Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Юандын арзандашынын эпкини тиеби?


Кытай акчасы
Кытай акчасы

Кытай валютасынын акыркы кезде арзандашы Кыргызстанга таасирин тийгизбейби?Кыргызстан Кытайдын тышкы соодадагы мыкты өнөктөшү.

Кыргызстандын тышкы соодасынын 40% Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттер менен болсо, калган бөлүгү башка мамлекеттер, анын ичинде Кытай менен жүргүзүлөт.

Улуттук валюта сомдун доллар менен еврого карата күчүнүн кетүүсү импорттук товарлардын кымбаттоосуна алып келгендей эле юандын кубатынын кетүүсүнүн да таасири тийбей койбойт. Бирок ал, тескерисинче, Кытай экспортуна жагымдуу жагдай түзөт. Бул жагынан Кыргызстанга Кытай товарларынын келишине жакшы шарт түзүлөт.

Мындай жагдай өз кезегинде Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирип, бажы төлөмдөрүнүн көбөйүшү менен Кытай экспортчуларына алып келчү катаалчылыкты кайсы бир деңгээлде жумшартат.

Кыргыз-кытай соодасы боюнча статистикага кайрыла турган болсок, ал боюнча эки жактуу маалымат бар. Кытай маалыматы боюнча, Кыргызстанга экспорттолгон Кытай товарларынын көлөмү опсуз чоң.

Маселен, 2011-жылкы жыйынтыкты ала турган болсок, Кытайдын расмий маалыматы боюнча ал жылы Кыргызстанга экспорттун көлөмү 5 млрд. долларга жеткен. Ал эми Кыргызстандын маалыматы боюнча, 1 млрд. долларга жеткен эмес. Кыргыз бийлиги мындай айырмачылыкты Кытай товарларынын Кыргызстан аркылуу реэкспортко кетишине байланыштырат.

Бирок Кыргызстандын реэкспорттук мүмкүнчүлүгү чектелгенине жараша Кытай менен сооданын өлчөмү да өзгөрүүдө. Маселен, 2013-жылы кыргыз-кытай соодасы 1.5 млрд. долларга жакындап барса, өткөн жылы кыскарып 1.2 млрд. долларды түзүп калган.

Дүйнөлүк эксперттер юандын арзандатылышы ири мамлекеттер ортосунда валюта согушуна алып келбейби деп чочулашууда. Эгерде Кытайдын артынан Түштүк Корея, Индонезия, Жапония сыяктуу мамлекеттер, Европа биримдиги жана Кошмо Штаттар өз валютасын арзандатууга барса, анда эксперттердин чочулоосу негиздүү болуп чыгат.

Кыргызстандын Соода өнөр жай палатасынын төрагасынын орун басары Амангелди Давлеталиев юандын арзандашы Кытай экспортерлоруна жеңилдик берерин айтып, буларга токтолду:

- Бизге алардын акчасын арзандатканынын таасири болбойт. Кандай өлкө болбосун ошол өлкөнүн акчасы арзандаганда экспортерлоруна жакшы түрткү жана стимул пайда болот. Анткени экспортко товар жөнөтүп доллар тапса, долларды Кытайда көбүрөөк юанга алмаштырып алышат. Ошон үчүн көбүрөөк пайда көрүшөт. Биз Евразия экономикалык биримдигине өткөндөн кийин бажы төлөмдөрү бир аз өсөт. Ошону менен Кытайдан бизге экспорт азаят, деп ойлоп атам.

Мурунку каржы министри Акылбек Жапаров Кыргызстандын валюта резервинде юандын өлчөмү өтө аз болгондуктан, Кытай акчасынын арзандашынын Кыргызстанга олуттуу терс таасири болбойт дейт:

- Катуу зыян, пайдасы болбойт. Анткени чек арабыз жабылып атпайбы. Бажы биримдигине кирүү менен баалар көтөрүлөт. Анткени төлөмдөрдүн баарын Москва коёт. Кыргызстан ага түздөн-түз кийлигишүүсүн токтотуп, Москвадагы улуттук органдардан жогору турган бажы структуралары башкарып калат.

Акылбек Жапаров Кытай экспортун Евразия экономикалык аймагына темир жол жана суу транспорту аркылуу ташуу ыңгайлуу болуп, Кыргызстан реэкспорттук мүмкүнчүлүгүнөн кол жууп каларын кошумчалады.

Кыргызстандыктарды, өзгөчө эмгек мигранттарын Кытай юаны эмес, орус рублинин күн сайын кубатынын кетип жатышы көбүрөөк чочулатып жатканы белгилүү. Бүгүнкү күнгө карай бир доллардын наркы Орусияда 64 рублдин тегереги болуп турат. Кыргызстанда болсо бир рублдин наркы бир сомдон да төмөндөп кетти. Бул эмгек мигранттары үчүн пайдалуу эмес. Юандын арзандашы Кытай экспортчулары үчүн пайдалуу болгондой эле бул орус экспортчулары үчүн ыңгайлуу.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG