Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

“Центерра” менен Сатыбалдиев сүйлөшөт


Кумтөрдүн алтыны.
Кумтөрдүн алтыны.

Кыргыз өкмөтү “Центерра голд инк” менен сүйлөшүү үчүн Консультативдик кеңеш түздү. Аны өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жетектейт. Кеңеш Кумтөр долбоорун андан ары кандай иштетүүнүн жолун карамакчы.

Жогорку Кеңеш 21-февралдагы жыйынында Кумтөр боюнча өкмөттүк комиссиянын маалыматын угуп, “Центерра” менен сүйлөшүү үчүн өкмөткө 3 ай мөөнөт берген. Бул мезгилдин ичинде “Центерра” менен орток пикир табылбаса, анда кыргыз тарап 2009-жылкы келишимди бузууга тийиш.

Кыргыз өкмөтү “Центерра” менен сүйлөшүү үчүн адегенде биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев башында турган топ түзгөн. Экинчи тарап да ошол кезде сүйлөшүүгө аракет жасады. Бул максатта “Центерранын” президенти Ян Аткинсон февраль айынын биринчи жарымында Бишкекке келди. Бирок биринчи сүйлөшүүдөн натыйжа чыккан эместей. Ал “Центерра голд инктин” 21-февралда өз сайтында 2009-жылкы келишимди мыйзамдуу деп атап, чыр уланса, маселе эл аралык арбитражда чечилеринен билдирүүсү менен тастыкталып турат.

Кырдаалдын тирешүү жагына ооп баратышы жана жоопкерчилик маселеси “Центерра” менен сүйлөшүү үчүн өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев башында турган жаңы топтун түзүүгө алып келди окшойт. Ал эми Оторбаев башында турган топтун чамасы чакталуу болуп, ал четке сүрүлдү.

Өкмөттүн маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун 13-марттагы билдирүүсүнө караганда, Жантөрө Сатыбалдиев башында турган Консультативдик кеңеш алгачкы жыйынын өткөрдү. Кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн “Центерранын” өкүлдөрү да Бишкекке келишти. Эми сүйлөшүүлөр жанданат дейт Эржигитов:

- Эми Кудай буйруса, Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөр болот. Мындан ары тынымсыз сүйлөшүүлөр жүрө берет.

Маалыматка караганда, “Центерранын” делегациясын анын аткаруучу директору Ян Аткинсон мырза жетектеп келди.

Жогорку Кеңештин Отун энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Кожобек Рысбаев сүйлөшүүлөр эми эле башталып жаткандыктан азырынча бир жактуу сөз айтуу мүмкүн эмес дейт. Ошол эле мезгилде Кыргызстандын экологиялык зыян үчүн эле 470 млн. долларга жакын айып салышы жана башка оор талаптар мунаса табууга кедергисин тийгизбейби деген суроого мындай жооп берди:

- Эми аны биз аны оюбуздан чыгарып койгон жокпуз. Өкмөт өзү барып, экологиялык зыянды аныктап келгенден кийин коюлду. Мүмкүн андан да жогорудур. Аны ошол адистер, экологдор аныктасын. Кыргызстандын экологиясын ошончо бузганы үчүн коюлуп жатат.

Рысбаевдин айтымында, өкмөт сүйлөшүүнүн жүрүшү боюнча Жогорку Кеңешке ай сайын маалымат берип турууга тийиш.

Жантөрө Сатыбалдиев башында турган кеңеш Кумтөрдүн тынымсыз иштөөсүн камсыздоо, Кумтөргө бөлүнгөн жерлерди инвентаризациялоо, “Центеррадагы” Кыргызстандын үлүшүн натыйжалуу башкаруу боюнча да иштерди жүргүзөт.

Белгилүү болгондой Кыргызстандын “Центеррада” 33% жакын үлүшү бар. Он эки мүчөдөн турган “Центерра голдн инктин” Директорлор кеңешинин үчөө Кыргызстандан. Алардын ичинен Ниязбек Алдашев кызматынан баш тарткан. Ошондуктан Кыргызстандан учурда Амангелди Муралиев жана Карыбек Ибраев гана иштеп жатат.

Маалыматка караганда, май айында “Центерранын” акционерлери Директорлор кеңешине жаңыдан шайлоо өткөрүүнү белгилешти.

Кыргызстан мына ошол кеңеште да өкүлчүлүгүн көбөйтүп, Кумтөрдү башкарууга таасирин күчөтүүнү да көздөп келатканы маалым. Булардын бардыгы эми эки тараптын сүйлөшүүсүнө жараша болот.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG