Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:26

Эки ири кызматкерге кылмыш иши ачылды


Алардын бири ички иштер министринин мурунку орун басары Кашкарбек Жунушалиев, экинчиси Жогорку Соттун төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Кубанычбек Момбеков.


Башкы прокуратурадан алынган маалыматка караганда, кылмыш иши Жогорку Соттун төрагасынын мурунку биринчи орун басары Кубанычбек Момбековго жана ички иштер министринин мурунку орун басары Кашкарбек Жунушалиевге каршы козголду.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Жыргалбек Курманбеков Кубанычбек Момбековго эмне себептен кылмыш иши козголгонун мындайча түшүндүрдү:

- Кубанычбек Момбековго Жогорку Соттун төрагасынын биринчи орун басары катары сот адилеттигин жүргүзүүгө тоскоолдук кылганы үчүн кылмыш иши козголду. Ал орун басар кызматында иштеп жатып, кызматтык абалын пайдалануу менен кылмыш жана жарандык иштерди кароого кийлигишкен.

Азыркы мезгилде Момбековго өткөн жылдын соңунда козголгон кылмыш иши тергелип жатат.

Ал эми ички иштер министринин мурдагы орун басары Кашкарбек Жунушалиевге да ушундай эле фактылар боюнча кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча Кашкарбек Жунушалиев лицензияларды берүү укугунан пайдаланып, пиротехникалык заттарды алып келүү жана сатуу укугун өз кызына берип койгон.

Момбеков жана Жунушалиев жогорку мамлекеттик кызматтарга апрель ыңкылабынан кийин келген. Маселен, Кубанычбек Момбеков 2010-жылы 7-апрелден кийин Убактылуу өкмөттүн декрети менен Жогорку Соттун төрагасынын милдетин аткаруучу болгон. Ыңкылаптын активдүү катышуучусу катары таанылып, “Апрель ыңкылабынын баатыры” төш белгиси менен да сыйланган.

Азыркы кезде кызматынан бошотулбай, бирок четтетилген Момбеков өзүнө козголгон кылмыш ишин куугунтуктоо катары баалап, анын себебин кызмат орду менен байланыштырып жатат:

- Бул атайын буйрутма менен болуп жаткан нерсе. Эгерде ошолор менин аракетимде десе, анда эмне үчүн бир жыл кармап туруп, президенттин сунушу өтпөй калгандан кийин эртеси күнү жөнөтүп жатышат?

Кубанычбек Момбековду Жогорку Соттун судьялыгынан бошотуу сунушу өткөн жылы парламентке жолдонуп, бирок колдоо таппай калган. Мына ошондон кийин ага карата кылмыш иши козголгон. Азыркы кезде Кубанычбек Момбеков президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жазып, анда ага каршы козголгон кылмыш иштин негизсиз экенин жеткирүүгө аракеттенүүдө.

Кубанычбек Момбеков апрель ыңкылабынан кийин Жогорку Соттун төрагалыгына Азимбек Бекназаровдун сунушу менен барганы айтылып келет. Азимбек Бекназаров да бул ишти куугунтук катары баалап жатат. Ал да президентке кайрылуу жолдоп, анда бир катар маселелерди козгоп жатканын билдирди:

- Парламент Конституцияны бузуп жатат. Конституциянын ордуна төрт фракция түзгөн келишим иштеп жатат. Андан сырткары сот реформасы учурунда бошотулган айрым соттор КСДПнын түздөн-түз катышуусу менен ордуна кайрадан келип жатат. Атүгүл Исаков, Жамгырчиевага тиешелүү чечимдерди чыгарган соттор кайра кызматка келип жатат.

Айрым талдоочулар Башкы прокуратура тарабынан ири кызматкерлерге кылмыш ишинин козголушун президент Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөшүү демилгесинин башаты катары баалап жатышат. Президент кызматка киришүү аземинде коррупцияга каршы күрөш тууралуу буларды билдирген эле:

- Кийинки кадамыбыз элибиздин башында кара булут болуп турган коррупция менен күрөшүү. Ошондуктан мен бул күрөштө өлкө башчысынын укуктарын толук колдоном. Сот болобу, депутат, же министр болобу мыйзам алдында баарыбыз бирдей жооптуубуз.

Президенттин коррупцияга каршы күрөшү баарына тегиз жайылып, чыныгы күрөш башталганына коомчулукту ынандыра алабы, аны мезгил көрсөтөт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG