Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Экономикада жылыш аз


Кумтөрдү кошпогондо ИДП 4% өсүш берген
Кумтөрдү кошпогондо ИДП 4% өсүш берген

Улуттук статистикалык комитет өлкө экономикасынын 11 ай ичиндеги жыйынтыгын жарыялады. Ал маалыматка караганда азырынча төмөндөө тенденциясы токтой элек. Өкмөт 12 айдын жыйынтыгы менен төмөндөөнү токтотуп, келерки жылы 7% чейин өсүштү убада кылып жатат.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстандын ички дүң продукциясы 11 айдын ичинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу
2.4% төмөндөгөн. Кумтөрдү кошпогондо ИДП 4% өсүш берген. Кумтөрдү кошпогондогу өсүш тоо кен, тигүү жана энергетика тармактарындагы өсүштөр менен камсыз болгон.

Бирок жалпысынан өнөр жайы 25% төмөндөп кеткен. Бул тармактын төмөндөөсүнө Кумтөрдүн начар көрсөткүчү менен кошо машина, жабдуу, пластмасса, резина чыгаруу жана мунай кайра иштетүү тармактарында өсүштүн төмөндөөсү себеп болгон. Айыл чарбасы да минуста баратат.

Өкмөт быйылкы жылды төмөндөө эмес, аз болсо да жогорулоо менен аяктоо максатын койгон. Бирок ал аткарылбай калышы мүмкүн дейт Экономика жана антимонополдук саясат министрлигинин макроэкономика боюнча башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев:

- Биз минуска кетип калышыбыз да мүмкүн. Эки вариантыбыз бар. Эгер Кумтөр дагы эле төмөн түшсө, айыл чарбасы 100% чыга албаса, анда плюска чыга албай калабыз. - 1.5% дегенде төмөн болуп калабыз.

Кыргызстандын тышкы соодасында да тескери сальдо кыскарбай келатат. Он айдын жыйынтыгы боюнча экспорт 1 млрд. 258 млн. доллар, импорт 4 млрд. 309 млн. доллар болуп, тескери сальдо 3 млрд. доллардан ашып кеткен. Өткөн жылга салыштырмалуу экспорт 22% кыскарып, импорт 30% өсүп кеткен.

Мына ушундай шартта да улуттук валюта сомдун курсунун кармалып турушун экономисттер эмгек мигранттарынын акча которуулары менен байланыштырып келатат. Каржы министри Ольга Лаврованын маалыматы боюнча эмгек жыл сайын мигранттары 2 млрд. доллар которушат. Бул ИДПнын 30%на тең келет.

Кыргызстан экономикасындагы депрессиялык көрүнүштү токтотуу үчүн өкмөт өнүктүрүүгө көбүрөөк каражат бөлүнүш керек деп жатат. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев:

- Капиталдык салымдарды көбөйтөлү. Чыгымдарды азайталы. 40% болсо да жумуш орундарын түзүүгө жумшайлы.

Көз карандысыз экономист Эркин Сакиев Кыргызстандын экономикасын өстүрүү үчүн акча-насыя саясатын кайра карап чыгууну, мамлекеттик стратегиялык пландаштырууну жолго салууну сунуштайт. Мамлекеттин акча-насыя саясаты инфляцияны көзөмөлдөө эмес, экономикалык өсүштү камсыздоого багытталыш керек деп эсептейт Эркин Сакиев.

"Бул үчүн Улуттук банк айыл чарбасы, жеңил өнөр жай, туризм жана улуттук долбоорлорду кеңири насыялоого барыш керек. Ошол эле учурда инфляцияны ооздуктоо үчүн улуттук валютага суроо-талапты көбөйтүүнү, маселен масштабдуу иппотека ишке киргизүү керек" деп сунуштайт Сакиев.

Өкмөт азыркы мезгилде келерки жылдын бюджетин парламентте бекитип алууга аракет жасап жатат. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин шейшемби күндөгү парламенттеги сөзүнө караганда, өкмөт ушул жумада келерки жылдын бюджетин экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алып берүүнү өтүнүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG