Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

Улуттук банк: Ар ким өз ишин жасаса...


Улуттук банктын дарегине олуттуу сындар айтылып келет. Улуттук банктын төрагасынын орун басары Сүйөркул Абдыбалы тегин “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Улуттук банктын экономикалык өсүштү камсыздоого карата мамилеси, ролу жөнүндө сөз кылалы деп чечтик. Мына АКШда, Орусияда башкы банктардын экономиканын өсүшүнө карата ролу абдан чоң. Биздин Улуттук банк андай жараяндан сыртта калгандай...

Сүйөркул Абдыбалы тегин: Биринчиден, биздин Улуттук банк деле сыртта калган жок. Биздин банктын ролу аябай чоң. Болгону ар бир экономиканын өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Мисалы, биз азыр өтүп аткан деңгээлден башка өлкөлөр алдыга озуп кеткен.

Ар бир өлкөнүн өзүнүн өзгөчө проблемасы бар. Мисалы, биздин банктарга салынган аманаттардын деңгээли абдан аз. Ошол топтолгон аманат акча менен Америкага теңеле албайбыз. “Каргага теңелем деп каздын буту сыныптыр” дейт. Ар ким өзүнүн чөнтөгүнө жараша жашаш керек.

Насыя боюнча көп сөз болуп жатпайбы. Насыя берилбейт деп жатышат. Биринчиден, насыя бериш үчүн ошончо аманат болуш керек. Элдин акчасы болсо, алар банктарга алып барып салса, ошонун негизинде насыя берилет. Банктар асмандан акча алалбайт да. Эгерде Улуттук банк жөн эле акчаны басып чыгара берсе, анда гиперинфляция болот. Андан өткөнбүз да. 90-жылдары канчалаган банктар банкрот болду!

“Азаттык”: Анда Улуттук банктын насыялардын үстөк пайызын азайтуу үчүн эч кандай айласы жокпу? Мына, азыркы кезде Кыргызстан насыялардын үстөк пайызы эң жогорку өлкөлөрдүн катарында экен.

Сүйөркул Абдыбалы тегин: Айла жок эмес, айла бар. Улуттук банктын мыйзам чегинде аныкталган, жүктөлгөн негизги функциялары бар. Ошолорду аткарыш керек. Эгерде биз өзүбүздүн функциябызды аткарбай, башка жагына ооп кетсек, кризистин баарын ошондо чыгат. Биринчиден, Улуттук банктын салымы эмнеде болуш керек? Мыйзамда эң биринчи жазылган, Улуттук банк инфляцияга жооп берет деп. Акчаны көп чыгарып, инфляция болуп кетсе, биз жооп беребиз. Биз ошону карашыбыз керек.

Биз көп нерседен көз карандыбыз. Мисалы, күйүүчү майдын 90-95% сырттан алып келебиз. Буудайдын канчасын алып жатабыз! Биз өзүбүз баарын билебиз да. Ошолордун баарын көрүп туруп, "бул жагы мындай болот, тиги жагы тигиндей болот" дей бергенге боло бербейт. Булардын баарын балансташтырып, бир тартипке келтирип, анан саясат жүргүзүш керек. Кээ бир эксперттер айтып жатпайбы, “минтип эле койсо болот” деп. Антип эле койсо болбойт.

Бюджет: кумга сиңген суудай

“Азаттык”:
Балансташкан саясат жок деп эксперттердин баары айтып жатат. Улуттук банк болгону инфляцияны көзөмөлдөйбүз, макроэкономикалык туруктуулукту сактайбыз деп, акчага муктаж тармактарга, маселен кайра иштетүү тармагына же ишканалардын модернизациялоо үчүн узак мөөнөттүк насыялар такыр жок деп Улуттук банкты айыптап жатышат. Ишкерлер айыптап жатат, өндүрүш бирикмелеринин башчылары сындап жатат. Баланс жок. Экономикалык өсүшкө эч кандай салымы жок. Улуттук банк базарда накталай акча көбөйүп кетсе, сомдун курсуна залалы тийбесин деп, аны чогултушат, ушундай иштер менен эле алек болуп отурушат дешет...

Сүйөркул Абдыбалы тегин: Мунун баарын сан түрүндө айтып бериш керек. Былтыркы жылы насыя берүүнүн көлөмү 28.5% өстү. Мурдагы жылы 18.3% өскөн. Депозиттер былтыркы жылы 31%, мурдагы жылы 13.5% өстү.

Эч нерсе кылбай жатат деп айтып коюш оңой. Бул эң жеңил жол. Улуттук банк минтип койсо эле болот деген эң оңой жол. Кеп анда эмес. Кеп башка жакта. Насыя алып жаткан кишилер продукциясын каякка чыгарат? Ошолордун продукциясынын конкуренттүүлүгү барбы? Каерге барып сатат? Анан ушулардын баарын карабай эле, келип эле банктарды басып калышат. Ал туура эмес.

Экинчиден, биз өкмөт менен бюджеттик жана акча-насыя саясатын эриш-аркак жүргүзүшүбүз керек. Антпесе башка жолго түшүп кетебиз. Жыл сайын айтып келатабыз, “урматтуу өкмөт, бюджеттин тартыштыгын азайткыла” дейбиз.

Бюджеттин тартыштыгы деген эмне деген сөз? Бул экономикага келген акчанын баары бюджетти жабууга кетип калып жатат дегендик. Жеген-ичкенге кетип калууда.

“Азаттык”: Улуттук банктын кирешеси да ошол жакка кетип жатабы?

Сүйөркул Абдыбалы тегин: Ал да ошол жакка кетип жатат. Ошону азайтыш керек. Экономика өстүрүүгө да акча бөлүнүш керек. Бюджеттин тартыштыгын канчалык азайтсак, экономикага багытталган акча өз жолунда болот.

"Жылкыга карап ышкыралы"

“Азаттык”
: Мурдагы каржы министри Акылбек Жапаров өкмөт менен Улуттук банк эриш-аркак иштей албай жатат деп айтууда. Ал үстөк пайыздарды азайтуунун схемасын сунуштады. Ал боюнча кардар 10% үстөгү менен насыя алууга мүмкүнчүлүк алат экен. Бул канчалык реалдуу?

Сүйөркул Абдыбалы тегин: Ал схема менен тааныштым. Өкмөттүн токтому чыкты. Анда айыл чарбасына субсидия берүү каралган. Бюджеттен 400-500 млн. сом бөлүндү. Ошонун эсебинен өкмөт 4.5 млрд. сомго чейин насыяны субсидиялап жатат. Бул биринчи жолу болуп жатат. Чындыгында бул Жапаров айтып аткан схемага окшош. Сатыбалдиевдин өкмөтү бул схемага биринчи жолу көңүл буруп, ага барып жатат.

“Азаттык”: Девальвация маселесине келсек. Казакстан бийлиги өткөн жылдары тенгени чектелүү девальвациялоого барган. Бул экспортерлор үчүн абдан пайдалуу деп айтылып келет. Жапониянын өкмөтү да күчтүү иенди алсыратууга баратат. Бизде да инфляцияны көзөмөлдөп туруп, экспортерлор үчүн ыңгайлуу боло тургандай чараларды көрсө болбойбу?

Сүйөркул Абдыбалы тегин: Ар ким өзүнүн абалына жараша саясат жүргүзүш керек. Бизде экономиканын 70% ашуунун чакан ишкерлик түзөт. Бизде Казакстандагыдай жүздөгөн чоң бизнесте отургандар жок. Казакстанда бир ири комбинат эле 1 млрд. доллардан ашуун түшүрүп койот. Мунай чыгарган ишканалар канчалаган миллиарддарды берип жатат?! Бизде андай ишканалар жокко эсе, "Кумтөрдү" эсепке албаганда.

Майда ишканаларга эң башкысы эмне керек? Аларга туруктуулук керек. Анан алдын-ала өзүнүн ишканасынын ишин уюштурганга убакыт керек. Биз 2007-2008-жылдары дүйнөлүк кризистен кийин муну аябай көп талкуулаганбыз. Ошондо биз бир жолку девальвация эмес, аны акырындык менен жасоо жолун тандап алганбыз. Ошонун натыйжасында бир жарым жылдын ичинде 30 пайыздык девальвацияга жетиштик. Бул башкача жолу. Биздин оюбузча, чакан ишканаларга мына ушул жол көбүрөөк туура келет.

“Азаттык”: Бюджеттин тартыштыгын каржылоо үчүн сиздер Улуттук банктын кирешесин жыл сайын жумшап жатасыздар. Өткөн жылы жаңылбасам 700 млн. сомдой берилди окшойт...

Сүйөркул Абдыбалы тегин: Жок, 1.5 млрд. сом берилди.

“Азаттык”: Ушул акчаны насыялардын үстөк пайызын төмөндөтүүгө максаттуу түрдө пайдаланса болбойбу?

Сүйөркул Абдыбалы тегин: Ар ким өзүнүн иши менен алек болуш керек. Эгерде өкмөт ошондой деп чече турган болсо, анда өкмөттүн аны жасаганга акысы бар. Азыркы кезде деле субсидия аркылуу берип жатат. Бюджеттин тартыштыгы деген менен ошол эле кыйыр түрдө 400-500 млн. сомду өкмөт берип жатпайбы. Улуттук банк өзү эмес, өкмөткө кирешенин баарын бериш керек. Өкмөт чечиш керек.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG