Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:18

Кумтөр сүйлөшүүсү күзгө калды


Кумтөр алтын кениндеги жумушчулар, 14-март, 2013.
Кумтөр алтын кениндеги жумушчулар, 14-март, 2013.

Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча өкмөттүн сүйлөшүүлөрүн укту. Айрым депутаттар үч айдын ичинде канадалыктар менен сүйлөшүүдө өкмөт бир жыйынтыкка келе албады деп сынга алды. Өкмөт өз кезегинде бул татаал маселени чечүү үчүн ай аздык кыларын айтып, октябрь айына чейин дагы убакыт сурады.

Кумтөр боюнча сүйлөшүүнүн жүрүшүн Жогорку Кеңеш биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев башында турган өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусу менен талкуулады. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Жалал-Абадга баргандыктан жыйынга кечигип келди.

Жоомарт Оторбаевдин маалымдоосуна караганда, канадалыктар менен сүйлөшүүлөр аягына чыга элек. Ошондуктан аны аягына чыгаруу үчүн дагы үч ай убакыт керек.

Ал эми канадалыктардан түшүп жаткан сунуш тууралуу Жоомарт Оторбаев буларды айтты:


- “Кыргызалтын” “Центерра” компаниясындагы өзүнүн 32.7% акциясын “Центерра” компаниясы менен биргелешип түзүлө турган ишканадагы көбүрөөк үлүшкө алмаштырат. Ал биргелешкен ишкана Кумтөр долбооруна ээлик кылат. Экинчиси, биргелешкен ишкана Кыргызстандын аймагында катталат.

Жаңы түзүлө турган биргелешкен ишканынын жетекчилигин “Кыргызалтын” менен “Центерра голд инк” компаниясы паритеттүү негизде дайындайт. Тактап айтканда, биргелешкен ишканада бир жыл кыргыз тараптан жетекчи болсо, экинчи жылы “Центерра” тараптан болмокчу. Жоомарт Оторбаев мына ушул сунуш Кыргызстан тандап алган эл аралык компания тарабынан иликтенип жатканын кошумчалады.

Депутаттар мындай маалыматты уккандан кийин өкмөт эч кандай иш жүргүзбөптүр деген жыйынтыкка келишти. Ошого байланыштуу айрым депутаттар дароо денонсацияга баруу маселесин көтөрө баштады.

Андан сырткары депутаттарды Кумтөрдө түзүлүп жаткан экологиялык кырдаал тынчсыздандырды.

Депутат Улукбек Кочкоров тоо теги жылып, Петров көлүнө, алтын комбанаттын уу калдыктары сакталган көлмөгө коркунуч түшүрүп жатканын айтып чыкты:

- Бул жерде 1-майда тартылган сүрөт менен 14-майда тартылган сүрөт салыштырылып коюлган. Тоо тек 600 метрге жылып келип, лагердин жарымын басып калды.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Ишимбай Чунуев болсо тоо тегинин жылышы акырындап калды деп депутаттарды жубатууга аракет жасады:

- Сууга чейин 1932 метр бар болчу бир жума мурун. Азыр 1925 метр калды. Санап көрсөк, ошол Кумтөрдүн суусуна 2-3-жылдын ичинде жетет экен. Ага чейин көчкүнүн жылышы акырындайт, экологиялык катастрофа жок.

Депутаттар болсо экологиялык катастрофа жакындап келатканын айтып, башкы прокуратурадан кылмыш ишин козгоону талап кылды. Башкы прокуратуранын өкүлдөрү материалдар топтолуп жатканын айтышты.

Бир топ депутаттар өкмөт канадалыктар менен сүйлөшүүдө бир жыйынтыкка келе албайт, дагы алдап кетет деген ойлорду айта башташты. Ага жол бербеш үчүн Кумтөрдө өндүрүлгөн алтындын 50% Улуттук банкка сактоого алууну депутаттар Мыктыбек Абдылдаев жана Акматбек Келдибеков сунуштап чыкты. Буга жооп кылган Жоомарт Оторбаев анча алтынды алууга бюджетте каражат жоктугун айтып чыкты.

Талкуу соңуна чыгып калган мезгилде Жалал-Абаддан өкмөт башчы келип, Кумтөр сүйлөшүүсүн аягына чыгаруу үчүн дагы убакыт берүүнү депутаттардан сурады:

- Жыйырма жылдан бери бузулганды үч айда оңдоп коёт десеңиздер, андай болбойт. Сиздерден суранабыз, калыс болуп бериңиздер. Биз баардыгын жасап жатабыз. Варианттарыбыз бар. Биздин оюбузча, сентябрдын орто ченинде бир форматка чыгып калабыз.

Көпчүлүк депутаттар өкмөт башчынын жүйөсүнө макул болуп, кабыл алынган токтомдо 10-сентябрга чейин бир жыйынтыкка келүүнү өкмөткө тапшырды. Ошондой эле токтомдо 10-сентябрда жыйынтык болбосо, келишимди бузуу боюнча мыйзам долбоору парламентке коюлуш керектиги белгиленди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG