Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Өкмөт социалдык чыгымдарды кыскарта албай убара


Cаясатташкан өкмөт социалдык чыгымдарды кыскартууга барышын эл кандай кабылдайт?
Cаясатташкан өкмөт социалдык чыгымдарды кыскартууга барышын эл кандай кабылдайт?

Каржы министрлиги социалдык чыгашаларды кыскартуу маселесин соңку күндөрү тынымсыз козгой баштады.

Опсуз бюджеттик тартыштыктан чыгып жаткан бул маселени чечүүнүн кандай жолдору сунушталууда? Келерки жылы экономикада кандай көрсөткүчтөр күтүлүүдө?


Жабыркаган экономика


Кыргызстан экономикасы инвестициянын аздыгы жана бюджеттин тартыштыгынан жабыркап келатат. Бюджеттин тартыштыгын азайтуу үчүн иштеген пенсионерлердин пенсиясын чектөө, мамлекеттик чыгымдарга мораторий киргизүү сунушталууда. Каржы министри ошондой эле саламаттык сактоо жана билим берүү тармагына өтө көп каражат бөлүнүп, бирок анын натыйжасы байкалбай жатканын тынымсыз белгилеп, аларды кыскартууну караштырууда.

Министр Акылбек Жапаров социалдык чыгымдар опсуз болуп кетти деп эсептейт:

- Социалдык чыгымдарды аябай көтөрүп алган экенбиз, ошонун айынан айлабыз кетти. Айына 7 млрд. сом чогултсак, анын 6.5 млрд. сомун пенсия, жөлөк пул, айлык акыларга жумшап жатабыз.

Өкмөт кирешени көбөйтүү үчүн ашкан кирешеге, ашкере байлыкка салык салууну көздөөдө. Бирок да саясатташкан өкмөттүн социалдык чыгымдарды кыскартууга батынышы күмөндүү. Бул келерки жылдын бюджет долбоорунан көрүнүп турат. Маселен, анын тартыштыгы жылдагыдай эле 20 млрд. сомду чапчып барат.

Буга карабай өкмөт 2013-жылга чоң план коюп, ички дүң продукция 9.8% өсөт, оптимисттик вариант боюнча андан да жакшы көрсөткүчтөр болот деп турат.

Экономика жана антимонополдук саясат министрлигинин макроэкономика боюнча башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев күтүлүп жаткан өсүштүн булактары тууралуу буларды билдирди:

- Быйыл Кумтөр 12 тонна гана алтын берип жатат. Эмдиги жылы 18 тонна берет. Бул 150% өсүштү берет. Эң негизгиси ошонун эсебинен болот. Экинчиден, Иштамберди, Бозымчак, Жамгыр кендери ишке кирсе, өз салымын кошот. Андан сырткары Токмоктогу “Интергласс” ишке кирди. Түштүк цемент заводу дурусураак иштей баштайт.

Шамшиевдин айтымында, Өнүктүрүү банкы ишке кирсе, кээ бир долбоорлор каржылана баштайт. Датка-Кемин электр зымын тартуу башталат.

Өкмөт курулуш тармагы 120%дан ашуун, айыл чарбасы 2-3% тегерегинде өсүш берет деп болжоодо.


Экономика быйыл болбосо эмки жылы өсөбү?


Экономика илимдеринин доктору Аза Мигранян экономиканын өсүшү өлкөдөгү туруктуулук, инвестициялык шартка жараша болот дейт:

- Азырынча республикада жогорку деңгээлде экономикалык өсүш болот дегенге негиздер жок. Эгерде быйылкы жылдагыдай кырдаал сакталып кала турган болсо, анда 9.8% болот деген план негизсиз. Эгерде жыл соңунда инвестиция жараянында жылыштар башталып кетсе, анда өсүштөр болушу күтүлөт. Өткөн жылы да Кумтөргө чоң үмүт артышкан. Бирок эмне болгону азыр баарына белгилүү. Ошондуктан келерки жылы Кумтөр алдыга сүйрөп чыгат деп бир жактуу айтыш кыйын. Анткени Кумтөр менчик ишкана. Ал дүйнөлүк базардагы кырдаалга, технологиялык мүмкүнчүлүгүнө жараша иштейт.

Экономика илимдеринин дагы бир доктору Жумакадыр Акенеев келерки жылкы өсүш көрсөткүчтөрү быйылкы жылкы төмөн көрсөткүчтөрдүн эсебинен болот деген пикирде:

- Эми быйылкы жылга салыштырмалуу 10% өсүш болушу мүмкүн. Себеби быйыл өсүштүн ордуна ылдыйлоо болуп атпайбы. Ошого байланыштуу келерки жылы 10% өсүш мүмкүн. Чындап келгенде 10% эмес, андан да көп өсүш болуш керек. Себеби иштей турган тармактар бизде көп.

Ошентип бир жагынан алганда Датка-Кемин, Кара-Балтада мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулушу сыяктуу долбоорлорду аткаруу башталса жана алтын кендери иштеп кетсе, экономикада жандануу болушу мүмкүн. Бирок өкмөттүн өзүнүн инвестициялык мүмкүнчүлүгү өтө чектелүү бойдон кала берүүдө. Бул бюджеттин 20 млрд. сомдук тартыштыгынан тастыкталып турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG