Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

Коррупция: күрөштө жылыш бар


Президенттик кызматка киришер алдында президент Алмазбек Атамбаев коррупцияга аралашкандар кызмат абалына карабай жоопко тартыларын билдирген.

УКМК менен Башкы прокуратуранын соңку кадамдары президенттин сөзү ишке аша баштаганын кабарлайт. Бирок коомчулукта күрөш тегиз жүрбөй жатат деген пикир кете элек.

Коррупция Кыргызстанда турмуш образына жана маселени чечүү жолуна айланып калганы баарына белгилүү. Бирок мамлекет жана өкмөт башчылардын деңгээлиндеги коррупция мамлекетти жүз миллиондогон доллар зыянга учуратып, жалпы коомдун деградациясына алып келди.

Азыркы кезде да жогорку деңгээлдеги коррупцияга жол бербей турган механизмдер түзүлдү деп айтыш кыйын. Бирок УКМК менен Башкы прокуратуранын акыркы кездеги кадамдары коррупцияга каршы күрөштө жылыштардан кабар бере баштады. Бул өзгөчө июнь айында байкалды.

Бул айда Бишкек-Ош жолу боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы коррупцияга байланыштуу кармалды. Андан көп узабай депутат Нариман Түлеевге иш козголуп, УКМКнын абагына отургузулду.

Ыңкылаптан кийин аткаруу бийлигине аралаша баштаган “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү коррупция боюнча шектеле баштады. Маселен, “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Мухтарбек Маматовдун уулу Акылбек Маматов күйүүчү май аткезчилиги менен кармалса, социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров камакка алынды. Ал жардамчысы аркылуу миңдеген доллар пара алды деп шектелип, үй-жайы тинтүүгө алынды.

УКМК ошондой эле “Кыргызалтындан” 163 килограмм алтын уурдалганын ачып чыкты. Ал эми ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Тилек Алибаев жана анын орун басары Базарбай Абдраимовдун ири өлчөмдөгү баңги аткезчилигине шектелип кармалуусу өтө олуттуу жагдайлардан.

Парламенттин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы Туратбек Мадылбеков жемкорлукка каршы айоосуз күрөш өзгөчө жогорку жана ортоңку эшелондо отургандарга карата күч алыш керектигин белгилеп, акыркы кармоолор андай тенденциядан кабар берет деп эсептейт:

- Бул биринчи жолу болуп жатат. Өмүрбек Кутуевдин учурунда бир жолу күрөш болгон. Ошондо Каржы министрлиги, Айыл чарба министрлиги боюнча коррупциялык иштер козголгон. Ал эми азыркы кезде күрөш кеңирирек масштабда баратат деп ойлойм.

Мадылбековдун пикиринде, коррупция өлкөнүн бардык катмарын камтыган. Ошондуктан каякты казба, ал жактан коррупция чыкпай койбойт.

“Атуулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова коррупцияга каршы күрөшкө эл ишенгендей болуш үчүн Кумтөр жана башка алтынга байланыштуу коррупциялык иштер иликтенип, тиешеси барлар жазаланыш керек дейт:

- Жалкоолор гана уурдабайт деген Чыңгышев мырзага да көп иштер бар. Кумтөрдүн келишимин кабыл алып жатканда ролу канчалык болгон? Сарыгуловдун, Айтматовдун салымы канчалык чоң болгон? Ушулардын баары экспертиза болуп жатат. Бүгүнкү күндө алтын тармагында аябай чоң коррупционерлер бар. Азыркы күндө да отурушат. Ошондуктан Башкы прокуратуранын жасап аткан иштери, анын коррупциянын коомго канчалык каршы экенин түшүнгөнүн билдирет. Бүгүнкү күнү коррупцияга каршы күрөшүүдө өлкөнүн стратегиясы түптөлүш керек.

Төлөкан Исмаилова коррупцияга каршы күрөштө жасалып жаткан аракеттерди колдоого аларын билдирди. Анын айтымында, абакка отургузуу эң оңой, ал эми зыянды калыбына келтирүү жана коррупцияга шартты жоюу эң маанилүү.

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги айрым депутаттардын коррупциялык ишке аралашуусуна байланыштуу жаңы кылмыш иштери ачыкка чыгуунун алдында турганын билдирүүдө. Ошондуктан мурун чоң кызматтарда иштеген кээ бир депутаттардын абакка отуруп калуусу мүмкүндөй болуп турат.

Бир катар министрлердин расмий эмес билдирүүсүнө караганда, коррупцияга каршы күрөштө эч кимге айоо болбосун президент эскертип, таза иштөөгө үндөгөн. Бирок да үндөөлөр ар дайым болуп келген. “Аш келгенде араан ачылып кеткени” эле болбосо...
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG