Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Жети-Өгүз жаңжалынын кесепети


Кумтөр кенин иштетүүгө каршы чыккандар, Жети-Өгүз району, 30-май, 2013.
Кумтөр кенин иштетүүгө каршы чыккандар, Жети-Өгүз району, 30-май, 2013.

Жети-Өгүз чатагындагы чыгымдар толук санала элек, бирок анын кесепетин кыргыз өкмөтү тартаары айтылууда.

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев 14-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары менен бирге Кумтөр кениндеги кырдаалдан кабар алганы барганда билдирди. Өкмөт өкүлү Кумтөр маселеси боюнча Жети-Өгүздүн борборунда жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрдү.

60 килограмм алтын жок болду

Өкмөт өкүлдөрүнөн турган топ оболу Кумтөрдө борпоң тек төгүлгөн жерди, алтын өндүрүлчү фабриканы көрдү.

“Кумтөр оперейтинг компанинин” президенти Майкл Фишер борпоң тектин жылышы жайлады, мамлекеттик комиссия берген сунуштардын баары эске алынып жатат деп ишендирди:

-Тиешелүү көзөмөлдөөчү органдарга күнүнө отчет берилип жатат. Бүгүнкү күндө борпоң тек бир суткада 1 метрде 1,5 метрге жылып атат. Биз көрүп жаткан чаралардан улам быйылкы жылга белгиленген пландарды аткарууга эч тоскоолдук болбойт деп ишенебиз.


Өткөн ай этегинде Кумтөр боюнча нааразылык акцияга чыккандар кенге берилчү электр жарыгын эки ирет өчүргөн эле. Алтын өндүргөн фабриканын жетекчиси Нурдин Үсөнов анын кесепети кандай болгонун айтып берди:

- Айланып аткан жабдуулардын баары электр энергиясы менен иштейт. Свет өчкөндө анын баары токтойт, жерге төгүлөт. Анын баарын кайра калыбына келтириш аябай кыйын. Свет күйгөндөн кийин дагы эки-үч күндүн ичинде араң калыбына келет.

Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Жети-Өгүз окуяларынын кесепети чоң болгонун айтты:

- Фабрика токтогондо 60 килограмм алтын калдык менен кошо кетип жок болду. Анын баасы 2,5 миллон доллар. Үч күн бою иш токтоп, биздин жарандар айлык албай калды. Эгер азыр Кумтөр “Чыгышэлектрого” айып салса, алар аны төлөшү керек болот. Ал мамлекеттик компания. Салыктар бизге түшпөй калат. Азыркы чыгымды биз жакшылап санашыбыз керек. Бул жакта төрт миңге жакын биздин жаран иштейт. Төрт миңге жакын үй-бүлө багылып атат. Минден ашык жергиликтүү компания Кумтөрдү тейлейт.

Оторбаев кыргыз өкмөтү жалдаган каржы жана юридикалык маселелер боюнча кеңешчилер эмки жумада келерин, кыргыз тараптын сунуштары талданып, андан кийин сүйлөшүү башталарын кошумчалады.

Максат Абдылдаев экологиялык-техникалык инспекциянын бөлүм башчысы жана Кумтөрдү иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү. Анын билдиришинче, Кумтөрдү иштеткен компания башында тектин жылган ылдамдыгын жашырган:

-Тектин жылып жатканын биз мурун эле отчетто жазганбыз. Мөңгүнүн үстүнө калдыктарды жайгаштырган кезде сөзсүз жылат деген корутундубуз бар. Булар качан, кайсы убакта канча жыларын билишкен, бирок айтпай коюшкан. Калдыктардан сарыгып чыккан сууларда ар кандай химиялык элементтер бар. Ошолордун кошулмалары реакция болуп агып барып Кумтөр дарыясына куюлат, андан ары карай барып Нарынга түшөт. Биз комиссиянын тыянагында ошондой калдыктардын астынан сарыгып чыккан суунун астына тундурма көл курулушу керек деп жаздык. 2013-жылы долбоорун жазып, биз менен макулдашып, ушул ишти бүтүрүшү керек.

Азыр кендин калдыктарын Чоң-Сары-Төр жана Кичи-Сары-Төргө жылдыруу жагы каралып жатат.

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна канча акча түшкөн?

Ал арада Ысык-Көлдүн губернатору Токон Мамытов аймакта жол-сууга байланыштуу маселе бар экенин айтып, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун ишин прокурорлор териштирип жатканын белгиледи:

- Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду боюнча прокуратура кылмыш иш козгоп, азыр иликтөө баштады. Ал боюнча тергөө бүткөндөн кийин айтып беребиз. Ушул жылдын 5 айынын ичинде 3 миллион 400 миң доллар түшүптүр. Өткөн жылы канча акча түшкөн, ал каякка кантип жумшалганы тууралуу отчетун жаңы берип атат. Бул тууралуу да маалымат беребиз.

Жоомарт Оторбаев Кумтөр кенинен кабар алгандан кийин Кызыл-Сууда жергиликтүү элдин өкүлдөрү менен жолукту.

Саруу айылынын тургуну Айбек Чыналиев өкмөттүн аракетин сынга алды:

- Мамлекеттик комиссия, депутаттардын комиссиясы Кумтөр кандай коррупциялык схема менен иштеп атканын далилдеп чыккан. Ошонун негизинде азыркы өкмөт бардыгын мыйзам чегинде чечүүгө даяр болчу. Бирок эмнегедир маселени чечпей жатат. Борпоң тек жылып атат деп өздөрү деле билип жатат. Петров көлүнүн чети жарылып, суу агып атат. Азыр ал жерди машина менен топурак төгүп таптап атат. Болуптур, бүгүн таптайт, эртең таптайт, эртең Кумтөр кеткенден кийин аны ким таптайт. Эгер Петров көлүн суу жырып кетчү болсо жанагы калдыктардын баарын агызып, цианидди жууп барып Нарын дарыясына куят. Андан кийин Токтогул ГЭСин жууп, Ферганага чейин ары жак, бери жактын баарын жууп кете турган болсо кандай болот?

Мындан улам жетиөгүздүктөр эртең, 17-июнда кайра элдик жыйынга чогулуп, өкмөт башчылардан Кумтөр боюнча берген убадалардын аткарылышын сураганы жатат.

XS
SM
MD
LG