Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:57

Экономика

Насыя дыйкандарга жетип атабы?

Кыргызстанда айыл чарбаны өнүктүрүүгө бир млрд. сом насыя таратыла баштады.

Текст көлөмү - +
7 пайыз үстөк менен берилчү насыя максаттуу жумшалаарына ким кепилдик берет? Айыл чарба үчүн делген насыя дыйкан менен малчынын колуна тиет деп ишенесизби? "Арай көз чарай" талкуусуна каржы министри Акылбек Жапаров жана Ноокендеги "Кенч" айыл чарба кооперативинин башчысы Акыбай Сооронбаев катышты.

"Азаттык": Биздин бүгүнкү талкуубуз айыл чарбаны өнүктүрүү үчүн берилүүчү 1 миллиард сом насыя акча тууралуу болот. Бул акчаны ким, качан, кандай шарттар менен ала алат?

Жапаров: Биринчиден, бул акчаны кыргыз өкмөтү РСК жана “Айыл банкка” бюджеттик ссуда катары 0% менен берип атабыз. Бирок бул насыя акчаны элге таратууда банктын чыгымдары болот, ошондуктан элге 7% үстөк менен жеткирүү милдетин ушул эки банкка жүктөдүк.

Тилекке каршы былтыр 1 млрд. сомдун жарымы элдин колуна тийбей калган, ушул мүчүлүштүктөрдү эске алып, насыя акчаны дыйканчылыкка эмес, мал чарбасында да бөлдүк. 500 млн. сому мал чарбага, 500 млн. сому дыйкандарга бөлүндү. 1-февралдан тарта бериле баштады. Элден суроо-талаптарды жер-жерлерде ар бир банктын өкүлдөрү кабыл ала баштады.

Быйыл элден суроо-талап көп, өзгөчө мал чарбачылыгына акча алууну каалагандар көп. Ошондуктан ар кандай түшүнбөстүктөр болсо, маалымат каражаттарына, менин кабылдамама байланышып билдиришсе, биз тиешелүү чараларды көрөбүз.

"Азаттык": Өкмөт аз үстөк пайыз менен берип жаткан акча дыйкандардын колуна тийип атабы?

Сооронбаев: “Айыл банк” жана РСК банктарынан мурда насыя алып, жолун билгендер бул акчаны алып жатышат. Мен айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн берилип жаткан акча жалаң эле дыйкан менен малчыларга берилип жатат деп айта албайм. Азыр банктарда тааныштары барлар соода үчүн да алып жатышат. Ошондуктан өкмөт акчанын максаттуу жумшалып жатканына катуу көзөмөл кылуусу керек.
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: 7% үстөк менен берилүүчү акча максаттуу жумшаларына ким кепилдик берет? Айыл чарбаны өнүктүрүү үчүн берилип жаткан каражат дыйкан менен малчынын колуна тиет деп ишенсек болобу?

Жапаров: Болот. Өкмөт көзөмөл кылат. Ошондой эле банктарга акчаны биз берип жаткан соң, үстөк пайыздын жогорулатылбай берилишине да кепилдик бере алам. Ал эми акчаны күзүндө кайтаруу банктарга жүктөлүп аткандан кийин аларды азырынча “мындай тартип менен бер” деп биз көрсөтмө бере албайбыз.

Сооронбаев: Айыл чарбаны көтөрүүгө комплекстүү программа керек. Бул берилип жаткан насыя да жакшы, бирок мындай насыялардын суммасын дагы көбөйтүү жагын өкмөт карап көрүшү керек. Анткени бул акча өтө эле аз фермерге гана жетет, көпчүлүгү кала берет.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: сарыбагыш каяктан: айылдык
29.02.2012 08:35
Эй Жапаров..! "Окмот козомол кылат, созомол кылат" деп эле какшайсын., кана козомол кылганы?
Насыяны бизнесмендер эле алып койду, ал акчаны башка жол менен айландырганы.
Бул акчаны эмне максат менен тараттынар болду экен,, кызык?

кимден: Насипа каяктан: Бишкек
24.02.2012 10:33
Баарынан кызыгы акчаны таратып баштай электе эле банктар бөлүштүрүп койуп, дыйкандардан документтерди албай калган б.а. жең ичинен эчак эле бөлүштүрүп койушкан (баягы эле коррупциялык ыкма). Тагыраак айтканда Кочкор районунда, дыйканчылыкка, мал чарбасын өстүрүүгө баягы эле карапайым калк бул кредиттен ала алган жок

кимден: Жаран
21.02.2012 09:44
Силер насыяны жакыр адамдарга деп атасынар, бирок “Айыл банк” жана "РСК" нын сураганы там, машина ж. б. кымбат имуществонун документи. А ал насыяга жетчу баалуу документ байларда эле бар экен.
Эмне кылыш керек?

кимден: Талант каяктан: Нарын
21.02.2012 09:38
Урматтуу Акылбек Жапаров! Бул Насыя берчу жол эн туура ойлонулуп чыккан, бирок бул акча жакыр адамдарга жетпей, коррупциялык жол менен шапка бергендерге гана берилип атканы ачуу чындык.
Окунучтуусу, силер буга козомол койгуча, акча таратылып кетти...

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине