Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

Өкмөт улутташтырууну жыйынтыктайт


Ысык-Көлдөгү жана Жалал-Абаддагы эс алуу жайларынын имараттары сатыкка коюлат.
Ысык-Көлдөгү жана Жалал-Абаддагы эс алуу жайларынын имараттары сатыкка коюлат.

Өткөн жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен улутташтырылган 47 объектинин отузу сатууга коюлат.

Өз учурунда мурдагы бийлик режимдеринин тушунда мыйзамсыз менчиктештирилген деп эсептелген калган он жети мүлк мамлекеттин менчигинде калат.

Сатыкка койуунун сарсанаасы

Өкмөттүн улутташтырылган объектилер боюнча токтомуна ылайык, “Пирамида”, “Жыйырма бешинчи кадр” телекомпаниялары,” “Чакан ГЭС” ишканасы, Ысык-Көлдөгү жана Жалал-Абаддагы эс алуу жайларынын имараттары, жер тилкелери, беш унаа, бир яхта жана бир Як-40 үлгүсүндөгү учак толугу менен сатыкка коюлат.

Мындан сырткары “Альфа телеком” жана “Канттагы цемент заводу” сыяктуу ишканалардын акцияларынын айрым бир үлүштөрү сатылмакчы.

Мамлекеттик мүлк министринин орун басары Даир Кенекеев аукцион ачык айкын шартта өткөрүлө тургандыгына токтолду:

- Сатыла турган мүлктөрдүн баасын көз каранды эмес уюмдар аныктап беришет. Андан кийин атайын комиссия түзүлүп, ачык аукцион уюштурулат. Ал жакка жеке жана юридикалык тараптар келишип, маалымат каражаттарынын жана байкоочулардын катышуусунда ким көп каражат сунуштай алган болсо лот мына ошолорго берилет.

Акаев убагынан бери элде "бул мүлк кимдин менчигине кетти" деген суроолор көп болбоду беле. Биз ошонун баарын элге көрсөтүп, элден тартылып алынган мүлктөр кайрадан бюджет аркылуу кайтарылгандыгын далилдеп, аукциондон түшкөн каражатты мамлекеттик казынага которуп беребиз.


Мамлекет кайтарып алган мүлктөр

Мындан сырткары мамлекет улутташтырылган объектилердин он жетисин өзүнүн карамагына алып калды. Буга негизинен мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен өзгөчө маанидеги мамлекеттик объектилер кирет.

“Дастан” ишканасынын элүү пайыз үлүшү, Бишкек ликер-арак заводунун жетимиш пайыз акциясы, "Азия универсал банкы" жана “Ташкөмүр” ишканасы боюнча чечим чыкканга чейин аталган мүлктөр мамлекеттин карамагында турмакчы.

Мамлекет ошондой эле “Чатыр-Көл” кинотеатры жана “Манас” авиа май куйуучу комплекси сыяктуу мекеме-ишканаларды өзүнүн карамагына калтырды.

Даир Кенекеев мамлекеттин колунда кала турган объектилердин өзгөчөлүгүн белгиледи:

- ГЭСтерди кура турган “Нарын гидроэнергокурулуш” жана “Нарынспецгидроэнергомонтаж” сыяктуу уникалдуу ишканаларды кайрадан мамлекетке кайтарып жатабыз. Буга окшогон ишканалар мамлекетте болуш керек экендигине карабастан учурунда мыйзамсыз жолдор менен менчиктештирип жиберишкен.

Ошондой эле Ысык-Көлдөгү “Солнышко” жана “Витязь” пансионаттары да мамлекетке кайтарылып, тиешелүү мамлекеттик органдардын балансына өткөрүлүп берилмекчи. Ошондой эле “Манас” аба майданындагы кичи терминал калып жатат. Мына ушуга окшогон мамлекеттин казынасына киреше алып келе турган объектилерди өкмөттүн башкаруусунда алып калып жатабыз.


"Менчик укугун сот гана аныкташ керек"

Улутташтырылган мүлктүн көпчүлүгү мурдагы бийликке жакын адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген же болбосо мурдагы эки президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык болгон. Ушул учурга чейин улутташтырылган мүлктөр боюнча кайсы бир тараптардан арыз-даттануулар түшкөн эмес.

Көз каранды эмес экономист Эсенгул Өмүралиев менчикти ажыратуу сот аркылуу ишке ашырылыш керек деп эсептейт:

Эсенгул Өмүралиев
- Дүйнөлүк практикада улутташтыруу деген маселеге абдан тыккан жана кылдат мамиле кылышат. Анткени бул жагдай өкөдөгү инвестициялык климатка абдан таасирин тийгизиши мүмкүн. Бизде эми жанагы объектилерди улутташтыруу учурунда алардын түпкүлүгүнө терең изилдөө кылышкан жок.

Мында жөн эле ушул мүлктөр мурдагы бийликтин жакындарына караштуу болгон деген жүйө менен эле күчкө салып улутташтырышса менчиктин чыныгы ээлери сотко бериши күтүлөт. Анда мына ушуга окшогон маселелердин баарын сот аркылуу чечиш керек болот. Негизи эле менчик укугун аныктоо сот аркылуу жүрүшү керек болчу.


Улутташтырылган объектилер боюнча өкмөттүн токтому Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү. Парламент аны жакында карап, түзүлгөн тизмени толук беките турган болсо, аталган мүлктөрдү мамлекеттин карамагына алуу жана ачык аукциондо сатуу иштери жүргүзүлө баштамакчы.

XS
SM
MD
LG