Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Жумушсуздар менен аткаминерлер көбөйүүдө


Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү парламентте ант берип жаткан учур, 2010-жылдын 27-январы.
Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү парламентте ант берип жаткан учур, 2010-жылдын 27-январы.

Кыргызстанда 1990-жылга салыштырмалуу мамлекеттик кызматтагы адамдардын саны беш эсеге өсүп, бюджеттин 1/3 бөлүгү аларга жумшалары айтылууда.

Мамлекеттик кызмат боюнча агенттик болсо чиновниктердин саны тескерисинче мурдагыдан азайганын билдирүүдө.


Бир тобу мигрант, дагы бир тобу чиновник


Кыргызстандагы жумушсуздуктан жарандардын бир тобу миграцияга кетсе, дагы бир бөлүгү мамлекеттик кызматка илешүүгө аракеттенет. Анткени башка жумуш жок. Мамлекеттик кызмат көп учурда бизнес булагына айланып, ошонун айынан коррупция күчөп, саны көбөйгөн мамлекеттик органдар өнүгүүгө жолтоо болгон жайлары арбын.
Бизде азыркы кезде болгону 18.5 миң мамлекеттик кызматкер бар. Бул башка өлкөлөр менен салыштырмалуу орточо санды түзөт...
Чолпонкул Арабаев


Чиновниктердин өскөнүнүн айкын белгиси катары өкмөттө министрлик, комитеттердин көбөйүүсү аталып келатат.

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдардын ишинин чаржайыттыгы, функцияларынын так эместиги алардын ишинин натыйжалуулугунун азайышына алып келип жатканын белгилейт. Ал ошондой эле 1990-жылга салыштырмалуу чиновниктер беш эсеге өскөнүн билдирди:

-1990-жылга салыштырмалуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын саны беш эсеге өстү. Ал кезде менчик ээси мамлекет болгон. Эл чарбасы жана экономиканы башкарууда мамлекеттин ролу абдан жогору болгон. Азыркы кезде көп иштерди жеке тараптар аткарат. Ошого карабай чиновниктердин саны беш эсеге өсүп отурат.

Мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин башчысы Чолпонкул Арабаев мамлекеттик кызматкерлердин саны мурунку кезге салыштырмалуу кыскарганын айтат:

- Бизде мамлекеттик кызматкерлердин саны өскөн жок. Тескерисинче, алардын саны кыскарды. Бизде азыркы кезде болгону 18.5 миң мамлекеттик кызматкер бар. Бул башка өлкөлөр менен салыштырмалуу орточо санды түзөт.

18.5 миң мамлекеттик кызматкерге муниципалдык кызматта иштеген 10 миңге чукул кызматкерди кошкондо 30 миңге чукул чиновник бар экени белгилүү болот. Бирок бул санга бюджеттен айлык алган мугалим, дарыгерлер, тартип коргоо органдарынын кызматкерлери кирген эмес.


Бюджеттин канча пайызы чиновниктерге кетет?

Дүйнөлүк тажрыйбада мамлекеттик бюджеттин 5-7% чейин, макул 10% чейин чиновниктерге кетиш керек. Бизде тилекке каршы 30% чейин кетип жатпайбы.

Жогорку Кеңештин депутаты, кезинде жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын бирикмесинде жетекчи кызматтарда иштеген Курманбек Дыйканбаев 1990-жылдарга салыштырмалуу мамлекеттик кызматкерлердин саны шексиз көбөйгөнүн айтат:

- 1990-жылга салыштырмалуу албетте, көбөйүп кетти. Жылдан-жылга көбөйүп атат. Дүйнөлүк тажрыйбада мамлекеттик бюджеттин 5-7% чейин, макул 10% чейин ошол чиновниктерге кетиши керек. Бизде тилекке каршы 30% чейин кетип жатпайбы. Ошон үчүн биз кыскартышыбыз керек.

Кыргызстанда 472 айыл өкмөтү бар. Аларда 10 миңге чукул кызматкер эмгектенери айтылууда. Бирок бул сан бир топко көп болушу мүмкүн. Анткени ар бир айыл өкмөттө эмгектенген кызматкерлердин саны арбын.

Маселен, Баткен облусундагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Алчыбай Төралиев айыл өкмөттөрдө калкынын санына жараша кызматкерлер бардыгын белгилейт:

- Ар бир айыл өкмөттө 30-33төн кызматкер бар. Кээ бирлерде 28 кызматкер бар. Бизде кароолчу, айдоочуну кошкондо33 штат бар.

Төралиев 1990-жылдарга салыштырмалуу муниципалдык кызматкерлердин саны көбөйдү дегенге кошулбайт. Мисал катары мурун айылдык кеңештердеги кызматкерлерге кошумча колхоз, совхоздордун жетекчи, адис кызматкерлердин абдан көп болгондугун эскертет.

Кандай болгон күндө да, өкмөт чиновниктик аппараттын абдан арбып баратканын моюнга алып, келерки жылы алардын санын 20% кыскартуу милдетин койду. Кыскартуудан үнөмдөлчү 800 млн. сомду калган чиновниктердин айлык акысын көтөрүүгө жумшоону көздөп турат.

Өкмөттүн кезектеги планы ишке ашабы же кагазда калабы, аны мезгил аныктайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG