Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Газдын баасы бычылып бүтө элек


“Кыргызгаз” ишканасы Казакстан жана Өзбекстандын тиешелүү компаниялары менен 2013-жыл үчүн газ сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөргө жакынкы күндөрү чекит коёт.

Бул тууралуу ишкана жетекчилиги Энергетика жана өнөр жай министрлигинин 8-январдагы коллегиясында маалымдады. Көз карандысыз байкоочулар болсо жаңы жыл үчүн газдын баасынын эмгиче бычылбай, макулдашууга кол коюлбай турушунда саясий бойок бар дешет.

Акыркы сүйлөшүүлөргө ылайык Кыргызстан быйыл кошуна өлкөлөрдөн 400 миллион куб метр газ алып жагат. Анын 100 миллионун түштүк аймактарына Өзбекстан, калганын түндүк аймактарына Казакстан берип турушу керек.

“Кыргызгаз” ишканасынын маалымат катчысы Жайнагүл Максимова айдын башынан бери калк жана ишканалар газ менен үзгүлтүксүз жабдылып жаткандыгын белгилеп, мындан ары да ушул калыбында сакталарына ишендирди:

- Газда проблема деле болбошу керек, буйруса. Азыркы айдын баасы болсо декабрь айынын баасы менен чечилет. Азыр бааны арзандатканга өкмөт, өкмөт башчы, биздин жетекчилик дагы колдон келишинче аракет кылып жатышат.

Кыргызстан өткөн жылы “Узтрансгаз” ишканасынан газдын миң кубун 290 доллардан, “Казтрансгаз” ишканасынан 224 доллардан сатып алып келген. "Газпром" ишканасы Кыргызстан үчүн газды 253 доллардан сатып алуу тууралуу “Узтрансгаз” менен макулдашкандыгын, контрактка 29-30-декабрда кол коюларын “Кыргызгаз” ишканасынын директору Тургунбек Кулмырзаев декабрдын этегинде билдирген эле.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин кечээги коллегиясында болсо Кулмырзаев тараптар менен бааны бычуу жагы гана калгандыгын, майрамдардан кийин ал маселе чечилерин билдирди. Анткен менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Улугбек Ормонов маселенин чечилишин майрамдарга байлоо негизсиз деп эсептеди:

- Адатта келишимге дайыма декабрдын акыркы күндөрү кол коюлчу. Быйылкы жылдагыдай түшүнүксүз абалды мен көрө элек болчумун. Бул майрамга байланыштуу деп ойлобойм. Өзбекстанда биздикиндей он күн майрам болбойт.

Ал эми талдоочу Расул Умбеталиев Орусия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстан ортосундагы газга байланыштуу саясий оюндар жүрүп жатат деп болжойт:

- Туруктуу убадалар болбой жатат. 13-14-декабрда газ басымы азайып, көп үй-бүлөлөрдө маселе жаратпадыбы. Ошондо “Кыргызгазды” “Газпромго” сатуу боюнча маселе көтөрүлгөн. Жаңы жылдан баштап “Газпром” жөнүндө кайра сөз жок. Оюн болуп атпайбы, сатабыз, сатпайбыз, кайра келишим түзөбүз деп... Ачык болбой жатат.

“Казтрангаздын” жаратылыш газын чектегендигине байланыштуу декабрь айынын ортосунда кыйла бүлөлөр жылуулуксуз отуруп калышкан. Бул маселе кийинчерээк парламенттин деңгээлине чейин көтөрүлүп, айрым депутаттар тарабынан тиешелүү тармак жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо сунушу да берилген.

Жыл этегинде болсо Кыргызстан бийликтери “Кыргызгаз” ишканасы 31 миллион доллар карызы менен чогуу “Газпром” ишканасынын карамагына биротоло берилип жаткандыгын жарыялашкан. Президент Алмазбек Атамбаевдин 24-декабрдагы маалымат жыйынында билдиргенине караганда орусиялык ишкана “Кыргызгазды” карызынан эле кутултпастан, капитал берип, элди арзан баада газ менен камсыз кылып, Кыргызстан аймагында газ чалгындоо иштерин да жүргүзмөкчү. “Газпром” Кыргызстанга 2013-жылдын биринчи жарымында келсе газ тартыштыгы чечилет деп айткан президент.

Бул аралыкта орусиялык маалымат каражаттары “Газпром” жазында Кыргызстандын түштүк аймагында газ чалгындоо иштерин баштаарын жазып чыгышты. Бирок азырынча “Газпром” менен “Кыргызгаз” боюнча келишим качан түзүлөрү тууралуу кабарлана элек. Акыркы маалыматтар боюнча “Кыргызгаздын” газ сатып алып жаткан кошуна өлкөлөрдөгү ишканаларга майрам аралаш топтолгон күнүмдүк карызы 3 млн. 498 миң доллар болуп турат. Анын 1 млн. доллары “Узтрансгазга” таандык. Ошол эле мезгилде ишкананын дебитордук карызы 168 миллион сомдон ашык, башкача айтканда 3 млн. 500 миң долларга тете.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG