Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Кышында жарык өчпөйбү?


"Датка" подстанциясы, Жалал-Абад облусу, 3-июль, 2013.
"Датка" подстанциясы, Жалал-Абад облусу, 3-июль, 2013.

Кыргызстанда сууктун түшүшү менен кышка даярдык маселеси көтөрүлө баштады. Энергетика жана өнөр жай министри даярдык толук көрүлгөнүн айтып, бирок министрлик 50 млн. доллар насыяга муктаж экенин жашырган жок.

Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, кышка даярдык толугу менен жүргүзүлдү:

- Кышка толук кандуу даярбыз. Отун-суу, көмүр, газ, ремонт иштерин баарын бүтүрүп, даярдап койдук. Жылуулукту да бере баштадык.

Бирок 29-октябрда Жогорку Кеңеште министр Артыкбаев кышка даярдыктын алкагында 30 млн. доллар коммерциялык насыя жана Орусиянын 400 миллионунан 20 млн. доллар алууга аргасыз болуп жатканын билдирген эле. Артыкбаевдин айтымында, Каржы министрлиги энергетика тармагына 300 млн. сом жардам бериш керек болчу. Бирок ал кечигип жатканына байланыштуу насыя маселеси көтөрүлүүдө.

Ал эми Орусиянын 400 миллиону жөнүндө Артыкбаев буларды айтты:

- 400 млн. деген ал мурунку гранттардын негизинде айтылган сөз. Анын кышка даярдыкка тиешеси жок. Ал башка нерсе. Ал мурунтан айтылып келаткан нерсе.

Артыкбаев ошондой эле бул акчанын ГЭСтерге бөлүнө турган насыя менен да байланышы жок экенин кошумчалады.

Бирок коомчулукта 400 млн. доллар боюнча суроолор кала берүүдө. Энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Үмбеталиевдин пикиринде, сөз мына ошол Орусиянын ГЭСтерге бөлө турган насыясы жөнүндө гана болушу мүмкүн:

- Менин оюм боюнча, Жогорку Нарын ГЭСтерин курууга Орусия акча бөлүшү мүмкүн. Андан башка жерден 400 млн. келбейт. Ошол болушу мүмкүн. Башка акча жок. Орусия менен келишим түзүлгөн эмес.

Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына байланыштуу быйыл Казакстанга электр энергиясы аз экспорттолду. Бирок баасы жогору коюлду, дейт министр Артыкбаев.

Электр станциялар акционердик коомунун жетекчисинин кеңешчиси Алексей Зырянов экспорттун көлөмү тууралуу буларды маалымдады:

- 500 млн. килловатт саат экспорттолот деп каралып жаткан эле. Казакстан тарап 374 млн. килловатт саат гана алды. Мына ошону менен бүттү. Мындан башка экспорт да болбойт.

Зыряновдун маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү Бишкек жылуулук борборунда 300 миң тонна көмүр бар. Бул жетиштүү. Андан сырткары март айына чейин көмүр келе берет. Анткени тендерлер өткөрүлүп, көмүр алып келүүчүлөр аныкталган.

Айта кетүүчү нерсе, 31-октябрда Бишкекте Кыргызстандын энергетика тармагын реформалоого арналган эл аралык конференция ачылат. Анда Кыргызстан энергетикасындагы проблемалар менен катар андагы реформалардын жүрүшү, ийгиликтери да талкууланат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG