Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Пайдасынан чуусу көп Кумтөр


Парламентте Кумтөр кени боюнча кайрадан талаш-тартыштар башталды. “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Карганбек Самаков кенде айтылгандан алда-канча көп алтын казылып жатканын айтып, баарын ачыкташ үчүн комиссия түзүүнү сунуштады. Бул маселе “Азаттыктын” кечки “Арай көз чарай” талкуусуна коюлду.

Кумтөр кенинин айланасында кайрадан талаш-тартыштар чыга баштады. Бир тарап Кумтөрдү текшерип, Кыргызстандын 67% үлүшүн калыбына келтирүү керек десе, экинчи тарап кендин иштешине мүмкүнчүлүк берилиши керектигин айтууда.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков, президенттикке талапкер Кубанычбек Исабеков жана парламенттин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев катышты.

“Азаттык”: "Алтындын чыры түбөлүк" дегендей Кумтөр боюнча талаш-тартышка дагы эле чекит коюла элек. 2005-жылдан кийин бир нече комиссия иштеп, "Кыргызстандын кызыкчылыгы мүмкүн болушунча камсыз кылынды" деп айтылган. Ал сүйлөшүүлөр шайлоодо жеңген Атамбаевдин өкмөт башчысы кезинде, андан кийин Чудиновдун убагында болгон эле. Мына ушул сүйлөшүүлөрдө адилеттүүлүк орноп, Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталбады беле?

Равшан Жээнбеков: Мен адис болбогондон кийин так айта албайм. Бирок бүгүнкү күндөгү Кумтөрдүн 2-3 жыл мурдагы Кумтөрдөн айырмасы асман менен жердей.

Мурдагы Кумтөр жеке менчик компания болчу. Азыркы Кумтөрдүн акциясы дүйнөдөгү фондулук биржалардын бардыгында сатылып кеткен. Эң кызыгы бүгүнкү Кумтөрдүн негизги кожоюну биздин кыргыз эли болот.
Биз комиссия түзүп алып, кандай, эмне чыгарып атканын изилдеп, тактап келгенден эч кандай дүйнөлүк чыр чыкпайт деп ойлойм.

“Азаттык”: Кубанычбек мырза, сиз мына ошол комиссияларда мүчө да болдуңуз эле. Кыргызстандын кызыкчылыгынын сакталбай калышына ким таасир этти эле, Бакиевби, анын жакындарыбы?

Кубанычбек Исабеков: Бирштейнди Чыңгыз жана Санжар Айтматовдор алып келген. Аны Акаев мамлекеттик кеңешчиси кылып, жетинчи кабатка отургузуп, 1800 тонна таза алтынды учагына салып жиберген фактылар болгон.

Легендарлуу парламент комиссия түзүп, Турдакун Усубалиев баш болгон чоң комиссия иштеген, акыры ал комиссия аягына чыкпай, парламентти таратып жок кылышкан. Андан кийин Дастан Сарыгулов ошол маселени көтөрүп жүргөн, кийин "Кыргызалтынга" жетекчи болуп, бир топтору буга кийлигишкен.

2009-жылга чейин мыйзамсыз иштеп келген. Кыргызстанга өтө чоң зыян алып келген, цианид төгүлгөн. 1998-жылы цианид төгүлгөндө бир топ келиндин боюнан түшкөн, көп мал, балык өлгөн, Ысык-Көлгө бир да турист келбей калган. Комиссиянын төрагасы кылып Акаев Силаевди бекитип, ошону 4 жарым миллион долларга эптеп баалашып, ошону да элге бербей жеп кетишкен.

“Азаттык”: Сиз 2009-жылга чейин мыйзамсыз иштеген дедиңиз, канча пайызына ээ болдук?

Кубанычбек Исабеков: Жок дегенде 33 пайызына ээ болгонбуз, 77 млн. 401 миң акциябыз бар. Азыр анын бирөө 24 долларга чейин бааланып турган кез. Мурда бизде 15 жарым эле пайызы калган.

Феликс Кулов премьер-министр болуп турганда да комиссия түзгөн. Анда Данияр Үсөнов төрагалык кылып, мен, Бурканов, Болот Шерниязов мүчө болгонбуз. Тилекке каршы ал комиссия аягына чейин чыкпай, Д.Үсөнов өзү жалгыз Түркия, Орусияга барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө мен бул комиссияда иштөөдөн баш тарткам.

“Азаттык”: Мукар мырза, кандай болгондо Кыргызстан кызыкчылыгы толук сакталды деп эсептесе болот?

Мукар Чолпонбаев: Башынан бери бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталбай келатат. Адегенде башкы келишим боюнча Кумтөр кенин иштеткенге үч тараптуу катышканда андан 66 пайызы Кыргыз мамлекетине, 33 пайызы Канаданын “Камеко” фирмасына, бир пайызы жеке адамга тиешелүү болгон.

Танаев премьер-министр болуп турган кезде Кыргызстандын үлүшүн 15 пайызга чейин түшүрүп жиберген. Бул жерде кеп пайызында эмес, кеп кайсы нерсенин пайызында. Жазылып калган келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы корголбой жаткандыгы келип түшкөн пайданын 15 пайызы Кыргызстанга тиймек, же болбосо алгачкы боюнча 66 пайыз, азыркы боюнча 33 пайыз.

Баарыбыз эле билебиз, ишканадан пайданы түшүрсө болобу, же жокпу. Өзгөчө айтып кетиш керек, Кумтөр кенинин жанында аэропорт бар, ошонун өзүнөн алынган продукция толук бойдон Лондонго кетиши мүмкүн. Ошондуктан азыр ал жерден канча алтын чыгып атканын, канча пайда түшүп атканын эсептеш Кыргыз мамлекети үчүн такыр мүмкүн эмес.
Монголиядай эле дивиденд эмес, чыгарылган продукциянын 33 пайызын бергиле деп маселени койсо болот.

“Азаттык”: Бирок биздин өкмөт "директорлор кеңешинде кишилерибиз көбөйгөн, биз ал жерди башкарып атабыз" дейт. Депутаттар ушул маселени текшерип, акты актай, караны карадай койгонго мүмкүнчүлүгүңүздөр барбы?

Равшан Жээнбеков: Депутаттык комиссия түзүлсө, көп маселелерди карап чыкса болот. Бирок биз бир нерсени эске алышыбыз керек: коомдук компания болгондо акциясы бүт дүйнө жүзүндө сатылган. Биз бирөөнү кармап кала албайбыз. Бирөөнү кармап калалы десек, өзүбүздүн өкмөттү кармашка туура келет. Анткени эң көп акция (33 пайыз) биздин өкмөттүн колунда.

Эгерде биз азыр Кумтөр боюнча көп чуу чыгара турган болсок, биринчи кезекте биз өзүбүз күйөбүз. Анткени булар да аябай акылдуу, булардын юрист, аналитиктери бардыгын түшүнгөн адамдар, 2009-жылы булар публичный компанияга бекер айланткан эмес. Бизге көбүрөөк акцияны алгандан кийин өзүбүздү өзүбүзгө жоопкер кылып койгон. Эми Кумтөрдөн ар бир жакшы нерсе бизге жакшы, ар бир жаман нерсе бизге жаман. Эгерде азыр чукуп, көп маселе көтөрө турган болсо, Кумтөрдүн акциясы дүйнөлүк фонд рыногунан кулап, биздин баабыз жок болот.

“Азаттык”: Бирок биз 33 миллион доллардай акциядан дивиденд гана алат экенбиз. Башка көрүп жаткан кандай пайдабыз бар?

Кубанычбек Исабеков: Эң башында келишим туура эмес түзүлгөн, бул коррупциялык-мафиялык келишим болгон. Пайдадан түшкөн дивиденд алабыз деген 67 пайызга жакыны Кыргызстандыкы болгон. Кеп ошондо жатат.

Пайдасын булар эзелтеден көрсөткөн эмес. Биз 17 жылда болгону азыркы эки жылда алгандын жарымын да алган эмеспиз. Эки жылдын ичинде 11 жарым миллиард сом алдык. Салыктан, бажы салыгынан бошотуп коюшкан. Демек булар жашырып келген.

Мурдагы жылы биз 18 пайыз консолидациялык салык дегенди киргизгенибиз ошол болчу. Бирок ошол эле маалда булар азыр чыгашасын көтөрүп атат. Аны өкмөт толук-кандуу көзөмөлгө алууга акысы бар.

“Азаттык”: Көзөмөлгө алып атабы?

Кубанычбек Исабеков: Тилекке каршы андай болгон жок. 33 пайыз акциясы туруп, болгону өткөн жылы 4 жарым миллион доллар дивиденд алдык, калганы кимдин чөнтөгүнө түшөт?

Алтындын бир унции бүгүн 1742 доллар, тарыхта болбогондой көтөрүлдү. Ошол эле маалда директорлор кеңешинин мүчөлөрү көбөйүп, 15-20 миң доллардан айлык алып аткандан кийин Кыргызстандын кызыкчылыгын ойлойт беле? Ошондуктан бул жерде жөн эле ызы-чуу көтөргөнгө болбойт.
Танаев премьер-министр болуп турган кезде Кыргызстандын үлүшүн 15 пайызга чейин түшүрүп жиберген.

Азыр парламенттик комиссия иштеп атат, “Ата Мекен” фракциясынан Райхан Төлөгөнов жетектеген депутаттык комиссия бар, мен да эксперт катары иштеп атам. Тилекке каршы 4-5 айдан бери бир дагы чогулушубуз өтө элек.

Менде беш факт бар, үчөө далилденген, экөөнүн үстүнөн иштеп атам. Эгер мага кепилдик беришсе, өкмөт аягына чейин чыгара алат, артка кетпейт, коопсуздукка кепилдик беребиз десе мен берет элем. Бирок депутаттык комиссия андай кепилдик бере алган жок, биз премьерге баратабыз, сүйлөшүп чыгабыз, андан кийин айтабыз дешти, бирок эч кандай жыйынтык чыккан жок.

“Азаттык”: Кумтөр боюнча өкмөт дагы бир комиссия түзүлө турган болсо маселе эл аралык арбитражда каралыш керек деген норма келишимге жазылганы айтылып келет. Ошол жерде өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды утуп алалабызбы, мындан чочулашыбыз керекпи?

Мукар Чолпонбаев: Аны терең изилдеш керек. Адегенде өзүбүздүн ички тагдырыбызды чечип алсак. 17 жылдын ичинде комиссиялар көп эле түзүлгөн. Бир дагы комиссия аягына чыга элек. Акыркы комиссияга мени да мүчө болосуң деп коомдук уюмдар көрсөткөн. Андан бери жети айдын жүзү өттү, ошондон бери парламенттик комиссия бизди бир дагы жолу чакырган жок.

Ызы-чууну адегенде чыгарыш үчүн бир нерсе далил бар бекен, канчадан алтын чыгып атат, же чыкпай атабы, булар туура айтып атабы, же туура эмес айтып атабы - ошону далилдеш керек да.

Кубанычбек Исабеков: Маселе ушунда турат. Бул маселе жазында эле көтөрүлгөн. Ошондо депутаттык комиссия барып келди деп уктук, бирок адистерден бирөөн да алып барышкан жок. Барса укуктук, техникалык жагы кандай экенин көрүп, эртең эл аралык сотко кайрылсак ута алабызбы, же уттуруп жиберебизби, берүүгө негиз барбы, же жокпу - ошону тактап келиш керек болуп атпайбы. Накта комиссия өзү ошол жыйынтыкка келе албай, эл аралык сотко барсак эле уттурабыз деген туура эмес.

“Азаттык”: Равшан мырза, сиз партиялашыңыздын сунушуна эмнеге каршы болуп атасыз?

Равшан Жээнбеков: Мен каршы болгон жокмун. 70-80 тоннабы, биз билбейбиз деген туура эмес, аны биздин өкмөт көзөмөлгө алышы керек.

Биз бир чет элдик компанияны баса калгандан көрө өкмөттөн талап кылышыбыз керек. Эмне үчүн жабык чечим кабыл алынды, эмне үчүн коррупция көп болду? Анткени бизде мурда диктатуралык, үй-бүлөлүк башкаруу болгон, алар эч убакта маалыматты сыртка чыгарган эмес, өздөрүнүн гана кызыкчылыгына иштеген.

Эгерде биз демократиялык бийлик боло турган болсок, ачык-айкындык болсо, биз бардыгын талап кылып билсек болот. Алтын жөнүндө айта турган болсок, азыр канча алтын өндүрүлүп атканы биздин өкмөттүн көзөмөлүндө. Азыркы күндө алтынды биздин Кара-Балтадагы афинаждык заводго алып келет, аны өкмөт көзөмөлдөйт.

Кумтөрдүн юристтери бардыгын караган, келишимге да жазышкан. Эгерде эл аралык сотко бара турган болсок, биз уттурбайбыз деп ишенимдүү түрдө барышыбыз керек. Эгер ал жакка барып уттура турган болсок, анда биз пландаган жакшы иштерибиздин баары ишке ашпай калышы мүмкүн.

“Азаттык”: Менин оюмча азыркы өкмөт Кумтөр боюнча кырдаалды өзгөрткөнгө кызыкдар эмес. Себеби А.Атамбаев бул келишимди түзүүгө катышкан. Президент Отунбаева да бул келишимди мактап жатат.

Равшан Жээнбеков: Данияр Үсөнов Түркияда өзү жолуккан. Биздин азабыбыз ушул. Ким сүйлөшүү жүргүзсө, бардыгы кычык-кучукта жүргүзөт, Бакиевдин да, Акаевдин убагында да ушундай болгон. Эмнени сүйлөштү, кантип берди - эч ким билбейт. Бүгүнкү күндө биз талап кыла турган нерсе - бардыгы ачык-айкын элдин алдында болушу керек.

“Азаттык”: Азыр акционерлер аябай көп. Мүмкүн Акаевдин, Бакиевдин, же Үсөновдун акциясы бар деген бизде күмөн бар, биз муну кандайдыр бир жол менен далилдей алабызбы?
Эгерде азыр чукуп, көп маселе көтөрө турган болсо, Кумтөрдүн акциясы дүйнөлүк фонд рыногунан кулап, биздин баабыз жок болот.

Кубанычбек Исабеков: Советтер Союзу убагында 81-жылы биринчи жолу Кумтөр изилденген. Түстүү металлдар министрлиги жана Геология министрлиги аркылуу 716 тонна деп далилденген. Жердин астына киргенде, жердин үстүндөгүдөн айырмасы бар.

Мен жакында “Кумтөрдөгү алтын мафия” деген китеп чыгаргам, премьер-министр Атамбаевге да кайрылгам, тилекке каршы кээ бир фактылар боюнча жооп ала алган жокмун.

Эл аралык сотко барсак бизде тажрыйба жок, ошол эле маалда биздин комиссия иштеп атканда мен юстиция министри болуп турган М.Кайыпов мырзага үч жолу тапшырма бердим, "силер келишим менен алгыла, айткыла, соттошуп келсе уткандай бололу" деп.

Тилекке каршы Чудинов премьер-министр болуп турганда башка бир англиялык фирманы Елисеев таап келген экен, ошону алышкан. Бирок ал атактуу фирма. Эмнегедир алардын жасаган иштери көрүнгөн жок, 106 миллионду Данияр Үсөнов экөө которуп таштаган. Мен аны өткөн жылы ноябр айында билдим, Финполиция менен Башкы прокуратурага арыз жазсам, эч кандай жыйынтык чыккан жок.

“Азаттык”: 106 миллион сом бюджеттен кеткенби?

Кубанычбек Исабеков: Бюджеттен кеткен. Ошол жылы биз депутат болчубуз, бир дагы тыйын бекиткен эмеспиз.

“Азаттык”: Акциялар боюнча билсек болобу?

Кубанычбек Исабеков: Кыргыз өкмөтү азыр Эң чоң акционер. Экинчиси Дүйнөлүк банк, Европа өнүктүрүү банктары да бар. Биз алар менен Кумтөр боюнча эч кандай аласа-бересебиз жок, бирок карыздарыбыз да бар. Биз бардыгына шек келтире турганга акыбыз жок. Ошол эле маалда "Центерраны" түзгөндө 9,4 акция сол жакка кеткен. Анын ичинде Акаев, Танаев бала-чакалары менен бар. Муну биз Интерпол аркылуу изилдеп келатканбыз, Танаевди суракка алып 10 күнгө каматканбыз. Бирок аягына чейин чыга албай калдык.

“Азаттык”: Кийинки президенттер да ошол акциялардан алып калдыбы?

Кубанычбек Исабеков: Кийинки келишимдерди сүйлөшүүлөргө качып кеткен Курманалиев министр менен Елисеев гана катышып калды. Муну биз кийин билип калдык. Мурункуга карганда азыркы келишим жогорураак болуп атат. 18 пайыз деген мурда жок болчу, акыркы эки жылдын ичинде 11 млрд. албайт болчубуз. Ошондо эл, саясатчылар колдосо мындан да көп алмакпыз. Мен 45 жолу соттоштум, өмүрүмө канча коркунуч келди.

“Азаттык”: Биздин үлүш канча болуш керек деп ойлойсуз?

Кубанычбек Исабеков: Биздики жок дегенде 65 пайыз боюнча калыш керек болчу. "Центерраны" түзүп, ага кирүүнүн кереги жок болчу. "Центеррага" кирген Монголиядагы Боро, Гацурт кендерин эсептегенде биздин Кумтөрдөн алты эсе аз болуп атпайбы, анан эмне үчүн биздин пайыз ылдыйлап калган?

Мындан сырткары Кыргызстандын азыр алтын кендери боюнча Орусияда, Түркияда да үлүштөрү бар. Эмне үчүн аны кыргыз журтчулугу билбейт? Бул китеп боюнча бир топ жарандарды камаса болот, менде фактылар бар.

Равшан Жээнбеков: Кубанычбек мырзанын айтканы туура. Мурдагы бийликтин убагындагы кетирген көп каталарды азыр оңдосо болот. Бирок азыркы Кумтөргө эмес, мурдагы Кумтөргө. Анткени азыркы Кумтөрдүн ээси башка. Эгерде биз азыркы Кумтөргө асыла турган болсок, анда биз өзүбүзгө зыян алып келебиз. Ушул жагынан биз абайлашыбыз керек.
Алтындын бир унции бүгүн 1742 доллар, тарыхта болбогондой көтөрүлдү. Ошол эле маалда директорлор кеңешинин мүчөлөрү көбөйүп, 15-20 миң доллардан айлык алып аткандан кийин Кыргызстандын кызыкчылыгын ойлойт беле?

Кубанычбек Исабеков: Бизде азыр басып алуу болбош керек. Себеби килейген тоонун ордуна аң калат. 2-3 миңге жакын кыргыз жараны иштеп атат, алар каршы чыгат. Салык, бажы төлөмдөрү төлөнбөй бюджетибизге да зыян келет, аброюбузга да зыян келет. Ал үчүн мыйзамдын чегинде өкмөт кепилдик берсе, мен бергенге даярмын. Болбосо азыркы комиссиянын мүчөсүнүн бирине берип койсо, соодалашып, эртең чөнтөгүнө салып койоруна мен кепилдик бере албайм.

Равшан Жээнбеков: Кумтөр дүйнөдөгү эң чоң кендердин бири болуп эсептелет. Изилденгени 700 тоннанын тегерегинде. Монголияда баш-аягы болуп өндүрүлгөн алтындын 60 пайызга жакынын алышат.

“Азаттык”: Кыргызстан азыркы кезде Кумтөрдөн үлүшүбүз 33 пайыз, жылдын алты айында 3 млрд 650 млн. сом салык алыптыр. Андан сырткары 33% дивиденд үчүн 30 млн. доллар алат. Кайсы бир деңгээлде ачыктык байкалганы билинип эле турат. Бирок дагы иштеп, дагы бир нерселерди алып чыга турган маселе бар экенин Кубанычбек мырза айтты. Мукар мырза, сиз дагы эмнелер ачылыш керек деп ойлойсуз?

Мукар Чолпонбаев: Бул жерде отчеттордун бардыгына коомчулук да, парламент да ишенбейт. Өкмөт ишенсе ишенип аткандыр. 33 пайызды азыр өзгөртүүгө кыйын. Бирок дивиденддин пайдасынан гана алып калып атайбызбы. Эгерде бийликтин, өкмөттүн, президенттин саясий эрки жетишсе, эл толук колдоп берет.

Монголиядай эле дивиденд эмес, чыгарылган продукциянын 33 пайызын бергиле деп маселени койсо болот. Кубанычбек мырзанын өмүрүнө кепилдик бериш керек, коргош керек. Ошондой болсо Кубанычбек мырза мындай нерсени аягына чейин чыгара алат деп ойлойм.
Эң башында келишим туура эмес түзүлгөн, бул коррупциялык-мафиялык келишим болгон.

Депутаттык комиссиянын жашырынып алып иштеп атканы мени канааттандырбайт. Коомчулуктун өкүлдөрүн кошуп алып ачык иштесе, ушунун баарын ачыкка чыгарып алсак, дүйнөлүк коомчулук туура түшүнөт деп ойлойм.

“Азаттык”: Кубанычбек мырза кепилдик бергиле деп атат, парламент ушуну карап, кепилдик берип, аягына чыгарганга салым кошууга даярбы?

Равшан Жээнбеков: Эгерде кайсы бир топ аркылуу сунуш берип парламентте каралып, чечим кабыл ала турган болсо, муну жасаса болот. Бирок бул жерден абайлашыбыз керек.

Мукар Чолпонбаев: Биз комиссия түзүп алып, кандай, эмне чыгарып атканын изилдеп, тактап келгенден эч кандай дүйнөлүк чыр чыкпайт деп ойлойм. Биз аны басып алалы, кол салалы дегенибиз жок.

Кубанычбек Исабеков: Күнөөнүн көпчүлүгү Кыргызстан тарапта. Кыргыздын алтын слиткалары чыгып аткан жагын мен ГКНБга да өткөрүп бергем. Адам сатуу боюнча учакты токтотуп текшергенибизде, ошондо Айтбаев мырза ГКНБнын төрагасы болчу, 27 кг. алтын слитка чыккан. Ал Кумтөрдөн эмес, биздин афинаждан чыккан.

Ага иш козголгон, жок болуп кетти. Ал кезде Кулов премьер-министр болчу, сессияда мен маселе койгом, алтын маселеси эмне болуп атат деп. Өткөн жылдагы эле факт, Курманалиев министр качып кетти, алтын аялынын ячейкасынан чыкты. Муну эч ким изилдеген жок.

Талкуунун уландысын бул жерден угуңуз:

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG