Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:13

Жерүйдүн баасы бычылды


Өкмөт Жерүй алтын кенин ачык сынакта сатууну чечти. Тийиштүү конкурс жакынкы айларда өткөрүлүүгө тийиш. Кыргызстандагы ири алтын кендердин катарына кирген Жерүй кенинин баасы канча?

Алтын кендерин иштетүүдө Кыргызстанда терс жагдай көбүрөөк түзүлүп калганы маалым. Алардын бири ушул Жерүй алтын кенине байланыштуу. Бул кенди иштетүү боюнча талаш-тартыштар 1993-жылдан бери уланып келатат.

Мына ошол жылы америкалык “Мориссон Кнудсен” компаниясы Жерүйдү иштетүүгө биринчи инвестор болуп келген. Андан кийин инвесторлор улам-улам алмаша берген. Кезек-кезеги менен канадалык “Камеко”, британиялык “Оксус рисарсес корпорейшн”, 2006-жылы австриялык “Глобал голд” аттуу компания Жерүйдү иштетүүгө укук алган. Бирок ишке киришкен эмес.

2007-жылы лицензияны казакстандык “Визор холдинг” компаниясы сатып алынган. 2009-жылы инвестор кайра алмашып, Consolidated Exploration Holding лицензияга ээ болуп калган. Бул да казакстандык компания.

2009-жылы кен Максим Бакиев башкарган Инвестиция, инновация жана өнүктүрүү боюнча борбордук агенттикке берилген.

Апрель ыңкылабынан кийин бийликке келген өкмөт мурда берилген лицензияларды жокко чыгарган. Ал эми инвесторлор сотко кайрылган. Соттук териштирүүлөрдө Кыргызстандын Жогорку Соту өкмөттүн лицензияны жокко чыгаруу боюнча токтому мыйзамдуу экенин октябрь айында жарыялаган.

Мына ушундай машакаттуу тагдырга туш болгон Жерүй кенин ачык конкурста сатуу демилгесин Жантөрө Сатыбалдиев башкарган өкмөт көтөрүүдө. Конкурс жакынкы айларда болору белгиленүүдө.

Бирок азыркы кезге карай өкмөт кенди кандай шартта сатыкка койору белгисиз.
Геология жана жер байлыктары боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Наби Эшназаров кенди кандай шартта конкурска коюлушун атайын комиссия аныктайт дейт:

- Атайын комиссия түзүү боюнча өкмөт башчы чечим кабыл алыш керек. Анан комиссия баарын даярдаш керек. Азырынча кандай шартта конкурска коюлары белгисиз.

Агенттиктин башчысы Ишимбай Чунуев Жерүй боюнча сынак эки айдын ичинде өткөрүлөрүн 16-ноябрда билдирген.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеевдин айтымында, өкмөт конкурстун шарттарын тезирээк жарыялап, элге маалымдаш керек. Бирок да өкмөт Жерүй алтын кенинен бонус иретинде алдын-ала көбүрөөк акча алууну көздөп жатканын Дүйшеев кошумчалады:

- Менин оюмча булар алдын-ала көбүрөөк акча алууну көздөп жатышат. Ал үчүн бонустун көлөмүн көбөйтүүнү сунушташууда. Бирок андай жол менен баруу кенди сатуу болуп калат, аны эл түшүнбөй калат деп мен айткам.

Дүйшеевдин айтымында, өкмөт алдын-ала алууну көздөп жаткан сумма 5 млрд. сомдун тегерегинде болууда. Бул каражат бюджет тартыштыгынан жабыркап жаткан өкмөт үчүн аба менен суудай эле керектиги түшүнүктүү.

Адистердин эсеби боюнча, Жерүйдө 90 тоннадан ашуун алтын, 13 тонна күмүш бар.

90 тонна алтын дүйнөлүк базардагы алтындын азыркы баасы менен эсептегенде 5 млрд. доллардын тегерегинде акча болот.

Кыргызалтындын маалымдоосуна караганда, Жерүй алтын кенинин 70 пайызга жакынын ачык же карьера жолу менен казып алууга болот. Бул жол арзан болорун адистер белгилеп келишет.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG