Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:55

Экономика

"Ажыдаарга" айлануунун формуласы – 2

Экономисттер ажыдаар деп жаныбар жана жылдын гана атын эмес, күркүрөп өнүгүп келе жаткан Азиянын бир нече өлкөсүн тергеп айтышат.
x
Экономисттер ажыдаар деп жаныбар жана жылдын гана атын эмес, күркүрөп өнүгүп келе жаткан Азиянын бир нече өлкөсүн тергеп айтышат.
Текст көлөмү - +
Өткөндө мен Жапонияга 91-жылы бардым деп айтпадымбы. Бизди ак чач профессорлор, министрлерден тартып бөлүм башчыга чейинки ар кандай даражадагы чиновниктерди базар экономикасына окутуп жатышты. Барганда эле аларга берген биринчи суроом - силер бул ийгиликке кантип жетиштиңер деген суроо болду. Кийин, Кыргызстан эгемендик алгандан тарта мен бул суроону биздин өлкөгө келген жапондуктарга да берип көрдүм. «Жапон кереметин» өз колубуз менен жараттык дегендердин китептерин да окуп чыктым. Бирок бирөөнөн да «ии, чын эле ушундай эмеспи» дегендей ынанаарлык жооп уга албадым.

Көп айтылган версия мындай. Согушта талкаланган Жапониянын эли биригип, өлкөнү калыбына келтирүүгө багытталган план иштеп чыгат. Жанагы «индикативдик план» деген неме биринчи жолу Жапониядан башталыптыр. Ага ички дүң өнүмдү баланчадан түкүнчөгө жеткирели деген так максаттар коюлат. Бизди окуткан профессорлор ушу убакка чейин унута элек экен, аны үтүр-чекитине чейин айтып отурушту. Ошол индикативдик план элди тарыхий иштерге шыктандырып, өлкө оңолуп кеткен имиш. Башкалары болсо, индиктативдик пландын ролун жокко чыгарышпаса да, чечүүчү фактор жапон калкынын өзгөчөлүктөрүндө, тагыраак айтканда конфуция этикасына жана самурайлардын тапкычтыгына жана эр жүрөктүүлүгүнө тарбиялангандыгында болду деп эсептешет.

Андай болсо эмне экен. Акаев деле бир кезде индикативдик план киргизди. Ал эмне үчүн Жапонияга жардам берип, бизге келгенде эле жардам бербей калат? Улуттук өзгөчөлүктөр жөнүндө айтсак, жапондуктар самурайлардын тукуму болсо, кыргыздар Манастын тукуму. Биздин патриоттор Манас 40 чоросу менен эле килейген Кытайдын күлүн көккө сапырган деп жатышпайбы. Эмне үчүн Манастын арбагы биздин ажыдаар болуубузга жардам бербейт?

2008-жылы Бүткүл дүйнөлүк банк «Өнүгүү жөнүндө доклад» деген эмгек жарыялады. Китепти «экономикалык керемет» жасады деген өлкөлөрдө экономика жана финансы министри, улуттук банктын төрагасы болуп иштеген жоон топ адам жазып чыгыптыр. Топко профессор, Нобель сыйлыгынын лауреаты Майкл Спенс жетекчилик кылган экен. 25 жылдан кем эмес убактын ичинде ички дүң продуктынын өсүү темпи 7 пайыздан кем болбош керек деп критерий коюп, дүйнөлүк банк 13 «керемет» таап чыгыптыр. Ага Түштүк Чыгыш Азиянын 9 «ажыдаары», андан башка Бразилия, Ботсвана, Оман жана Мальта киргизилген. Банктын идеясы, өзүңөр байкап тургандай, жакшы. Кантип ийгиликке жетишүүнүн жолун ошол ийгиликти жараткандардан ашык ким билмек эле? Бирок аларың деле ар кайсыны айтып, так бир нерсени көрсөтө алышпаптыр.

Мен суроо берүүнү ага өз алдымча жооп таап алгандан кийин токтоттум. Көрсө, «ажыдаарга» айлануунун сыры жөпжөнөкөй эле экен. Экономика жанданып иштей башташ үчүн так эреже болуш керек экен. Ал эреже болушунча либералдуу болуусу зарыл. Бирок негизги проблема, эреже темирдей катуу сакталышы керек экен. Жалпак тил менен айтканда тартип болушу керек. Тартип болсо эле рынок экономикасынын уктап жаткан нервдери жанданып, шакылдап иштеп кирет экен. Мен стимул жана конкуренция жөнүнө айтып жатам. Ушул экөө иштесе эле экономика Кытайдагыдай тез өсө баштайт. Тарыхта «экономикалык кереметти» көпчүлүк учурда бизнесмендер эмес, экономикадан түшүнүгү жок адамдар, айрым учурда генералдар жаратат. Анын сыры да ошондо болуп чыкты. Анткени генералдар тартипке жакын эл болот эмеспи.

Проблеманын татаалдыгы ошол тартипти орнотуунун татаалдыгында. Бул өзү тамыры терең, элдин менталитети менен байланыштуу нерсе. Кыргыздар кечээ элеу уруу-урууга бөлүнүп, топ-топ болуп жашаган. Башкача айтканда общиналык коом болгон. Бул коомдо топтун жалпы кызыкчылыгы биринчи орунда турган. Топ болуп жашаган элде меники-сеники деген түшүнүк анча өнүккөн эмес. Илгери карыялар айтышаар эле, бир үйдө аш бышырса, баары чогулуп жеп кетишер эле деп. Ушундан кыргыздын жанда жок мартчылыгы келип чыккан. Кыргыз балдарынан аяп каткан тамагын бир келген коногуна берип коё берген. Мындай жакшы сапаттар көп. Бирок мунун экинчи бети бар. Топ болуп жашоо жалкоолукка шарт түзгөн. Ачка калбасын билген адам эч качан жан үрөп иштеген эмес. Топ болуп жашаган коомдо мыйзам деген да болбойт. Анткени мыйзам жеке адамдын укугун коргойт, ал эми кыргыздарда, жогоруда айтылгандай, топтун кызыкчылыгы биринчи орунга коюлган. Мыйзамды көзгө илбей, мамлекеттин байлыгын талап-тоноп уурдоо, коррупция, мыйзам бузгандарды түрмөгө отургузуп койсо, анын туугандары болбой эле көчөгө чыга бермейи - ошол коомдун калдыктары.

Азыр Атамбаев уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш ачып туура кылып жатат. Сот реформасын жүргүзөбүз дегени да кубаттоого татырлык саамалык. Бирок анын орто кылымдын идеологиясы - "Манас" эпосу менен динди колдогону буга каршы келет. Кыргызстан минтип эч качан өнүгө албайт. Эгерде кыргыз өсүп-өнүгөм десе, ошол Батыштын баалуулуктарын өзүнө сиңирип, ошолор менен тең жарыша иштегенди үйрөнүүсү зарыл.

Эгерде Атамбаев жакшы президент болуп тарыхта калгысы келсе, ал эскини кайра тирилтпей, Түркиядагы Кемал ата түрк жана Орусиядагы Петр биринчи сыяктуу аны менен күрөшүүсү керек. Азыр ошол эле ислам өзгөрүп, жаңы шартка ылайыкташууга мажбур болуп отурат. Ажыдаар болобуз десек биз да заманга ылайыкташыбыз керек. Мен Жапонияга барганда өзгөчө калк деген жапондуктардын баскан-турганын, кулк-мүнөзүн байкап көрдүм. Алар «самурай, чай церемониясы» дегендерди көп айткан менен кыргыздарга караганда европалыктарга жана америкалыктарга жакын эл болот экен.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Марс каяктан: Нарын
24.02.2012 17:13
деги эле Кыргыздын онолоор күнү же башакча айтканда кел-кели келээр күн бар экендигине кээдэ ишенбей кетесин. Менин оюмча бийликке жалан бизнесмен же жеп жутарларды коюп келе жатакныбызда. Эшегине жараша тушагы демекчи кимди шайладык шайлоодо ошонун эле натыйжасы биздин азыркы турмуш кыскасы өзүбүздүн катачылыгыбыз кайра айланып келип өзүбүзгө эле тийет. кыскасы кадр саясаты дегеле Кыргызстандын эч бир тармак боюнча мыкты саясаты жок...
Пикирге жооп

кимден: Улан каяктан: Бишкек
27.02.2012 13:32
Ооба туура айтасың, качан биздин саны көп сапаты жок дипутаттарыбыз, жаш жана билимдүү дипутаттарга алмашпаса,
оңңолуу эч качан болбойт. Жана Министирлерибиз таза ак болмойюн эч нерсеге Кыргызстан житишпейт. Ошондой.

кимден: Баракелде каяктан: Бишкек
24.02.2012 17:08
Өнүгүүнүн формуласын Жапондордон алабызбы, АКШдан алабызбы, Грузиядан алабызбы, эң негизгиси өз жерибиздин суверендүүлугун жана эгемендүүлугун сактап капиталисттик идеологияны кабыл алган учурда да дилибиз динибиз өзгөрбөөсү керек, Жапондор синтаизимин сактап калгандай, АКШ христианствосун сактап калгандай, биз да ислам динин сактап калышыбыз керек.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
23.02.2012 15:33
BYLAR MENEN ONOLBOJBYZ! DAGY DAGY KOP AZAP ALDYDA! BASCHKARYYGA ELITA JOK!

кимден: Карасакал каяктан: Нарын
23.02.2012 14:36
Сапар мырза көп эле кыргыздар ар кай жака барып келип жатышат ошол эле көргөнүн келип бизин элге таңуулай берсе болбойт себеби КЫРГЫЗДЫ алла жаратканда өзүнө кана тийиштүү мендалитетти нукура кулк мүнөздү жараткан ошондуктан Кыргыз африкададаг кыргыз кыргыз бойдон кала берет Андан көрө тийише бербей жөн койсо калк өзүн өзү багат андан көр аны башкарам деген чиновниктерди азайтуу керек Билгенге мамлекет эки нерсени жазай алат ал салыкты элден аз же көп алганы андан башка мамлекеттеги отургандар эртеден кечке ар нерсени сүйлөп жатышып элд дагы сайасатчы кылып бүтүштү Азыр кайда барсаң иштен мурун сайасат, элди ошол сайда саны сапаты сок сайасат менен сайасатчыла бузууда.

Ушул жерден пайдаланып Азаттыктан суранат элем ушундай талкууларды көбөйтүп талкууну элге ачык чыгарса дурус болоор беле деп анткени элдин ичинде мамлекетти кандай кылсак оңолот деген атуулдар толуп жатат. рахмат жигиттер майрамыңыздар менен !!!

кимден: Умарали каяктан: РФ
23.02.2012 12:11
Экономиканы көтөрүүнүн дагы бир ыкмасы - бул өлкөдө эл ичине ойлоп табууга жана рационализаторлукка кеңири конкрус жарыйалоо керек. Ошолордун эң мыктысын эл чарбасында колдонуу керек. Жапондордун ишканаларында ушул маселеге чоң көңүл бургандыгында. Дүйнөдө ушул мамлекетте гана бардык рационализаторлдун эмгегин баалап, ал колдонулабы, колдонулбайбы ар бири сыйлык алат. Башкысы элдин өзүнүн кызыкчылыгы болуш керек. Мамлекет дегенде ичкен ашын берип, кыйынчылыкты өз көкүрөгү менен тосуп алгандай болуш керек. Ошол элдин ичинен эң акылдуулар бийликке келгенде мамлекет оңолот. Азыркы кезде тилекке каршы ар ким өз очогуна от тартышып, алга умтулайлы дегендердин жолу бөгөлгөн учур.
Таң калыштуусу коррупцияга каршы күрөш айтылган жерде эле калып кетүүдө. Жыйынтыгы: бийликтегилердин баары коррупцияга чырмалганы, бири кетсе артынан баарын шыпырып кетээри баарыга белгилүү. Ошондуктан оңолуунун убагы али алыста экендей сезилет.
Пикирге жооп

кимден: Сабыр каяктан: Биш
23.02.2012 21:26
Жакшы пикир, Умаралы. Конкурс жарыялоо идеясы колдоого ылайык. Ушул жол менен чыныгы акылдарды, реформаторлорду аныктап, олконун онугушуно багыт алсак болчудай.

кимден: Jigit каяктан: USA
22.02.2012 23:39
Men sizdin bul makalanardin eki bolumun da okup chiktim. Jakshy oylordu aytip, jakshy analizderdi kiliptirsiz.Birok sizge taptakyr koshula albaym degen jerler bar.Atambaevdin dindi jana Manas eposun koldoosu abdan tuura dep oyloym. Din degen bul iyman da kirgizcha aytkanda, Manas eposu bolso ozundun olkono kizmat kiluu, patriottuk sezimdi kuchotuu demek. Bul eki nerse bolboso eldin peyili onolboyt, bayagi ele korrupcia, aldim-juttum bolo beret. Onukkon olkolordun elderinin peylin karasaniz, alar dinge ishenbegenderi menen, dinge ishengen adamdarday. Bashkacha aytkanda iymanduu, tartiptuu. Biz kachan gana oshondoy darajaga jetkende olkobuz onugot. Anday darajaga jetish uchun, elibizge din, iyman, patriotizm jana bilim sozsuz turdo berilishi kerek!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
22.02.2012 23:25
Sapar agaj, OSCHO siz ajtkan -----ar bir regiongdogy el menen syjloschyp , regiondogy resyrska tajanyp, ISCH jasabaj jatpajby. EKONOMIKANU ""jerge"----tyschysch kerek , asmandatpaj, eldin kyhgyn-----alup sattmajga emes ONDYRYSCHKO byryy zarul. MYNY kimisi jasajt?.......

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине