Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:00

Акматов: Жеңилдетилген насыя баарына жетпейт


Үстөгү 7% менен берилчү насыялар тууралуу суроолорго "Айыл Банктын" төрагасы Токтобек Акматов жооп берди.

“Азаттык”: Дыйкан, малчылар эмес, дүкөн иштеткен, соода менен алектенгендер эле жеңилдетилген насыя алып атат деген сындар көп айтылып жатат?

Токтобек Акматов: Эл арасында ар кандай сөздөр болушу мүмкүн. Эгер ушундай жагдайлар болсо бизге чалып айтып койсо жакшы болот эле. Жер-жерлерде дагы ишеним телефондору иштеп жатат. Бизге маалымат беришсе, тартип бузгандарды жолуна койот элек.

Бюджетен бөлүнгөн 1 млрд. каражат 500 млн.сомдон, “Айыл Банк” менен РСК банкына бөлүнгөн. Бирок жеңилдетилген насыя алам деп бизге кайрылгандардын саны эле 2,5 млрд. болуп атат. Бюджеттин тартыштыгы дагы баарына маалым, жеңилдетилген насыяны баарына жеткирүү мүмкүн эмес. Жер-жерлерде тийиштүү документтерин толуктап бергенден кийин атайын журналга кезекке турушат. Анан айыл чарба министрлиги менен акылдашып, жердин шартын, өткөн жылдагы динамикасын караштырып туруп бөлүнүүдө.


"Азаттык": Талап кылынган документтердин саны абдан көп экени айтылууда. Жеңилдетсе болбойбу?

Токтобек Акматов: Документи жок бергенде да болбойт экен. Былтыр үстөгү 9%дан насыя берилгенде 14 документ топтолчу. Азыр арызды кошкондо, нике тууралуу, жерге болгон күбөлүгү жана үйдүн техникалык паспорту болуп төрт-беш эле документ даярдашат. Туура эмес угуп алып эле кээ бирлери көп экен деп айтып жатышат.

"Азаттык": Жогорудагы документтер толук болсо эле баары ала береби? Кимдерге насыя берилбейт?

Токтобек Акматов: Насыя журналга түшүрүлгөн кезек боюнча берилет. Ким кезекте турат, ким жок, кимдин артында ким кезекте турат, аны айылда билишет. Ушуга байланыштуу мыйзам бузуулар тууралуу бизге кайрылгандар жок. Эгер башка банктарда карызы болсо, же жери, сарайы жок, мурда мындай иштер менен алектенбеген кишилерге насыя берилбейт.

"Азаттык": Былтыр өкмөт насыяга деп бөлүнгөн акчанын дыйкандарга толук берилбей калышына банктар күнөөлүү деп билдирди эле. Быйыл андай болбойбу?

Токтобек Акматов: Былтыр бизге канча каражат берилсе, анын бардыгын бергенбиз. Мисалы, өткөн жылы берилген 318 млн. сомдун бир тыйынын калтырбай бардыгына жеткиргенбиз. Быйыл болсо 500 миллиондун 200үн которуп берди. Анын 75 миллионун айыл чарба менен дыйканчылыкка бөлүп бердик. Калганын дагы алып жатышат.

"Азаттык": Каржы министри Акылбек Жапаров банктардын өздөрүн дагы үстөк пайызы азырак насыя бергиле деп сүйлөшөбүз дегендей билдирди эле. Банктын өзүнүн мүмкүнчүлүгү барбы арзан насыя бергенге?

Токтобек Акматов: Туура, 1 млрд. каражат жетпейт. Бизге эле арыз жазып кайрылган кардарлардын саны 2.5 млрд. Ал эми бизде арзан насыя бергенге мүмкүнчүлүгүбүз жок. Бюджеттен берилген каражат гана азыр 7% менен берилүүдө.

"Азаттык": Жылда эле ошол адамдар насыя алып атат деген маалыматтар бар. Мурда албагандар алса болобу, ушундай анализ жүргүзөсүздөрбү?

Токтобек Акматов: Албетте мурда албагандар дагы жер, мал менен иштейм деп насыя алса жакшы эле болмок. Бирок биздин кызматкерлер кайрылган кардарларга байкоо салып, каражатты максаттуу пайдаланып жатканын текшеришет. Эгер 7% менен алган насыяны башка жакка жумшап жиберсе анда үстөк пайызы 36 болуп кетет. Аны төлөш да керек да, биз да мөөнөтү бүткөндө өкмөткө кайра кайтарып беребиз. Былтыр алгандар быйыл албайт деген эреже жок. Эгер ошондой эрежелер болсо биз да ошонун негизинде иштейт элек.

XS
SM
MD
LG