Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Кумтөр маселеси кайрадан талкууда


Кумтөр алтын кени
Кумтөр алтын кени

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 1-октябрда Кумтөргө барды. Ал эми Бишкекте Кумтөр боюнча келишимди кайра кароону талап кылып, эки башка маалымат жыйыны өттү.

Президент Алмазбек Атамбаев келишимди кайра карап чыгуу мүмкүн эместигин өткөн аптада Коомдук каналдан билдирген болчу.

Ал аралыкта кенди иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы кечеңдеп жатат.

Тепкиде калган келишим

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Кумтөр кенине барган күнү Бишкекте келишимди кайра кароону талап кылган эки маалымат жыйыны өттү. Экөөндө тең кенди иштетүү Кыргызстандын экологиясына зыян келтирип жаткандыгы, жыйырма жыл аралыгында түзүлгөн келишимдердин мыйзамсыз экендиги белгиленди.

Бир катар коомдук уюмдар жана эксперттер катышкан Бишкектеги маалымат жыйынында талдоочу Кубатбек Кожоналиев экологиялык мыйзам бузуулар келишимди кайра кароого негиз боло ала турганын эскертип, президент Алмазбек Атамбаевди башкалардан үлгү алууга чакырды.

- 228 тонна алтындан бир пайызга жетпегени, тактап айтканда 1 тонна 400 килограмм алтын кыргыздардын үлүшүнө тийген. Ушул адилеттүүбү? “Уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылат” болуп жатат. Мен айтып жатам (Атамбаевге) “сен жакшы көргөн эле Путинден үйрөнбөйсүңбү, ал Сахалинди кантип тартып алып койгон” деп. Ал экологияны бузду деп, иш козгоп тартып алган. Бул дүйнөлүк тажрыйбада бар.

Мындан тышкары “Теңир тоо ынтымагы” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү уюштурган маалымат жыйынында анын жетекчиси Асейин Аракеев элге жана бийликке кайрылып, “Центерра голд” менен келишимдерди кайра кароону талап кылды.

- Бул кыргыздын, Кыргызстанда жашап жаткандардын байлыгы. Баяндамада 260 тонна алтын, 90 тонна күмүш алынган экен. Ошонун Кыргызстанда калганы 1 тонна 400 килограмм болгон. А калганы каякта? Же эмне, биз ушунчалык акылсыз элбизби? Бизди мурдубуздан жетелеп, чет элдиктер алдап кете береби?

Бирок Асейин Аракеев “Кумтөр оперейтинг компанини” улутташтыруу боюнча демилгени колдошпой турганын белгиледи. Ал эми “Ата Журт” фракциясынын башчысы Садыр Жапаров 3-октябрда Ала-Тоо аянтында митинг уюштуруп, анда “Кумтөрдө” үлүшү бар чоңдордун атын атайм деп убада кылууда.

Садыр Жапаровго Бакиевдердин мүлкүн мыйзамсыз сатып алып, алдамчылыкка аралашкан деп мындан 10 күн мурда Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Эл өкүлү муну депутаттык ишмердүүлүгү жана Кумтөр маселесин көтөрүп келатканына байланыштырат.

“Илең-салаң” комиссия

Ал эми өткөн аптада Коомдук биринчи каналга курган маегинде президент Алмазбек Атамбаев “Центерра голд” менен акыркы келишим 2009-жылы түзүлгөнүн, аны кыргыз парламенти да, Конституциялык Сот да бекемдеп бергенин эскерткен. Садыр Жапаровдун күнөөсү болсо, соттолорун айтып, эмнеге мурда бул маселени көтөрүп чыккан эмес деген суроо койгон.

- Бардык жагынан тазалап (келишимди) койгон, “кыңк” дегис кылып. Азыр ал келишимди оңдош абдан кыйын болот. Анткени 2009-жылдагы Кыргызстандын парламентинин чечими бар, керек болсо Конституциялык Соттун да чечими бар. Эми Садыр Жапаровду алсак, ал 2008-жылдан 2010-жылдын апрелине чейин Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттикте комиссар болуп, аны башкарып турган. Дал ошол кезде Кумтөрдүн иши бүткөн.

2009-жылдагы келишимге ылайык, Кыргызстан “Центерра голддун” 33 пайызына ээлик кылат. Июнь айынын акырында Кумтөр маселеси парламентте талкууланган соң, мамлекеттик комиссия түзүлүп, ал 1-октябрга өз жыйынтыгын чыгармак.

Комиссия корутундусуна таянып, мурдагы өкмөт чечим кабыл алынарын айткан. Кийинчерек иштин көптүгүнөн комиссиянын мөөнөтү 15-октябрга чейин узартылган болчу.

Мамлекеттик комиссиянын жарандык коом тарабынан сунушталган мүчөсү, тоо-кен тармагы боюнча адис Шергазы Мамбетов жыйынтыгын чыгарууга шашылбай жатат деп комиссияны айыптады. Ал президенттин Кумтөр боюнча айтканы да комиссия мүчөлөрүнө таасир этип жатат деген ойдо.

- Булар комиссиянын иши боюнча жыйынтык чыгарчудай эмес. Азыркы акыбалыбыз жакшы эмес, комиссия жыргатып эч кандай жыйынтык бербейт го деп турам. Мамлекет башындагы кишиники туура эмес го. Телевидениеден чыгып, элге айтып жаткандан кийин, бул иштеп жаткан комиссияга да көрсөтмө го деп жатам.

Ал эми өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Кумтөр кенинде абал менен таанышып жүрүп, ал улутташтырылбай турганын, өкмөт инвесторлорго кепилдик берерине ишендирди. Ошол эле кезде кен чыккан жайда экологиялык көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Аталган кенге мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов да барып, мыйзам бузуулар аныкталса, кандай гана болбосун чечкиндүү чаралар көрүлөрүн эскерткен.

XS
SM
MD
LG