Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Кумтөр келишими: кайрадан улак тартыш


Кумтөр кенинин кечкурун көрүнүшү. Февраль айы, 2013-жыл.
Кумтөр кенинин кечкурун көрүнүшү. Февраль айы, 2013-жыл.

Башкы прокуратура Кумтөр боюнча кылмыш ишин козгоп, жыйырмадай адамды суракка тартууда.

Ал аралыкта Жогорку Кеңештеги эки фракция Кумтөр келишимин жокко чыгаруу боюнча “Эл үнү” коомдук-саясий кыймылы иштеп чыккан мыйзам долбоорун жактырды.

Ал эми өкмөт болсо, “Центерра” менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын, анын жыйынтыгын күтпөстөн, келишимди жокко чыгаруу демилгеси шашкандык болорун айтууда.

“Эл үнү” кимдин үнү?

“Эл үнү” коомдук-саясий кыймылы 10 миң кишинин демилгеси менен Кумтөр боюнча түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, аны парламентке сунуштады. Баш мыйзамга ылайык, мыйзам долбоорун иштеп чыгуу демилгеси өкмөткө, Жогорку Кеңешке жана 10 миңден кем эмес адамдын тобуна таандык.

“Эл үнү” коомдук-саясий кыймылынын төрагасы Азимбек Бекназаровдун 19-апрелде “Республика” фракциясынын жыйынында айтканына караганда, 2009-жылы Жогорку Кеңеш ратификациялаган келишимди жокко чыгармайынча, Кыргызстан Кумтөр боюнча кызыкчылыгын уттура берет.

- Биз денонсация болсун деген мыйзам төрт беренеден турат. Экинчи жана төртүнчү беренелерди карасаңар, коррупциянын өзү ушул жерде. Биз ошон үчүн бул мыйзамды жокко чыгаралы деп жатабыз. “Центерра" кетпей эле койсун, бул мыйзамды жокко чыгаргандан кийин ал биздин мыйзамдар менен иштей баштайт.

“Республика” фракциясы мыйзам долбоорун колдоду. Бекназаровдун айтымында, аталган мыйзам долбоорун буга чейин “Ата Журт” фракциясы да колдоп берген, алдыда башка фракциялар да карап, өз баасын берет деп күтүлүүдө.

24-апрелде “Эл үнү” кыймылы Бишкек шаарында өткөрөбүз деп, мерчемдеп жаткан митингдеги негизги талаптардын бири да өздөрү сунуштаган бул мыйзам долбоорун кабыл алдырып, 2009-жылдагы келишимди жокко чыгартуу болмокчу.
“Эгер Кумтөр кенин иштетип жаткан “Центерра голд” менен талаш тереңдеп кетсе, Кыргызстан эл аралык соттон утулуп калат деген чочулоолорго негиз жок” дейт Бекназаров.

- Эл аралык соттон уттурбайбыз. Эгер “Ак кемеге” окшоп мамиле кылсак, мисалы, чет элдик компаниянын кызыкчылыгын өкмөт барып колдосо, анда албетте уттурабыз. Эгер биздин өкмөт Кыргызстандын кызыкчылыгын коргосо, анда утмак түгүл, 19 жылдан бери келтирилген зыянды өндүрүп алууга мүмкүнчүлүк бар.

Өкмөт: сүйлөшүүлөрдүн мөөнөтүн күтөлү

Кумтөр кенин иликтеп чыккан мамлекеттик комиссия өз корутундусун 21-февралда парламентке алып чыгып, аны Жогорку Кеңеш колдоп берген. Корутундуга ылайык, өкмөткө “Центерра голд” компаниясы менен 3 айдын ичинде 2009-жылы түзүлгөн Кумтөр боюнча келишимди кайрадан карап чыгуу сунушталган. “Центерра голд” бул сунушка макул болбосо, келишимди бузуу тапшырылган. Ошондой эле Башкы прокуратурага мыйзам бузуу менен кабыл алган мурдагы келишимдерге жол берген адамдардын жоопкерчилигин кароо тапшырмасы берилген болчу.

Ушул тапта өкмөт “Центерра голддун” жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдүн бир канча айлампасын өткөрдү. Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин “Азаттыкка” айтканына караганда, сүйлөшүүлөр өз мөөнөтүндө жүрүүдө жана анын жыйынтыгын күтпөй туруп, келишимди жокко чыгаруу шашкандык болот.

- Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомдун жана мамлекеттик комиссиянын сунуштарынын негизинде, иш жүргүзүп жатабыз. Ал эми фракцияда колдоо тапкан мыйзам долбоору боюнча айтсам, кандайдыр бир ырааттуулук болбогондой болуп турат. Бир чечим кабыл алынгандан кийин анын акырын күтүш керек. Анткени белгиленген мөөнөттүн ичинде сүйлөшүүлөрдү бүтүрүп, жыйынтыгын бизге алып келип бересиңер деген Жогорку Кеңештин чечими бар. Эгер Жогорку Кеңештин айрым фракциялары саясатташтырганга аракет кылып жатышкан болсо, муну палата бар, ошол жакта чечилет.

Ал эми башкы прокурор Аида Салянова 18-апрелде парламентте отчет берип жатып, 1992-жылдан тарта Кумтөр боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген келишимдер боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады.

- Келишимдерди түзүү фактылары боюнча бүгүнкү күндө кылмыш иши козголду. Жыйырма чукул адамдар боюнча иш жүрүп жатат. Бирок алардын бирине да айып угузула элек. Качан угузуларын айта албайм. Анткени айып угузуш үчүн далилдер жетиштүү болушу керек.

Мөөнөтү дагы 2042-жылга чейин деп түзүлгөн 2009-жылдагы келишимди Жогорку Кеңеш ратификациялап, аны ошол кездеги Конституциялык Сот да мыйзамдуу деп тапкан. Кыргыз өкмөтү “Центерранын” 33% пайыз акциясына ээлик кылат.

XS
SM
MD
LG