Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Үч айдын жыйынтыгына алгачкы сереп


Улуттук статистикалык комитет өлкө экономикасынын быйылкы жылдын үч айындагы көрсөткүчтөрүн жарыялады. Өкмөт да 100 күндүк программасынын аткарылышы боюнча парламентке отчет берүүнүн алдында турат.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов 26-апрелде парламентте 100 күндүк программасынын аткарылышы боюнча отчет берерин Жогорку Кеңештин төрагасы Асилбек Жээнбеков бейшемби күнү билдирди.

Оппозиция өкмөттүн 100 күндүк программасы популисттик пиар-кампания болуп калды деп сынга алууда. Өз кезегинде өкмөт жүз күндүн ичинде эч кайсы өкмөт өлкөнү кризистен алып чыга албайт деп жооп берүүдө.

100 күндүк программанын алкагында өкмөт мамлекеттик кызматкерлерди 20% кыскартуу, Финансы полициясын кайра түзүү, административдик-аймактык реформанын концепциясын иштеп чыгуу, мамлекеттик ипотекалык компания түзүү, ГЭСтерди курулушун баштоо боюнча келишимге жетишүү, жазгы талаа жумуштарын үзгүлтүксүз өткөрүү, облустарда үрөн чарбаларын түптөө сыяктуу иш-чараларды белгилеген. Алардын ичинен бир катарын аткаруу боюнча аракеттер жүрүп жатканы менен, айрымдары татаал тоскоолдуктарга туш болууда.

Ал эми реалдуу экономикада көрсөткүчтөр анча дурус эмес. Маселен, быйылкы жылдын үч айында ички дүң продуктынын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 7 пайызга төмөндөгөн. Төмөндөөгө өзгөчө Кумтөр кениндеги кыскаруулар таасир эткен.

Улуттук статистикалык комитет Кумтөрсүз ички дүң продукты 4.5% өскөнүн, өсүштүн негизин энергетика тармагы камсыздаганын белгилейт. Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын үч айында энергетика тармагы 24% өсүштү камсыздаган. Бирок кайра иштетүү тармагы жыл башынан бери аксап келатат. Үч айдын жыйынтыгы боюнча бул тармак дээрлик 43 пайызга, тоо-кен тармагы 3.7 пайызга кыскарган.

Кумтөрдүн начар иштеши өлкөнүн тышкы соодасында тескери сальдонун кескин өсүүсүнө алып келген. Маселен, үч айда экспорт 233 млн. долларды түзүп, 36.7 пайызга кыскарган. Ал эми импорт 706 млн. долларды түзүп, бир жарым эсе өскөн. Тескери сальдо 482 млн. долларды түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине карай төрт эсеге көптүк кылат.

"Жөжөлөрдү күзүндө санайбыз"

Өкмөт жыл сайын, анын ичинде быйыл 7-8% өсүштү камсыздоону пландаган. Бирок анын аткарылышы күмөндүү экенин экономисттер белгилеп жатышат. Анын үстүнө Орусия менен аткара турган ири энергетикалык долбоорлордун тагдыры өтө татаалдашып калды.

Бишкек ишкерлер уюмунун аткаруучу жетекчиси Улук Кыдырбаев туристтик сезондун башталышы менен өсүш жанданышы мүмкүндүгүн белгилеп, бирок өкмөттүн 100 күндүк программасы ишкерлер менен кеңешилбей түзүлгөн деп сынга алды:

- Бааны бергенде эң жогору баам эки. Көп максаттар коюлган. Бирок коюлган максаттарга жетишкен жок. Түшүнөбүз, аябай оор шарттарда иштеп жатышат. Биринчиден, булар ишкер чөйрө менен кеңешпей чыгарылган программа болгон. Өздөрү эле жазып коюшкан. Соңунда көп коюлган пландарды ишке ашыра албай калышты.

Кыдырбаевдин айтымында, өкмөт менен парламенттин ортосунда да карама-каршылык да реформалардын жүрүшүнө терс таасирин тийгизип жатат.

Экономист-эксперт Мейманбек Абдылдаев өкмөттүн аракетин алгылыктуу деп атап, анын натыйжасы сөзсүз болот дейт:

- Сөзсүз натыйжасын берет. Жыл соңунда көрөбүз. Азыр эле берип жатат. Мен экономист катары айтам - бизде чоң секирик болбойт. Аны биз жасай албайбыз. Бизге инвестиция келбей жатат. Орусия менен кандай соодалашуу болуп жатканы өзүңүзгө белгилүү. Ошон үчүн башка жактардан, Катар, Түркия, Кытайдан инвесторлор издеп жатышат. Өкмөттүн стратегиялык максаттары туура, саясаты колдоого татыктуу.

"Экономикалык өсүштүн болушуна коомдо туруктуулуктун болушу да өтө маанилүү" деп кошумчалады Мейманбек Абдылдаев.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG