Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:56

Экономика / Бизнес

Казинолордун тагдыры арсар

Казино ээлери бюджетке кирешени эселеп көбөйтүүнү сунуштап жатышат. Азыр аларды жаппастан, алыскы аймактарга көчүрүү сунуштары айтылууда.

Текст көлөмү - +
"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: коомдук ишмер Кемелбек Ашыралиев жана Оюн бизнеси ассоциациясынын өкүлү, эксперт Данияр Жолдошев.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев: Моралдык жактан алганда депутаттар туура эле чечим кабыл алды. Бирок кумарканаларды такыр жаап салганга мен макул эмесмин. Өкмөт башчы Тамчы айылынын тегерегине оюн зонасын түзүп беребиз деп ачык айтты. Ал жерге чет мамлекеттен келгендер гана кире алат, алар ойной берсин. Ал эми казиночулар "уруксат берсеңер былтыркыдай жарым миллиард эмес, бир миллиарддын тегерегинде салык төлөп беребиз" деп атышат. Бул бизге керек эмеспи? Керек да. Парламент башында эмоциялык чечими кабыл алды, ал түшүнүктүү. Бирок биз суу менен кошуп баланы да ыргытып жатыбыз.
Келечекте кыргыз элине кызмат кыла турган, иштей турган, Кыргызстанды көтөрө турган жаштар казиного барып, ошондон ооруп, чыга албай калып жатышат. 

“Азаттык”: Казинолорду жабуу мыйзамы айрым бир башка мыйзамдарга каршы келерин өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов да мурда белгилегени бар. Казино ээлери бюджетке кирешени эселеп көбөйтүүнү сунуштап жатышкан экен. Ал эми Тамчыга көчүрүүгө макулбу?

Данияр Жолдошев: Жоомарт мырза жакшы айтты. Азыр чындыгында Кыргызстанда экономикалык абал начар. Ошондуктан казино ээлери салыкты 1 миллиардга чейин көтөргөнгө күчү жете турганын билдиришкен.

Бул маселе мурда деле көтөрүлүп кеткен. Буга чейин да кумарканалардын салыгын көбөйткөндө көптөрү ошол сумманы төлөй албай өздөрү эле жабылып калган. Ошондо аз жана сапаттуу казинолор калган.

Азыр деле өкмөт өкүлдөрү ишкерлер менен отуруп сүйлөшсө, бул маселе чечилет деп ойлойм. Казино – бул бизнес. Биздин ассоциация мыйзам чегинде иштеп атат. Биз тараптан сунуштар өкмөткө берилди. Биз  мыйзам түрүндө сүйлөшкөнгө даярбыз.

Кемелбек Ашыралиев: Парламент абдан туура чечим кабыл алган. Келечекте кыргыз элине кызмат кыла турган, иштей турган, Кыргызстанды көтөрө турган жаштар казиного барып, ошондон ооруп, чыга албай калып жатышат. Алар турмуш-жолунан, үй-бүлөсүнөн адашып, бизнесин таштап, керек болсо аракка, баңгичиликке да берилип атат.

Эгер Кыргызстандын келечегин ойлой турган болсок казинолорду эчак эле жабышыбыз керек болчу. Бул абдан кирешелүү тармак. Ошондуктан аракет кылып атышат, эртең 2 миллиард бер десе деле макул болот. Мыйзам боюнча жабылдыбы - жабылган бойдон калыш керек. Ага кайрылып да кереги жок. Акча көп болуп атса Казакстанга, Орусияга барып ойносун.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Кубанычбек каяктан: Бишкек
08.02.2012 22:52
Ар кандай бизнестин негизги максаты - пайда көрүү, башкача айтканда сарптаган акчанын баардыгын кайра кайтаруу жана үстүнө кошумча акча табуу. Эми карап көрөлү: эгер 2 миллиард сом мамлекеттке салык катары берем деп жатышса - ал чыгым кеткен чыгыдын теңинен азын түзөт деп ойлойм, керек болсо 20 процентин гана түзөт деп ойлойм. Анда Кыргызстандын казиночолору орто эсеп менен 10 миллиард сом чыгым жасашат. Демек ошол 10 миллиард сомго дагы өзүлөрүнүн пайдасы катары дагы 5 эле миллиарсом кошсок, биздин ойнормандар казиночуларга 15 миллиард сом утулат экен. Эми ошол акчалар кайдан келген: албетте бирөөлөрдүн үйү сатылган, бироолордун уйу сатылган, бироолордун койу сатылган, бироолордун ойу сатылган, бироолордун иштеп турган бизнеси сатылган, бироолордун баласы, кызы, аялы жана башкасы сатылган, сатканга эч нерсеси калбай калганда, бироолодун үйү уурдалган же тонолгон, бироолордун уйу уурдалган, бироолордун койу уурдалган бироолордун ойу уурдалган. Муну менен эмнени айткым келип жатат - кичине бюджетке акча тушсун деп - ушунча жамандыкты өзүбүздүн элге алып келебизби? Кичине ойлонолу да жалпы элибиз менен жок, эч качан казинолор бизге жакындабасын, дейли. Мен мындай жамандыкты казак, өзбек, тажик кошуналар турмак, душманыма да кааламак эмесмин.

кимден: tazabekova Ж каяктан: MANAS un.
07.02.2012 11:56
жумушсуз калгандардын жарымы студенттер болгону маалым. алар иштеп жургондо окууну ким окуган деген суроо аргасыздан туулат экен. бул жерден келечектеги кыргыз жаштарынын билимге болгон коз карашынын бир фигурасын байкасак болот. ал эми салыкты кобойтуп региондорго ачалы деген кундо да ошол толонгон акчанын отчетун жалпы элге ким бере алат. баягы эле адамдардын чонтогундо калат да туурабы

кимден: Мирлан (Таксыр) каяктан: Бишкек шаары.
06.02.2012 17:21
Ассалоому алейкум Кыргыз калкым!!! Казино деген бул? адамды айбан,барлы жок, бакытты тозок кылган мандайга буткон жарабы деп ойлоп калам кээде олтуруп.Мен премьер министрге тушунбой калдым эмне себептен кайра карап корууну каалап жаткандыгын, же мыйзамды министр уруп ойнобойбу? же бизге болобереби, депутаттар эмоцияга алдырып чийки мыйзам иштеп чыгышты дегени турасынарбы? Кудайга шугур ал жерде 120 депутаттын биринин акылы жетпей калышы мумкун а калганычы? андан коро урматтуу арам казинонун ачылышын колдогон митинг,пикетчилер ошондой эле иштегинер келип турса, баргыла Баткенге,Ошко жерлер калып баратат ошол жактын элдери сыяктуу адал тамака уйронуп келгиле..Бул жакта бироону боздотуп акчасын алып жыргап отурбай.

кимден: Канат
06.02.2012 03:52
арам акчага кыргызстан эли байып же онугуп кетпейт. Тескерисинче, онугуудон артка кетет. жакында эле 10 жыл кореяда бел которбой иштеп 100000 доллар чогулткан бала кыргызстанга барып бир кундун ичинде эле казиного уткузуп салды. азыр эч нерсеси жок, ноль. эгерде андай болбогондо ал акчага кореядан сыпаттуу жакшы станокторду алып, кыргызстанда 15 тен 20 адамга чейин жумуш ордун жараткан завод ачса болмок эле.
Кыргызстан Кореянын жолун алып онугууго жол койсо болот, кореяда эбак эле кумарканаларга тыйуу салынган.

кимден: Айдай каяктан: Бишкек
05.02.2012 19:37
Кемелбек агай туура айтат, канчалаган улуттун эстүү жигиттери бачым жол менен байып кетем деп КАЗИНОГО баш оту менен кетип, тагдыры талкаланып кетти.Биздин коңшунун уулу бар эле батышта окуду ушу казино деген азгырык оюнга берилип кетип, аягы наркоман болуп талаада калды.Бабанов менен Оторбаев Тамчы айылында кумаркана жайларын ачууга ниеттенип жатканы жакпады, мыйзамды сыйлабаганы. Айыл чарбасында кайра иштетип чыгаруучу ишканаларды кеңейткенде жумуш орундары пайда болот эле.Бюджетке жанагы 1 млрд сом бергени менен корей кожоюндар чөнтөгүнө 2 мллрд сомду салып, жартысын Чоңүйдөгүлөр менен бөлүшүп жатат.Арак ичпеген, тамеки чекпеген, кумар оюну менен кызыкпаган мусулман дүйнөсү татынакай эле өнүгүп жатпайбы.Султан палван дүйнөнү интеллект сактайт деп айтканын уктум, интеллект болгону менен ыйманы жок пенде болсо, жыты жок Голландиядан келген жоогазынга окшоп калат

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
04.02.2012 02:34
Kemelbek tuura aytat!!! Otorbaev Mırza! Kazinodon jakshılık kelbeyt. Anın akchasın alıp byudjetke degeniniz tuura emes. Kazinogo tushkon akchalar jırgatpayt... al jerdegi akchanın jaman energetikası bolot. Keregi jok kazinonun!!!
Пикирге жооп

кимден: кубат каяктан: баткен
07.02.2012 15:48
Мирлан таксыр мен сиздин созунузго тушунбой калдым Эмне казиночулар Ош,Баткенге барсын дединерби.Анда таксыр жаныласын
Ошочолук олко акчадан кыйналып жатса анда казинолорду калтырууну ойлобой башка тараптарды онуктурсун.Кыз кылыгын кылат болуп кайра кайра казиного сойконбой ошол закон кабыл алындыбы емнеге аны дагы чукулайсынар.?????

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине