Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:56

Экономика

Жапаров: Бензин бизнесин атка минерлер калкалайт

Депутат Акылбек Жапаров күйүүчү май саткан компаниялардын көпчүлүгү салык төлөбөстүгүн, аларды атка минерлер калкалап келатканын айтып чыкты.

x
Текст көлөмү - +
“Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров Кыргызстанда баш аягы алты жүздөн ашуун күйүүчү май куючу бекеттердин 15% гана мыйзам чегинде салык төлөп жатканын билдирип, салык төлөбөгөн ишкерлерди, мамлекеттик атка минерлер калкалап жатканын жар салды. Акылбек Жапаровду ушул маселенин тегерегинде сөзгө тарттык.

"Азаттык":
Мындай маалыматты кайдан алдыңыз? 

Жапаров: Бул маалыматты “Газпром Нефть Азия” ишканасынын каржы деректири комитеттин отурумунда жарыялады. Мен буга кошулуп кетет элем. Анткени “Газпром Нефть Азия” эле бүгүнкү күнү жанагы сатыктан салык дегенди толугу менен төлөп жатат. Калган май куючу станциялар болсо кез-кезде, же болбосо такыр төлөбөгөн учурлар кездешүүдө. Мына жылына 1 млн. 200 жүз миң, 1 млн. 500 миң тоннага чейин күйүүчү май заттарын алып келебиз. Ошонун олуттуу бөлүгү - 475 миң тоннаны Газпром алып келет. Бул чоң компания болгондуктан болгон салыктын барын төлөп жатат. Калган үчтөн эки бөлүгү төлөмөксөн болуп, же болбосо такыр төлөбөй жүрүшөт. Ушулардын бардыгын алып чыгышыбыз керек.

“Азаттык”: Ошондо мамлекет тарткан чыгымдын суммасы канча болуп жатат? 85 пайызы төлөбөйт деп жатпайсызбы.

Жапаров: Мына бүгүнкү күнү “Газпром Нефть Азия” 2 млрд. 600млн. сом төлөп атат. Калган күйүүчү майларды ташып алып келип аткандардын бардыгы төлөсө, биз бюджетке 5 млрд. сомго чейин акчаны кошумча салык катары ала алат элек деген ой-пикирлер ошол сандар менен тастыкталып жатат. Дагы эки миллиард сомдун тегерегиндеги салык казынага түшпөй жатат.

“Азаттык”: Салык төлөбөгөн май бекеттерин мамлекеттик атка минерлер калкалап жатат деп атасыз. Ошол адамдар кимдер экенин айта аласызбы?

Жапаров: Эми алардын ысымдарын укук коргоо органдары тактап, анализ кылышы керек. Бүгүнкү бийликте: парламентте дагы, өкмөттө дагы ушул жерден олигарх болгон адамдар бар. Муну жашыруунун кажети жок. Ошондуктан биз ар бир кожоюн бир колонкодан канча пайда таап атат, ошол бир колонкадан бүгүнкү күндө “Газпром Нефть Азия” канча салык төлөп жатат, ошондой ыкмаларды биз киргизишибиз керек. Биз бир бөлөк ыкмага өтүшүбүз керек, бир гана салык болушу керек. Ошол эле чоң-чоң ресторандарда жакшылык, жамандыкты кылып атабыз. Беш жүз киши келет, бир башына миң сомдон ошол ресторандын кожоюну алып жатат. Ошонун жүз сомун же эки жүз сомун салык катары бааласак, анда бир күндө 20 миң сом, же болбосо 10 миң сом деген акчаны бюджетке түшүрсө болот. А ошол эле ресторандын бир айлык патентин карасаңыз үч миң сом, же эки миң сом. Мына ушундай көмүскөдө жаткан салыктардын көлөмүн көбөйтө турган болсок мына ошондо биз чындык келгенин, революция бекер болбогонун аныктай алат элек.

“Азаттык”: Маселен "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиев "Азаттыкка" өз мээнети менен тургузган май куючу жайлары бар экенин, буга Акаев, Бакиев бийлигинин эч тиешеси жок экенин айтканы бар. Сиз кесиптешиңиз өз бизнесин калкалабайт деп ишенесизби?

Жапаров: Азыр мыйзам боюнча кимде-ким депутат болсо, ал өзүнүн бизнесинин баарын өзүнүн туугандарына өткөрүп бериш керек. Бирок эгерде салыкты жанагыдай түшүнүктүү кылып төлөй турган жолдору боюнча мыйзам алып келсек, анда Камчыбек Ташиев биринчи болуп колдоп берет деп мен ишенем.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
10.02.2011 16:16
Акылбек Колумб Американы жаны ачкандай жарлык кылыптыр. Атына жараша заты деген ушу.

кимден: федя
07.02.2011 22:12
бул киши озунун кече кимдин кол алдында иштеп эмне кылганын ойлосо болмок.бет деле калбаптыр.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
07.02.2011 15:47
Кайран эргул. акыл айтканды эмне кыласын. андан коро парспорт ала албай кыйналган элдин мудосун чечпейсинби.

кимден: Тагайбий
06.02.2011 16:18
Атка минерлер калкалабай эле бензин бизнеси ошол Аткаминерлердикида ошону учун парламентке депутат жана башка мамлекеттик жумуштарга умтулушатта бизнесине арким тийишпесин жана налоговый инспекторлор текшербесин деген максатта. Азаттыктан суранат элем бир ушул темада атайын видео тасма дайярдашса скрытый камера менен тартып ар кайсыл жерлерге барып соода кылышса ким кандай клиенттерди тейлейт жана чек береби деген максатта, барган Заправканын атын атабай эле анализ кылып канча заправкадан канчасы мыйзамдуу турдо иш алып бараарын жана ошондой эле Ресторанный бизнести да.

кимден: Бабай
04.02.2011 09:51
А бакиев убагында вице болуп эмнеге бул проблеманы,кылмышты айтып чыкпадыныз?Анда деле баарын билчу эленизго!

кимден: Таксист
03.02.2011 22:17
Урматтуу Кыргызстандыктар ! Ушундай, колунан иш келген жигиттерди биз змне үчүн "бакиевчи" дешибиз керек. Элибиздин уучу кур эмес экен. Башка уул -кыздар да эң сонун идеяларды алып чыгышат деп ойлойм. Жээрибей, мээрим төгөлү демекчимин.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
06.02.2011 16:09
Эң Туура

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)