Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:57

Экономика

Шадиев: Жаңы жыл түнү жарык өчпөйт

“Арай көз чарай” талкуусунда Энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев угармандардын жана “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

Текст көлөмү - +
Шадиев: Эң оболу мен кыргызстандыктарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, элибизде, жерибизде тынчтык, бейкутчулук, аманчылык каалайм.

Кыргыз эли чоң кадамдар менен өнүгүүгө кетүүсүнө тилектешмин. Кудай буйруса, элибиз жаңы жылды жарыкта, жакшынакай маанай менен тосот. Биз колдон келген бардык аракеттерди жасайбыз. Жаңы жыл күндөрү биздин бардык кызматкерлер, алар менен кошо мен дагы кызмат ордумда болом.


Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Энергетика тармагын көтөрүү үчүн электр энергиясынын баасын көтөрүү керек деп айтканыңыз бар. Бүгүнкү күнү бул маселе да ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө турат. Баалар качан көтөрүлүшү мүмкүн? Канчага кымбаттайт?

Шадиев: Тармакты оңдоо багытында реформалар жүргүзүлүшү керек. Ошондуктан системалуу түрдө карап чыгуу зарылчылыгы бар. Тарифтин кымбатташы карапайым элге таасири тийбейт. Бүгүнкү күнү сауна, казино, соода түйүндөрү, түнкү клубдар жана башка ири ишканалар бар. Мына ушулардын баарын карап чыгып, бааларды көтөрбөсөк болбойт. Анткени биздин жабдуулардын баары эскирген.

Энергетика тармагы кимдердин гана чөнтөгү үчүн иштеген жок, мурунку, кийинки бийликтердин тушунда, электр энергиясына төлөнгөн акча тармакты оңдоого жумшалган эмес.

Нурлан, Бишкек: Энергетика тармагында баягы Ширшовдун системасы иштеп жатат, бул деген биз электр энергиясы үчүн төлөгөн акчанын жарымы “сол” жакка кетет. Мына ушул системаны бузушуңар керек, кыйынчылыктын баарын элге жүктөй бербей.

Шадиев: Албетте кемчилик жок эмес. Бүгүнкү күнү уурдоолор көп деп айтпадыкпы, быйыл биз коммерциялык жоготууларды кыскарттык. Келерки жылы жүргүзүлө турган бардык тендерди ачык түрдө коомчулукка алып чыгабыз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Манас каяктан: Талас
04.01.2012 14:21
карга карганын козун чокубайт !!! Жеп ичерлердин куну да бир куну бутор аскар омурбеке окшогондордун

кимден: Кенчи каяктан: Сулукту
03.01.2012 17:30
Аскарбек- бул мурдакы бизнесмен,азыр болсо кризис-менеджер. Мумукунчулук бериш керек, бул адам системаны ондойт,эми мурдакы системада иштедин деп каралай берген туура эмес.Бирок азыр Северэлектро,Ошэлектро,РЭСтердин кайсынысына кирбе жумуш м-н, техничкасынан, башчысына чейин жеке амбициясы 200 % ашык, кишини адам ордуна эсептебейт.Реформаны ушундай корунушторду жок кылуудан баштаса,калган проблемалар кезеги м-н чечиле берет.Бирок бул система козун май басып,курсагы жарылганы калган ажыдаар.Эми ушуну элге иштей турган акыбалга келтириш кимдин колунан келет?
Пикирге жооп

кимден: Актан каяктан: Лейлек
03.01.2012 19:45
Кызык экенсин кенчи!!!Бирок туура айтасын-кризис-менеджер,ошону учун башкарган тармагы белден кризисте...Менин айтайын дегеним ушинтип эле бул тармакта омуру иштебеген адамдарды апкелип башчы кылууну токтотсок.Аскар ким эле кече эле алып-сатып жургон адамдардан,ара чолодо акчасынын аркасынан депутат,губернатор боло калган адам.Эмне ошол башкарган тармактары жакшы болдубу?Жоок.Аскар жонундо билгинер келсе Лейлеке келип бир сурагылачы-Эл эмне дейт экен?!
Пикирге жооп

кимден: Замир каяктан: Кулунду
04.01.2012 21:46
Туура айтасын.Мына биздин айылдарга таза сууну апкелем деп ошол бойдон дайыны жок Аскардын.Элди жон эле жаш баланы алдагандай алдап.Ишенбесенер мына биздин айылдарга келип бир сурагыла туугандар.Лейлектен.

кимден: Кыргыз каяктан: Бишкек
02.01.2012 16:24
Аскар мырза сиз элдин башын (Акаев,Бакиев, Отунбаевалардын) убагынан бери эле айландырып келе жатасыз, уйатыныз болсо оз ыктыярыныз менен эле ЗАЯВЛЕНИЕНИЕНЕРДИ жазып гетип калгылачы элдин нервин жебей.

кимден: aske каяктан: msk
02.01.2012 02:55
Аскарбек качан жалган айтышты токтотосун?

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
02.01.2012 01:29
Ото окунучтуу, олконун абалы кандай денгээлге келгенин. Жаны жылда жарык очпосо экен деп эл тилейт. Бир жагынан кулкун келет,бир жагынан ыйлагын келет.Бул коррупцияга баткан олкодо,балык башынан сасыйт дегендей баары башынан сасыган. Президенттен баштап,айылдагы мугалимге чейин бул баткакка баткан. Чыгарыш ото эле кыйын. Комплекстуу реформа керек. Бул реформа олко башындагылардан башталса жакшы болот эле

кимден: Айдарбек каяктан: Тенир-Тоо
01.01.2012 13:40
Башка кундору деле очургонду токтотпойсунарбы Аскар мырза , эмне сатканга эч нерсе калбай калабы ????

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
01.01.2012 13:37
Казакстандын мусор комурун сатып алып , анан ар кайсы шылтоону айтканлды койбойсунбу Аскар...

кимден: Ыйман
31.12.2011 16:41
Урматтуу калайык калк электр энергиясынын келечекте онугушуно коз жетпейт эгерде эски жабдыктарды алмаштырбасак, бул чиновниктер элдин козун кор дешет окшойт Кыргызстанда электр жабдыктары эскирген бул чын бирок, кагаз турундо миллиондогон суммадагы жабдыктар жыл сайын алмашып турат.Парламенттин сунушун мен колдоймун электр тармагын ийне жибине чейин текшерип куноолуулорду камаш керек. Силер качанга чейин оз элинерди алдайсынар.Азыркы чиновниктер электр энергиясына толошот деп жалаа жаппагыла, Силер эмес жонокой электрик толобойт го.Элдин убалына калбагыла

кимден: Лейлек каяктан: Замир
31.12.2011 00:19
Элди качанкыга чейин алдап келесин бакиевдин убагындан бери иштейсин ондобойсунарбы жылына канча акчаны мамлекеттен алып ондоп тузоо иштери бутту мынча тонна алдын быйыл свет очпойт деп кайра эле очуп калды эгерде точно ондогон болсонор очмок эмес.

кимден: Кубанычбек каяктан: ноокат
30.12.2011 20:58
Урматтуу Аскар мырза,президент,премьер жана жалпы ушул тармакта,жада калса кыргызстанды,урдап жеп-ичип тойбой жаткандар!Мындай ышкыртма жалганынарды силер өлөр-өлгүчө токтотпойсунар.Светти 30 сом кылып которсонор да кыргызстан энергетика тармагын оңдоп жыргатпайсынар,буга кепилдик беремин.Себеби силердин баарынар,президентиң,премьериң,депутаттарың ,баарынар тойгонунарды билбейсинер. (жалпы кыргызстанды өнуктуруп экономикалык абалын көтөруп кетүү боюнча бир да программаңар жокко, бирдемке болсо эле чычып койгон баладай турасыңар жалдырап оруссия,казакстан,өзбөкстандын колун карап.)
Пикирге жооп

кимден: эл. монтер каяктан: РЭС
31.12.2011 22:29
Кубанычбек абдан туура жазыпсын айрыкча жалдырап турганын элестетип боорум эзилип калды. Тим эле кыйратып жиберчудой болуп "-жаны жылда мен да жумуш ордумда болом" - дегенине жинин келет убагында иштоо керек эле министир мырза тукум келгенде какылыктабай тоокко окшоп

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине