Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

Атамбаев: Иштамбердиге тиешем жок


Иштамберди кени
Иштамберди кени

Президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратуранын суроолоруна жооп берди. Атамбаев "Кумтөрдүн 30 млн. сомун алган, өкмөт башчы мезгилинде Иштамберди алтын кенин арзан сатып жиберген" деген айыптоолор гезиттерге жарыяланган. Суроолор ошол айыптоолорго байланыштуу болгон.

Депутат Садыр Жапаров "президент Алмазбек Атамбаев Кумтөр алтын кенинен 30 млн. сом алган жана Иштамберди алтын кенин кытайларга сатып жиберген" деп айыптаган.

Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосуновдун билдирүүсүнө караганда, Башкы прокуратура бул маалымат боюнча кылмыш ишин козгоп, аны суракка чакырды. "Жапаровдун өзү менен бул маселе боюнча сүйлөшө элекмин", - дейт Токтосунов.

Президенттин сөзү боюнча, 30 млн. сом “Центерра голд инк” тарабынан дивиденд катары 2011-жылы Кыргызстанга берилген 1 млрд. 500 млн. сомдун бөлүгү. 30 млн. сом “Кыргызалтынга” өндүрүштү өнүктүрүү үчүн берилген жана азыркы мезгилде да ишкананын эсебинде турат.

Ал эми Иштамберди кени боюнча берилген жооптордо Алмазбек Атамбаев 2007-жылы ал өкмөт башчы болуп турган мезгилде Иштамберди кенин инвесторго берүү каралбаганын билдирген. Бирок президенттин жоопторуна караганда, 2007-жылы август айында Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин лицензия боюнча комиссиясы кытайлык “Фулл голд майнинг” компаниясына Иштамберди алтын кенин берген. Атамбаев ал комиссиянын курамына кирбегенин, тапшырмаларды да бербегенин билдирген.

2007-жылы 8-ноябрда Алмазбек Атамбаев Иштамберди кенин иштетүү жана Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолун куруу боюнча эксперттик топ түзүү чечимин кабыл алган. Эксперттик топтун ишин Атамбаевден кийин өкмөт башына келген Игорь Чудиновдун өкмөтү жактырган.

Азыркы мезгилде Иштамберди алтын кени кытайлыктарга текейден арзан берилгенин адистер белгилеп келатышат. Маселен, кытайлар Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолун куруу үчүн 25-30 млн. доллардын тегерегинде каражат жумшаган. Ал эми жолду куруп, акысына алган кени бери дегенде 1.5 млрд. долларга бааланат.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеев Иштамберди кенин берүүдө кемчиликтер кеткенин белгилейт.

Ал эми Жалал-Абад облусунун мурунку губернатору Бектур Асанов бул жерде Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталбай калган дейт:

- Туура эмес болгон. Жалпы жолдун курулушу 45 млн. доллар деп жатат. Ошол 45 млн. долларга менчик кылып алышты. Ал жерде 29 тонна, иш жүзүндө 50 тоннага чейин алтын бар деп болжолдонгон. 2 млрд. долларлык долбоор.

Асановдун айтымында, Иштамбердиге ага жакын турган бир-эки участокту кошуп эсептегенде алтындын кору 100 тоннага чейин жакындап барат.

Азыркы мезгилде “Фулл голд майнинг” компаниясы иштебей турат. Анткени уу сактагычтарды курууда кемчиликтерге жол бергенин Экология жана техникалык инспекция боюнча мамлекеттик инспекция аныктап, аны четтетүүгө үч ай мөөнөт берген.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Ишембай Чунуев мына ошол себептен Иштамберди иштебей турат дейт:

- Азыр иштей элек. Булардын лицензиясы үч айга токтотулган. Уу калдыктарын сактоо жайында маселе чыккан. Жакында бизге кат келди, анда "эми эле кар ээрип, ишти жаңыдан баштап жатабыз. Ошондуктан кемчиликтердин баарын жоюп бүтө элекпиз" деп, майга чейин узартууну сурашкан.

Чунуевдин айтымында, кытайлык “Фулл голд майнинг” компаниясы кенди 2007-жылы алып, 100 млн. доллардын тегерегинде инвестиция салган.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG