Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүлөт


Кумтөр кени боюнча канадалыктар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жети-Өгүз жаңжалы боюнча жергиликтүү тургундар менен жолугушкан өкмөт башчы Кумтөр боюнча биргелешкен ишкана түзүлөрүн билдирген. Бул кадам кандай натыйжага алып келет?

Азыркы кезде Кумтөр кени “Центерра голд инк” компаниясынын курамына кирет. Ага чейин “Кумтөр голд компани” ээлик кылып, ал эми “Кумтөр оперейтинг компани” кенде оперативдик иштерди жүргүзүп келген.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Жети-Өгүздө жергиликтүү калк менен жолугушууда “Кумтөр голд компани” менен “Кумтөр оперейтинг компанини” кошуп, биргелешкен ишкана түзүү каралып жатканын билдирген. Ал ишканага Кыргызстан көзөмөлдүк кылууну көздөп жатканы маалым.

Мына ушундай багыттагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын Кыргызалтындын жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров да билдирип, бирок сүйлөшүүлөр аягына чыга элек болгондуктан, анын деталдары тууралуу айтуудан баш тарткан.

Кыргызстан атынан “Центерра голд инктин” директорлор кеңешинин мүчөсү болгон Амангелди Муралиев да азырынча бир нерсе айтуу кыйын дейт:

- Сүйлөшүүлөр азыр жүргүзүлүп жатат. Премьер-министр айтты го чет өлкөдөн консультативдик компанияларды жалдап алдык, алар иштеп жатышат деп. Ошондуктан азыр бир нерсе деп айтканга эрте. Ал эми митингге барганда кичине чыгарып айтып койду, бирок негизинен эрте. Өкмөт сүйлөшүүлөр үчүн дагы 90 күн сурап жатат.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин жетекчиси Орозбек Дүйшеевдин айтымында, “Кумтөр голд компани” жана “Кумтөр оперейтинг” компани мурда эле болгон. Алардын бардыгы “Центерранын” курамына кирген. Биргелешкен жаңы ишкана түзүлсө да, ал “Центерранын” курамында кала берет. Бирок бизде кенде эмне болуп жатканын билүүгө шарт түзүлөт дейт Дүйшеев:

- Биз көзөмөлдү колго алабыз. Кумтөрдө жеп-ичпегендей кылып, бул жакта текшеребиз. Андан сырткары чоң саясий маселе коюп жатабыз. “Центеррада” биздин 30% акция болгондуктан, анын директорлор кеңешинде эки-үч эмес, биздин төрт кишибиз болуш керек. Дүйнөлүк акционердик коомдордо мыйзамдар бар, тосмо коё ала турган акциялар топтому бар. Биз ошого жетишип, негизги чечимдерди кабыл алууга таасир эте ала турган болобуз. “Центеррада” биздики үчөө болуп эсептелет, биз төртөөнү коюшубуз керек. Ошондо элдин саясий талабын аткарган болобуз.

Орозбек Дүйшеев Кумтөр боюнча биргелешкен ишкана түзүү демилгесин колдоду.

Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, Кумтөр боюнча үч вариант сунушталууда. Биринчиси боюнча, Кумтөргө жаңы схема менен салык салуу, экинчи вариантта биргелешкен ишкана түзүү каралган. Ал эми үчүнчү жол боюнча компания Кыргызстандын колуна өтүш керек. Мына ушул үч багыт боюнча иштер жүрүп жатат. Бул иштерди аягына чыгаруу үчүн дагы үч ай суралууда.

Ал эми Жети-Өгүздө митингге чыккан калктын көңүлүн жайгаруу үчүн Кумтөрдүн “Ысык-Көл фонду” жергиликтүү калктын көзөмөлүнө өткөрүлүп берилмек болду.

Оппозициялык “Эл үнү” кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров өкмөттүн аракеттерин Кумтөрдө түзүлгөн абалды дагы да узак мөөнөткө сактап калуу катары баалады.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG