Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:56

Оторбаев: Элге таяк көтөрүп барбайбыз


Кыргызстандагы инвестициялык жагдай тууралуу “Азаттыктын” бир катар суроолоруна биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев жооп берди.

"Азаттык": Жакында Түркияга барып келдиңиз, 106 миллион доллар жардам боюнча макулдашылып атат деген маалымат тарады эле. Бул эмне долбоор? Кайда, кайсы максатка жумшалат?

Жоомарт Оторбаев: Президентибиз Түркияга барганда кредит же грант түрүндө деп жардам сураган болчу. Түрк өкмөтү кыска мөөнөттө каражат бөлүү чечимин чыгарды.

25-майда Түркиянын вице-премьер-министри Али Бабажан менен сүйлөшүп келдим. Биз багыттарыбызды айттык, алар макул болушту. Биз каражаттын көпчүлүгүн инфраструктурага жумшайбыз дедик. Ирригация каналдарын ишке ашырсак канча жумушчу орундарды түзүп, ички миграциянын азайышына шарт түзөбүз.

Экинчиси, социалдык тармак: мектептер менен ооруканалар. Азыр өлкө боюнча жыйырма чакты мектеп эң начар абалда турат. Кээ бир балдар палаткада окуп атышат. Жыйырма-отуз мектеп, эки-үч оорукана курулат.

Үчүнчүсү – жолдор. Бишкекте 23 чакырым жолду оңдошубуз керек жана ар бир райондо автогрейдер иштеш керек деп чечтик. 106 миллион боюнча мына ушундай долбоор бердик, түрктөр принцибинде макул болду. Жакын аралыкта өз комментарийибизди киргизип, эки-үч апта ичинде премьер-министр Түркияга баратат, ошого кол коюуга даярдап атабыз.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:



"Азаттык": Макулдашуу кол коюлгандан кийин реалдуу канча мезгилде долбоор ишке кирет?

Оторбаев: Биз алардан батыраак жасап бергиле деп аябай сурандык. Алардын регламенти боюнча чечимди өкмөт чыгарат, батыраак болот, бизде болсо Жогорку Кеңеш ратификациялашы керек болот. Ошон үчүн канчалык тез келиши биздин ички процедураларыбыздан көз каранды.

"Азаттык": Дегеле инвестициянын абалы кантип атат? Буга чейин өзүңүз билесиз, саясий кырдаал туруктуу эмес, ошон үчүн инвесторлор келбей атат деген сөздөр айтылчу. Азыр тынчып калган учур, оппозиция деле ар кандай митингдерди токтоттук деп билдирүү жасагандай болду эле.

Оторбаев: Инвестиция эки багытка бөлүнөт. Азия Өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк өңдүү өнөктөштөрдөн алып, бюджет аркылуу түрдүү долбоорлорго жумшап жүрөбүз. Экинчиси – жеке менчик инвестициялар. Ишканалар, ишкерлер бизге келип же жеке каражаттары менен иштеп атышат.

Инфраструктурага жеке ишкерлер каражаттарын жумшашпайт. Анткени андан киреше жок. Ошондуктан бул мамлекеттин милдети: жолдорду, электр инфраструктураларын, көпүрөлөрдү, ирригация каналдарын, таза сууларды жөнгө салышыбыз керек. Анан бизге менчик инвестициялар келиши керек. Алар албетте бизде жакшы мыйзамдар, саясий стабилдүүлүк болсо, коррупция болбосо, инфраструктурага мүмкүнчүлүк болсо келе алышат. Ошон үчүн ушул факторлордун бардыгын жакшылап жасашыбыз керек.

"Азаттык": Азыр эми кандай, келчүдөйбү?

Оторбаев: Азыр караштырып атышат. Кыргызстанда бир ыңкылап же төңкөрүш сыяктуу жаңылык чыкпаса, бул өзүнчө эле жаңылык сыяктуу болуп калды. Азыр андай жаңылык чыкпай турганы – жакшы. Антикоррупциялык программанын ишке ашып жаткандыгы дагы бир жакшы көрүнүш.

Үчүнчүдөн, дүйнөлүк деңгээлдеги мыйзамдар ишке ашып атат. Төртүнчүсү, инфраструктура зарыл, мисалы, Бишкекте бир ишкана курса электр жетпесе же кен иштетели десе жол жок. Ошондуктан биз Өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк өңдүүлөрдүн берген каражатын инфраструктурага жумшап атабыз.

Эски практика токтойбу?

"Азаттык": Бүгүн эми Кыргызстан аракет кылып атат, каражатыбызды ушул жакка буралы деген инвесторлор барбы?

Оторбаев: Болуп атат. Биринчи орунда тоо-кен сектору. Азыр алтындын, көмүрдүн дүйнөлүк баалары аябай жогору. Ошондуктан келип атышат. Билесиңер, март айында тоо-кен иштери боюнча жаңы мыйзам киргизгенбиз. Июнда бизде эч кандай коррупциялык аракеттерсиз эле лицензия сатып алууга болорун далилдеп бере турган көрсөтмөлүү тендер өткөрөбүз. Бүгүн эле мен "Голд Филдс" (Gold Fields) деген чоң компаниянын өкүлү менен жолуктум. Биз менен иштейбиз деп келди. Ал "Центерра Голддон" он эсе чоң.
Кыргызстанда бир ыңкылап же төңкөрүш сыяктуу жаңылык чыкпаса, бул өзүнчө эле жаңылык сыяктуу болуп калды.

"Азаттык": Эми андай учурлар, Жоомарт мырза, келип, бирок шарттарды жактырбай, анан маданияттуу түрдө чегинип кеткен компаниялар да болгон да. Кыргыз өкмөтү өзүнө ишенип атабы, ошол келген компанияларды өз пайдасына кармап калаарына? Мисалы, "Түркия аба жолдорунун" сунушуна байланышкан коррупциялык маселе деле көптөн кабар берип турат го.

Оторбаев: Ишенимибиз бар. Эки ыңкылаптын эң чоң себеби, биздин элибиз, коомубуз мамлекеттик бийликке ишенбейт. Ошон үчүн биз элге тазалыгыбызды, адистик жөндөмүбүздү көрсөтүшүбүз керек.

"Түркия аба жолдору" аябай эле жарык мисал болуп калды мен үчүн, сиз да аны сезип атасыз. Стамбул-Бишкек-Улан-Батор аба каттамын ачуу боюнча президенттин деңгээлинде чечилгенине карабай, Транспорт жана байланыш министрлиги уруксат бербей кармап турушкан. Муну мен Монголиянын президентинин кеңешчисинен угуп отурам. Бул практиканы токтотуш керек. Мен бул маселени эки күндө чечтим. Бүгүн меморандумга кол коюшту. Бүгүн буйруса 1-июлда бул рейс ачылат. Бирок мамлекеттик кызматкерлер мыйзамсыз чечим кабыл алса, жоопкерчиликке тартыларын билиши керек.

Элдин макулдугу

"Азаттык": Тоо-кендери боюнча айтып калдыңыз. Жакында биздин кабарчыларыбыз Таласка барып, “Андаш” кенине байланышкан жергиликтүү маанайды байкап келишти. Эмне болуп атат ал жерде?

Оторбаев: Элдин макулдугу – биздин башкы артыкчылыгыбыз. Эгер эл макул болбосо биз эч нерсе жасабайбыз. Ошон үчүн инвесторлорго айттык: эгер эл менен макулдашсаңар биз силерге кайра уруксат берип коебуз деп. Элге ишиңерди, пландарыңарды ачык айткыла. Биз элге ит менен да, таяк менен да барбайбыз, минус-плюстарын карап, өзүңөр элден макулдук алышыңар керек дедик.

"Азаттык": Бул өкмөттүн жоопкерчиликтен качуу жолу эмеспи?

Оторбаев: Биздин эң чоң жоопкерчилигибиз – элдин ишеничи. Эл ишенбесе эч нерсе жасай албайбыз. Артыкчылык берер башка эч нерсебиз жок.

"Азаттык": Максатыңыздар жакшы, бирок элде ал кандай аткарылат болду экен деген күдүк ой калууда. Мисалы, бүгүн бюджетте акча жок деген сөз бар.

Оторбаев: Бюджетте акча бар. Мына мугалимдер июнда отпускага чыгышат. Биз үч айдын акчасын толугу менен төлөп беребиз. Догдурлардын эки айлык отпускасын толук төлөп беребиз. Бул биздин жоопкерчилигибизде. "Кумтөрдөн" каражат аз түшсө да биз бюджетти приоритет катары өзгөчө карап жатабыз. Проблема болбойт. Биз чечебиз.


Оторбаев: Элге таяк көтөрүп барбайбыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:05 0:00
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG