Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:14

Доллардын арзандашы ишкерге пайда


Кыргыз сому жана доллар
Кыргыз сому жана доллар

Улуттук банк доллар сатып алууну улантууда. Анын маалыматы боюнча, март айында 52 миллион доллар сатылып алынды.

Бирок ошол эле учурда үч айда 5-6 сомго арзандаган АКШ доллары күзгө жуук көтөрүлөт деген божомолдор да жок эмес.

Бишкектеги бейөкмөт уюмдардын биринде иштеген Жибек Алымкулова бир нече жыл мурун банктан насыя алып, үй сатып алган. Ал насыянын үстөгүн төгүү үчүн ай сайын сом менен алган маянасын долларга алмаштырчу:

- Насыя алганыбызга үч жылдын жүзү болду. Мурда доллар менен төлөчүбүз. Азыр конвертация кылгандан бери, сом менен гана төлөп атабыз. Бул биз үчүн ыңгайлуу да, ошол эле учурда утуштуу да болуп жатат. Мисалы, мурда доллардын курсун карап, кымбаттап баратса маанайыбыз чөкчү. Азыр андай түйшүк жок. Менин айлыгым сом менен төлөнөт. Айлыкты аларым менен банкка төгүп, жакшы болду. Экинчиден, мурда доллар менен 820 доллар төлөсөк, азыр сом менен 48 миң сомдун айланасында төгүп атабыз. Эсептеп көрсөм, ортодо 8-9 миң сом айырма бар экен биздин пайдабызга.

Кыргызстанда доллардын арзандоосу февраль айынан тарта башталды. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов АКШ долларынын арзандашын өлкөдө ага болгон керектөөнүн азайганына байланыштырып, мунун бир себеби катары доллар менен берилген насыялардын сомго айландырылышын белгилеген.

"Дордой" базары
"Дордой" базары

Ишкерлик чөйрө доллардын арзандашын Кыргызстандын ЕАЭБга кирүүсү менен байланыштырууда. Буга коңшулаш Казакстан менен Орусиянын доллардан баш тартканы да таасирин тийгизбей койгон жок, дейт ишкер Жылдызбек Базарбаев:

- Долларга суроо-талаптын азаюусунан улам, ал арзандап жатат дегендин бир канча факторлору болушу мүмкүн. Мисалы, Казакстандагы, Орусиядагы өнөктөштөр мурдагыдай доллар менен соода кылбай, рубль менен теңгеге өткөнү да таасир этти. Мындан тышкары, жыл сайын жазында доллар арзандап, күзгө жуук кайра кымбаттайт. Бул дагы себеп болуусу ыктымал. Доллардын көтөрүлүп кетүүсү мамлекет үчүн зыян, анткени тышкы карыз өсөт. Ал эми экспорт үчүн, албетте, жакшы.

Импорт товарга да, долларга да суроо-талап азайды. Эртең экономика көтөрүлүп баштаса, биздин өндүрүш аны кууп жете албайт.
Умбриэль Темиралиев

Улуттук валюта канча арзан болсо, экспортко ошончолук жакшы шарт түзүлөт деген түшүнүк бар. Бирок учурда Кыргызстандагы тигүү өнөр жайы тескерисинче доллардын арзан болуп жатканынан утуш алууда. Бул тууралуу ЖИА бизнес биримдигинин жеңил өнөр жай комитетинин төрагасы Сүймөнкул Жолдубай “Азаттыкка” билдирди:

- Доллардын арзандашы биздин товарларды сыртка арзан экспорттоого шарт түзүп жатат. Биз кездемени жана башка майда-чүйдө зарыл нерселердин баарын доллар менен сатып алабыз. Ошондуктан, биз тиккен кийим-кечелердин өздүк баасы арзан болуп, сыртка да арзан экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Бул биз үчүн жакшы.

Өткөн жылдары Кыргызстанда доллар улам көтөрүлүп отурганына байланыштуу Улуттук банк долларды сатып келген. Акыркы эки жылда башкы банк тарабынан 828 миллион доллар базарга чыгарылган. Быйыл жыл башындагы бир эле январь айында сомдун кунун кармоо үчүн 64 миллион доллар сатылган болчу. Февраль айынан бери Улуттук банк тескерисинче сомду интервенциялоо менен келе жатат. Айрым финансисттер бул убактылуу көрүнүш экенин белгилешүүдө. Алардын айтымында, доллар жыл сайын жазында арзандап, күзүндө кайра көтөрүлүүсү кадимки көрүнүш.

Каржы жаатындагы адис Умбриэль Темиралиев АКШ долларынын арзандап жатканы убактылуу көрүнүш деп эсептейт. Анын айтуусунда, мунун артында кайрадан доллар сөзсүз кымбаттайт:

Бишкек
Бишкек

- Долларга суроо-талаптын азаюусуна сырттан келип жаткан товардын азайганы бир себеп. Анткени, азыр экономика кризиске кирди. Ушундан улам, импорт товарга да, долларга да суроо-талап азайды. Эртең экономика көтөрүлүп баштаса, биздин өндүрүш аны кууп жете албайт. Биздин күнүмдүк колдонгон буюмдарыбыз мурдагыдай эле Кытай, Түркия жана башка жактан келет, ошондуктан, долларга суроо-талап көтөрүлөт. Эгер биздин сырттагы мигранттардан мурунку көлөмдө акча келип турбаса, сомдун куну кайра күчөшү белгилүү иш.

Расмий маалыматтар боюнча, өткөн жылы сырттан которулган акчанын көлөмү 1,5 миллиард доллардын айланасында болду. Бул мурунку жылдарга салыштырмалуу дээрлик 1 миллиард долларга аз.

Бүгүнкү күнү расмий курс боюнча 1 АКШ доллары 71 сом 50 тыйын, ал эми базарда 70 сом 90 тыйындан сатылууда.

Ушул тапта орус рубли кайра күчтөнө баштады. Март ичинде рубль 10 тыйынга кымбаттады.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG