Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:29

Муратбеков: Насыя берүүдө тааныш-билиштик жок


Нарындын бир айылынан.
Нарындын бир айылынан.

Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбеков дыйкан, малчыларга берилген жеңилдетилген насыя тууралуу маек курду.

“Азаттык”: Оболу учкай маалымат берип өтөсүзбү, Нарында жеңилдетилген насыяларды берүү кандай жүрүп жатат? Мурдагы жылы дыйкандарга эле берилсе, быйыл 7 пайыздык насыяны малчылар да алышмак эле.

Канатбек Муратбеков: Былтыр өкмөт бизге насыя үчүн 80 миллион сом берген. Аны жер иштеткендер алган. Биз анын 56 миллионун дыйкандарга таратып бердик. Быйыл аны кайра кайтарып берүү жүз пайызга аткарылды.

Быйыл бизге 110 миллион берилип жатат. Анын 85 миллиону таркатылып берилип жатат. Бүгүнкү күндө 207 миллион сомго арыз келип түшкөн.

Чынын айтканда насыя жетишсиз болуп жатат. Мисалы бир районго миллион сом келсе, аны үч эле киши 300 миң сомдон бөлүп алып жатышат. Биз азыр банктар менен сүйлөшүп, жок дегенде ар бир айылдан экиден-үчтөн дыйкан, малчыларыбыз алып калсын деп график түзүп, өзүбүз да кийлигишип, жер-жерлерге колубуздан келишинче көбүрөөк жеткиргенге аракет кылып жатабыз. Себеби биз жакында өкмөттө болдук. Өкмөт башчыбыз дагы каражаттар каралып жатканын айтты. Кудай буюрса каражат табылып калса менимче, арыз бергендердин баарына эле берилет го.

Биз мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенебиз да. Азыр мал чарбачылыгына көбүрөөк көңүл бурулуп, насыялардын көпчүлүк бөлүгү ошол жакка кетип жатат. Насыялардын 80 пайызы мал чарбачылыгына алынды.

“Азаттык”: Малчыларга насыя бергенде аларды кандай шарттар менен тандап атасыздар? Анткени арыз көп, баарына жетпейт деп айттыңыз.

Канатбек Муратбеков: Мисалы былтыр алгандарды, колунда барларды четтетип жатабыз. Аларга кичине чыдап тургула деп айттык. Колунда жок, аябай муктаждарга бергенге аракет кылып жатабыз.

Бул жерде документ топтоо боюнча иштер аябай эле кыскартылды. Эрежелер боюнча, кээ бирлер күрөөгө үйлөрүн, кээ бирлери сарайын коюп жатат. Бул эми насыя болуп жаткандан кийин, мындай эрежени баары түшүнүп, үйрөнүп калышты.

Бул негизи эң жакшы жөрөлгө болуп жатат. Насыяны алып атканда кайра кайтарып берерин туура түшүнүп кабыл алып жатышат.

Төрт шарт менен берилип жатат, бирок быйыл берүү эрежелери абдан эле жеңилдетилди. Быйыл башталышы жакшы эле болуп калат. Өкмөт башчы менен ар бир айылга 1,5 миллион сомдон чакан насыя да берсекпи деп сүйлөшүп жатабыз. Эми муну убакыт көрсөтөт. Бирок өкмөттүн аракети жакшы болуп жатат, биз да колдоп жатабыз.

“Азаттык”: Азыр “насыялар тааныш-билиштерге берилип жатат. Ошондой эле 15-20, алтүгүл 30 пайыз “шапкасын” сурап атышат”, деген дооматтар айтылууда. Мындай сөздөргө негиз барбы?

Канатбек Муратбеков: Буга эч негиз жок. Эми андай сөздөр чыгышы мүмкүн, анткени насыя баарына жетпейт. Мына 207 миллион сомго арыз келген, анын биз 80 миллионун эле берип жатабыз. Болгон каражатыбыз ошол болуп жатат. Дагы 25 миллион сом жакын арада келиши керек.

Тааныш-билиштерге берилип жатат деген дооматтар жүйөөсүз. Анткени азыр бардык жактан көзөмөл жүрүп жатат. Анын ичинде коррупцияга каршы кызмат, күч органдары да карап жатат. Эгер ошондой учурлар боло турган болсо сөзсүз түрдө жоопко тартабыз. Ким аркылуу кандай болуп кетип жатат, деп катуу көзөмөлгө алып жатабыз. Себеби дегенде сиз айткандай, доомат кылгандар абдан көп.

XS
SM
MD
LG