Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Кыргыз алтынынын чоо-жайы


"Кумтөр"
"Кумтөр"

Кыргызстанда "Кумтөрдөн" тышкары да көптөгөн алтын кендери бар. Алардын 200дөн ашуунуна иштетүүгө уруксат берилген.

Бирок бүгүнкү күнгө чейин толугу менен ишке киришип, мамлекет бюджетине тыңгылыктуу киреше түшүрүшө элек.

Ал эми кыргыз журту алтын кенин бирөөлөргө каздырабызбы же жокпу деген талашка батып турган кези.

Казыла элек жерде канча байлык бар?

Ушул тапта Кыргызстан аймагында 2,5 миң чамалуу алтын кени табылган. Алардын жалпы запасы 2 миң тоннанын тегерегинде деген божомол бар. Кендердин дээрлик көпчүлүгү өнөр-жайлык кызыгууну туудурбаган майда кендер болуп эсептелет. Ал эми эң ириси - 400 тоннадан ашуун кору бар делген “Кумтөр”.

Андан ары орто запасы бар кендерди атоо керек. Алсак, Жерүй, Талды-Булак сол жээк алтын кенинде 70 тоннадан ашуун, Макмал, Бозумчак, Үңкүрташ, Ичтенберди, Алтын-Жылга, Ничкесуу, Тахтазанда 30дан 70 тоннага чейин, ал эми Солтон-Сары, Жамгыр, Терек, Перевальное, Тереккан кендеринде 5тен 30 тоннага чейин алтын казып алса болору иликтенген.

Кыргызстан эгемендик алган жылдары алтын казууну каалаган 228 компанияга лицензия берилген. Алар Канада, Израиль, Кытай, Орусия, АКШ сыяктуу өлкөлөрдүн компаниялары.

Булардын ичинде ушу тапта канадалык "Кумтөрдөн" гана алтын казылып дүйнөлүк рынокто сатылууда. Ал эми мамлекетке таандык болгон “Кыргызалтын” ишканасы 13-14 жылдан ашуун убакыттан бери Макмал, Солтон Сары жана Терексай-Тереккан алтын кендерин иштетип жатат.

Сырткы инвесторлордун айрымдары макулдашылган убакыт ичинде убадалашкандай көлөмдө иш жасабагандыктан, лицензиясы кайра алынууда. Жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов:

- Мисалы, он жылдап кармап эч нерсе кылбаса, эмне кылышыбыз керек? Мыйзам негизинде алабыз. Алар өздөрүнө милдеттеме алат, жыл сайын мынча акча жумшап, инвестиция салам дейт. Ошонун негизинде иш кылат. Эгер аны аткарбаса анда келишимди бузганы да.

Жат жарытпайбы?

"Кумтөрдү" эске албаганда, мурдатан түзүлгөн келишим боюнча, Кыргызстандан алтын казмакчы болгон сырткы инвесторлор казылган алтын үчүн салыктарды гана төлөй турган болушкан. Ал эми анда мамлекеттин үлүшү көрсөтүлгөн эмес.

Замирбек Эсенаманов быйыл күз айларында буга өзгөртүү киргизилерин кабарлады.

- Сентябрь-октябрда жаңы мыйзам кабыл алабыз. Анда маселе көтөрүп атабыз. Накта түрдө, алтын менен ала тургандай кылабыз.

Жумурай журтта Кыргызстан алтынын неге өзү казбайт деген суроо туулуп келет. Ал эми Кыргызстандын азырынча казууга да, чалгындоого да каражаты жана тажрыйбасы жетпейт дешет. Анткени геологиялык чалгындоо иштерине бюджеттен жылына 35 миллион сом гана акча бөлүнөт.

Мындай иш үчүн миллиарддаган сомдор сарпталышы керектигин эксперттер белгилеп келишет.

Жогорку Кеңештеги отун-энергетика жана кен байлыктарын колдонуу боюнча комитеттин мүчөсү Урмат Аманбаева да Кыргызстан азырынча өз алтынын өзү толук өздөштүрө албайт деген пикирде.

- Бүгүнкү күндө биз жакшы, кызыкдар болгон инвесторлорго берсек, алар иштетишет эле. Биз андан киреше түшүрүп, анан кийин өзүбүз казсак жакшы болмок. Мен Жерүйгө барып келдим. Кандай жарак-жабдыктар керек экенин көрдүм. Алтынды азырынча Кыргызстан өзү казып иштете албайт.

Алтын кен байлыктарынан мамлекет бюджетине былтыр 5,3 миллиард сом киреше кирген. Ал эми быйыл 7,5 миллиардга чыгары пландалууда.

Анын 5 миллиарддан ашыгыраагы "Кумтөрдөн" түшөт. Ал эми калган бөлүгү Кыргызалтындан түшкөн салыктар жана башка алтын кендерин чалгындаган компаниялардан түшчү кирешелер.

Ошентип бүгүнкү күндө Кыргызстан Советтер Союзунда иликтеп-чалгындалган алтын кендерин четинен казып жана казууга уруксат берүүдө.

Ал ортодо Таласта алтын казууга уруксат алган чет жердик компанияларды киргизбей жатышат. Жазда алтурсун бирөөсүнүн кампалары менен кеңсесин өрттөп да жиберишти.

Буга байланыштуу кыргыз журтунда алтынды чоочундарга каздыруу керекпи, же эч кимди жолотпоо оңбу, деген талаш күч алууда.

Бир жагы өз күчүбүз жеткенде казабыз дешсе, экинчи алтынды сатуу менен гана жагы азыркы кедейчиликтен чыгабыз деп далилдешет. Эки тарап жаакташып жатканда дүйнөдө алтындын куну тынбай өсүп жатат.

Ким билет – бир күнү кармайдын баасындай күр этип түшүп кетсе эмне болот?

XS
SM
MD
LG