Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

“Ак кемедеги” талаштар


"Ак кеме" мейманканасы, Бишкек.
"Ак кеме" мейманканасы, Бишкек.

Түркиянын “Система мүхендислик” компаниясы Бишкектеги "Ак кеме" мейманканасы боюнча талашта эл аралык сотторду утуп чыкты.

Эми бул компания Кыргызстандын “Центеррадагы” акцияларын камакка алууга умтулууда. Мейманкананын азыркы кожоюну Руслан Сарымсаков болсо "кыргыз өкмөтү жергиликтүү ишкерлердин кызыкчылыгын коргобой, көз боёмочулардын жетегинде баратат", - деп айыптады. “Ак кеме” мейманканасынын айланасында талаш-тартыштар көп жылдан бери уланып келатат.

75 миллион доллардан чыккан чатак

“Ак кеме” мейманканасынын түптөлүшү Кыргызстан эгемендик алган жылдары Түркия бөлгөн 75 млн. долларга байланыштуу. Бул акчанын 8 млн. 700 миң доллары мейманкананы курууга багытталган. Руслан Сарымсаковдун айтымында, 75 млн. доллар насыянын калганы дээрлик баары уурдалып-тонолуп кеткен.

Азыркы кезде мейманкананы талашып жаткан “Система мүхендислик” аттуу түрк компаниясы курулуш ишин жүргүзүүдө өнөк катары тартылган. 1999-жылы сот тарабынан “Ак кеме” мейманканасы кудуретсиз деп табылгандан кийин “Систем мүхендислик” мейманкананы башкарып калган.

2005-жылы ыңкылаптан кийин мейманкана кайрадан Руслан Сарымсаковдун колуна өткөн. Бирок “Систем мүхендислик” рейдерлик жасалды деп кыргыз өкмөтүн Женева сотуна берип, 2009-жылы утуп алган. Сот үстөк пайыздары
менен 11 млн. доллар төлөп берүүгө Кыргызстанды милдеттендирилген.

Кыргызстан бул акчаны төлөп бербегендиктен түрк ишкери Канаданын Онтарио сотуна кайрылып, Кыргызстандын “Центеррадагы” акцияларын камакка алуу талабын койгон. Онтарио соту Кыргызстандын 77 млн. акциясынын 4 миллионун убактылуу камакка алуу чечимин чыгарган.

“Ак кеменин” азыркы кожоюну Руслан Сарымсаков түрк компаниясына Кыргызстандын тартип коргоо органдары 2005-жылдан кийин ири суммада доо койгонун эске салат:

- Аудит түрк компаниясы мамлекетке 116 млн. сом зыян келтиргенин аныктап чыккан. Интерпол аркылуу издөө жарыяланган. Эсеп палатасы түрк компаниясы 339 млн. сомду чыгарып кетти деп аныктап чыккан. Муну мен эмес, расмий органдар аныктап чыккан. Буга карабай каржы министрлиги булардын баарын четке кагып, биздин “Ак кемеге” гана доо коюп жатат.

Сарымсаковдун пикиринде, кыргыз өкмөтү мына ушул фактыларды эске албай, түрк ишкеринин талабын аткарууга баратат.

Чатакка эми Малайзиянын компаниясы аралашабы?

Өкмөт өз кезегинде чечим Эл аралык соттуку болгонун эске салат. Өкмөт аппаратынын укуктук бөлүмүндө мурда иштеген Эркин Мамыров буларга токтолду:

- Эгерде түрктөргө уттурган болсо, анда соттун чечимин аткарыш керек. Соттун чечимин аткарбаса ызы-чуу болуп, акцияларды камакка алып, ушундай болуп жатпадыбы. Анан Сарымсаков менчикке чыгарып алып, жок муну мамлекет өзү төлөш керек дегени туура эмес да.

Эркин Мамыровдун айтымында, Сарымсаков юрист жалдап, өкмөттүн кызыкчылыгын коргоо милдетин алган. Анын натыйжасы кандай болгону азыр көрүнүп турат.

Эл аралык сотто Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон юрист Индира Сатаркулова кыргыз өкмөтүн көмөк көрсөтпөдү деп айыптады:

- Мен айткандай, өкмөт тарабынан коргой турган иштер жасалган жок. Документтер берилген жок. Документтер өз убагында макулдашылган жок. Иш жүзүндө мен өкмөттү өкмөттүн өзүнө каршы коргоп жаттым. Бул боюнча менде документтер бар. 2009-жылы сот түрк компаниясынын талабын жарым-жартылай канааттандыруу боюнча чечим чыгарган.

“Ак кеме” боюнча жаңжалга эми Малайзиянын компаниясы да аралашуу алдында турат. Бул компания түрк фирмасы өз милдетин дурустап аткарбай калганда, 2 млн. доллар инвестиция салып, мейманкананы бүтүргөн. Азыркы кезде “Ак кеме” биргелешкен ишканасынын жарым үлүшүнө ээ. Ошондуктан мейманкана түрк компаниясына кайтарыла турган болсо, анда малай компаниясы Кыргызстанды сотко бермекчи.

Мейманканын жамааты болсо өкмөткө кайрылуу жасап, нааразылык акцияларына чыгуу менен мейманкананы коргоого даярдыгын билдиришүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG