Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Кумтөрдө алтын өндүрүү азаят


Кыргызстанда Кумтөрдөгү алтын өндүрүү быйыл кескин азая тургандыгы жарыяланды.

“Кумтөр оперейтинг” компаниясы муну бай алтын кошулмасы бар кен тилкесинде мөңгүнүн ири массасынын жыла баштаганынан улам казуу иштеринин токтотулгандыгы менен байланыштырууда.

Бирок эксперттик коомчулук өндүрүштү кыскартууга негиз жоктугун жүйө келтирип, муну кезектеги амалкөй жүрүш катары сыпатташууда.

Бюджетке таасир этет

Кумтөрдөн жылына 18 тоннадан ашуун алтын казуу мерчемделсе, быйыл алтын өндүрүү 12 тоннага чейин түшүп, жылдагыдан алты тоннага азаймакчы. Өндүрүш темпинин басаңдашы кирешенин кыскарышына алып келип, Кыргызстандын казынасы үч миллиард сомдун айланасында каражат жогото тургандыгы болжолдонууда.

Кумтөрдө өндүрүлгөн алтындын эсебинен салык жана башка жыйымдардын көлөмү жылына сегиз миллиард сомдон ашуун каражатты түзгөн. Бул көрсөткүч Кыргызстандын ички дүң продуктусунун он пайызына барабар болчу.

Өкмөттүн экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев мына ошол каражаттын ордун каяктан табуу керек деген маселенин үстүнөн иштеп жатканын белгиледи:

- Быйылкы жагдай мына ошондой болуп, Кумтөрдөгү өндүрүштүн көлөмү 33 пайызга кыскарат. Биз мына ошол бюджетке түшпөй кала турган каражатты каяктан табуу керек деген маселе менен баш катырып жатабыз. Эми айырмачылыкты башка булактардан толтурушубуз керек.

Өндүрүштү азайтуунун себеби

Кумтөрдөгү алтын өндүрүүнүн кыскарышы кендин түштүк-чыгышындагы алтын тектерге бай тоо-кыркаларында мөңгүнүн айынан казуу иштеринин токтотулушу менен байланыштуу. Мына ошондуктан алтын теги аз тилкелерде гана казуу иштеринин жүрүшү жалпы өндүрүшкө терс таасирин тийгизет.

“Кумтөр-Оперейтинг” компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Сергей Дедюхин быйыл мына ошол мөңгүнүн оор массасын жылдырууга көңүл бурула турганына токтолду:

- Мына ошондуктан биз быйыл казып ала турган алтын тектери бай тилкедеги иштер кийинкиге калтырылды. Башкача айтканда, аны ачуунун мөөнөтү 2013-жылга жылдырылды. Быйыл мына ошол муз массасын ал жерден алып жылдырып, коопсуз шартта башка жерге жылдырууга өзгөчө көңүл бурулат. Мына ошол тилкеден бай алтын тегин казуу жагы мерчемделген болчу. Азыр алтын теги бай эмес кендерде казуу жүргөндүктөн өндүрүштүн көлөмү басаңдап калды. Биздин салыктардын бардыгы өндүрүшкө байланыштуу болгондуктан быйыл мамлекеттик казынага төлөнө турган каражаттын өлчөмү да азаят.

Ишенбегендер жок эмес

Бирок Кумтөрдөгү алтын казып алуу шарттарын изилдеп жүрүшкөн айрым эксперттер өндүрүштүн көлөмүнүн кыскарышы боюнча расмий негиздемелерге ишенишпейт. Муну Кумтөргө ээлик кылган “Центтеранын” Кыргызстанга жасаган амалкөй жүрүшү катары баалагандар да болду.

Коомдук ишмер Кубанычбек Исабеков өндүрүштүн көлөмү кыскарды дегенди негизсиз шылтоо катары баалады:

- Эч кандай ал жакта алтын өндүрүшү азайбашы керек. Тескерисинче былтыр жаңыдан “Кумтөр-2” долбоору боюнча ачылган жаңы алтын кендери казылып, иштеп жатканда өндүрүш көлөмү кайра былтыркыдан бир топ көп болуш керек эле. Анткени мына ошол жер алдынан казып алына турган кендерде алтын кошулмасына бай тектер былтыртан баштап жаңы эле казыла баштаган болчу. Анан кандайча өндүрүш кыскарып кетет? Анын жаңыдан ачыла турган мөңгү жайгашкан алтын кен тилкеси менен эч кандай байланышы жок. Ал башка. Ошондуктан бул жерде кирешени жашыруу аркылуу акча жасоого багытталган жаңы бир амалдар көрүлө баштаптыр деп түшүнсөк болот.

Ошол эле кезде алтын казуучу компания жаңы кендерди өздөштүрүү үчүн мөңгүнү алууга байланышкан техникалык коопсуздук иштерин жүргүзүүгө эле быйыл 150 миллион доллардан ашуун каражат чыгымдала тургандыгын жүйө келтирет. Мына ошондуктан андан кандайдыр бир саясат издөө орунсуз деп эсептешет кен казган канадалык өнөктөштөр.

XS
SM
MD
LG