Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

АКЧА: Банккабы же байпаккабы?


Көпчүлүк кыргызстандыктар акчаларын банктарда сакташпайт. Андан көрө колунда накталай кармап турганды эп көрүшөт. Ошондой эле Кыргызстанда накталай эмес акча менен соода жүргүзүү деңгээли төмөн.

Улуттук банктын маалыматына караганда, карапайым калктын депозит катары коммерциялык банктарга салган акчалары быйыл 13 миллиард сомдон ашты. Ал эми банктардан сырткары эл колундагы акча 40 миллиард сомдон ашыгыраак.

Экономист Азамат Акелеевдин айтымында, бул көрсөткүч элдин банктарга болгон ишенимин чагылдырып турат.

- Азыр банктарга ишеним төмөн. Өзгөчө “Азия Универсал Банк” кулагандан кийин ал ишенимге абдан катуу сокку урулду. Экинчиден, бизде жалпы финансы системасы өнүккөн эмес. Мисалы, бизде баалуу кагаздар базары өнүккөн эмес. Көпчүлүк банктар жөн эле акча алмаштыруу, же акча которуулар менен алектенет.

Мындан тышкары, коммерциялык банктар маркетинг системасын жолго сала албай, калк колундагы акчаны өзүнө тарта албай жатат, акча, насыя системасы өнүккөн эмес деп кошумчалады.

Ашказандан арта элек

Ал эми Улуттук банк жетекчисинин орун басары Абдыбалы тегин Сүйөркул мындай пикирге кошулбайт. Анын айтымында, эки жыл мурдагы дүйнөнү каптаган каржы каатчылыгы, былтыры Кыргызстанда жүз берген ыңкылапка карабай элдин банктарга салган аманаттары арбып жатат.

- Албетте биз ойлогондой тез эмес, аз-аздан болсо да өсүп атат. Эң негизги айта кете турган нерсе: алар азайган жок. Эл банктардан депозиттерин алып качып кетишкен жок. Жеке адамдар жаманбы-жакшыбы банктарга ишеним көрсөтүп эле атат.

Абдыбалы тегин Сүйөркул
Банкир иштин жагдайын башка себептерден көрөт. Анын пикиринде, Кыргызстанда карапайым калк электрондук негизде, же банк аркылуу соода жүргүзбөйт. Алар негизинен накталай акча менен соода кылышат. Мындан тышкары элдин көбү жакыр болгондуктан банкка сактагыдай акчасы да жок.

Сүйөркул мырза мисалга коңшу Кытайды тартып, кытайлыктар жылдык кирешесинин 40 пайызын коротпой, атайын сактап койорун белгилейт. Ал эми Кыргызстанда мындай жыйым жыйналбай, табылган каражат чыпчыргасы коробой кара курсакка гана кетүүдө.

- Мисалы, жылына 100 сомго товар чыгарса, ошонун 40 сомдон ашыгын булар запас кылып топтоп атат. Биз болсо тапкан кирешебиздин баарын жеп коюп, андан да ашырып ийиптирбиз.

Банк эмес, башкасына жетпейт

Улуттук статистика комитетинин расмий сайтындагы маалыматка караганда, Кыргызстанда 2011-жылы орточо айлык акы 7 миң сомдон бир аз ашты. Ал эми эң төмөнкү керектөө баштыгы болсо 3,5 миң сомдон жогору. Мындай шартта кыргызстандыктар акча күнүмдүк турмуштан артпай каларын белгилешет.

"Азаттык":
Акчаңызды кайда сактайсыз? Банктабы же башка жактабы?

Турар, убактылуу ишсиз: Банкка салгыдай деле көп акча таба элекпиз да. Ошончо тапкандан кийин банкка сактаса болот.

Асылбек, айдоочу: Бар болсо сактайсың да, жоктун эмнесин сактайсың?

Зина, мугалим: Банкта да, банкага да сактай турган акча жок. Заматта тамак-ашка салып койобуз.

Мирлан, инженер: Каалаганы келип ячейкаларды ачып атышса, кагаз жазып, жазбай деле... Эсебиңдеги акчаны ким кантип алып атканын кайдан билесиң? Кыргыз банктарына ишенич жок.

Назира, студент: Шкафта сактайм. Кийимдеримдин арасына катып койом. Капчыгымда да болот.

Айтмакчы, Абдыбалы тегин Сүйөркул мырзанын белгилешинче, кыргызстандыктардын көпчүлүгү ислам динин тутунушкандыктан, “чыныгы мусулман банк менен иштешпейт” деген түшүнүктөн улам да эл арасында банкка акча салуудан баш тарткандар бар.

XS
SM
MD
LG