Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

Түбү көрүнбөгөн "сол" чөнтөк


Кыргыз өкмөтү мамлекеттик сатып алууларды электрондук түрдө жүргүзүүнү сунуштоодо.

"Арай көз чарай" талкуусуна каржы министри Акылбек Жапаров менен Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Туратбек Мадылбеков катышты.

“Азаттык”: Туратбек мырза, өкмөттүн бул кадамы мамлекеттик сатып алуулар кызматындагы коррупцияны жойо алат деп ишенесизби?

Мадылбеков: Азыр Кыргызстанда коррупцияны таптакыр жоюп салабыз дегенден алысмын, бирок кандайдыр бир деңгээлде аны азайтуунун жолдорун иштеп чыгышыбыз керек. Бүгүнкү күнү ар бир мекемелерде коррупциялык ыкмалар иштеп жатат, ошонун баарына колдон келишинче бөгөт коюу керек.

Эми өкмөт сунуштап жаткан мамлекеттик сатып алууларды электрондук түрдө жүргүзүү ыкмасы деле канчалык деңгээлде коррупцияны азайта алаарын айтуу кыйын. Анткени тендер ойнотууда ири акча жатат, ошондуктан ар кандай жолдор менен мамлекеттин, элдин акчасын уурдоо аракеттери баары бир жасалышы мүмкүн.

“Азаттык”: “Ата Мекен” партиясы оппозицияда жүргөн учурда мамлекеттик сатып алуулар таза, акыйкат жүргүзүлбөйт, элдин акчасы кимдир бирөөлөрдүн “сол” чөнтөгүнө кетип жатат деп сындап келгенсиздер. Өкмөт мамлекеттик сатып алууларды электрондук түргө өткөргөндөн кийин деле сиздер тараптан көзөмөл болот да.

Мадылбеков: Коррупция менен күрөштү жарандык коом, ар бир адам баласы чогуу жүргүзбөсө, аны жалгыз “Ата Мекен” партиясы жеңе албайт. Ошондуктан ар бир тармакта, коррупцияга каршы ар бир адамдын кызыкчылыгы болушу зарыл.

Жапаров: Адамзат 21 кылымдан бери элдин, бюджеттин акчасын өзүнүн пайдасына жумшоонун ар кандай жолдорун ойлоп тапкан. Бирок 21-кылымда биз сунуштап жаткан электрондук сатып алуулар аракети – жалпы кыргыз коомчулугу муну көзөмөлгө алышы керек.

Өзүңүздөр билесиздер, быйыл биз “бардыгы баарын билет” деген принципти киргиздик, ошондуктан электрондук сатып алуулар болгондо жалпы кыргыз эли интернет аркылуу “ким, кимден, эмнени, кайсы суммага сатып алып жатат?” деген суроого жооп ала алат, көзөмөл кыла алат.

Былтыр бюджет аркылуу жана бюджетке тийиштүү мекемелер аркылуу 15 млрд. сомду сатып алууларга сарптаган. Мен Жогорку Кеңеште бюджет жана каржы комитетин жетектеп жүргөндө эсептеп чыккам, 10-30% чейинки акча дарегине жетпей, чиновниктердин чөнтөгүнө кетип аткан. Биз мына ушунун баарына бөгөт коюп жатабыз.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Акылбек мырза, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү учурунда коррупцияга ким аралашат?

Жапаров: Түздөн-түз сатып алып жаткан мекеме аралашат. Биз мындан ары каржы министри катары бюджетте аны сатып алууга акча барбы, муну көзөмөлдөйбүз, мындан тышкары жарандардын даттанууларын да текшеребиз.

Таза иштебеген мекемелерди “кара тизмеге” киргизебиз. Анткени бүгүнкү күнү бир эле мисал, мектептеги башталгыч класстардын балдарына ысык тамак берүүдө да коррупция болуп атат. Ошону жойо алсак, балдарыбызга толук кандуу 10 сомдук тамак бере алабыз. Азыр болсо тендер өткөргөндөр 1-2 сом, мектептердин директорлору 1 сом, ишкерлер 1-2 сомго илешип отуруп, балдар 4-5 сомдук тамак жеп калып атышат. Ошондуктан биз бүт коомчулукту жапа тырмак коррупцияга каршы күрөшкө чакырып атабыз.

Каржы министрлиги http://zakupki.okmot.kg. вебпорталын ишке киргизди, мындан ары бардык каалоочулар бул сайтка кирип, мамлекеттик сатып алуулар тууралуу толук маалымат алса болот. Ошондой эле биз электрондук экономикалык карта түздүк, андан дагы ар бир каалоочу бүгүнкү күндөрү ар бир айыл өкмөткө канча акча бөлүнүп, ал акчанын канчасын айыл өкмөттөр алып жатканынан кабардар боло алышат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG