдын жана эненин өлүмүн кыскартуу, 1 жаштан 7 жашка чейинки балдардын балдар бакчасына, анан мектепке баруусун камсыз кылуу, мамлекеттик же муниципалдык мекемелердеги бир балага каржылоо өңдүү индикаторлор камтылган. Бул программада энергетикага биринчи кезекте артыкчылык берилет, андан кийин айыл чарба жана жаратылышты рационалдуу пайдалануу.

Равшан Жээнбеков: Эгерде тарыхыбызды карай турган болсок, мурдагы президент Акаевдин убагында өнүгүүнүн комплекстүү негиздери иштелип чыккан. Ушул сыяктуу эле программа Бакиев учурунда жарыяланган. Аны ишке ашыруу үчүн өкмөт да өз программаларын иштеп чыккан.

Бүгүнкү өкмөттүн концепциясы деле ошолордун бири. Ал ишке ашабы, жокпу – бул чоң суроо. Мурда Акаев учурунда аралашып көрүп калгам. Программаны ишке ашырыш үчүн көптөгөн эл аралык уюмдар, мамлекеттер донор катары жардам берип, колдоо тапкан. Бирок тилекке каршы, ал программа ишке ашкан жок. Бакиевде да ошондой болду.

Азыр президент Алмазбек Атамбаевдин, өкмөттүн азыркы стратегиялык программасы мага Советтер союзу маалындагы “биз буга жетебиз” дегендей элес калтырат. Кантип жетебиз? Механизмдери жок.

Жалпысынан айтканда бул кооз сөздөр. Эч кандай жыйынтыгы чыкпайт. Жыйынтык болуш үчүн үч жагдайды белгилеп кетейин. Алар: биз кайсы тарапка барабыз, кандай экономика, мамлекет курабыз, ал үчүн кимдер жардам берет, так көз караш болуш керек.

Экинчиден, күчтүү команда болуш керек. Азыр ал программаны аткара турган командасы жок. Үчүнчүдөн, келе турган каражаттардын булагы да жок. Бул жылы стратегияны ишке ашырыш үчүн быйылкы жылы бюджеттен акча каралган эмес. Донорлор да, эл аралык уюмдар да жардам беребиз деп азырынча айта элек.

XS
SM
MD
LG