Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:55

Экономика

Калктын капчыгын каккан күйүүчү май

Өткөн жылдын соңунда кыргыз өкмөт башчысы Орусияга алгачкы иш сапары маалында Кыргызстанга экспорттоло турган күйүүчү майларга бажы төлөмдөрүн алып салуу тууралуу макулдашып кайткан. Натыйжада кыргызстандык керектөөчүлөр үчүн күйүүчү майдын баасы кыйла арзандоого тийиш. Бирок күйүүчү май базарында баалар мурдакы бойдон сакталууда. Бензин баасы качан жана кандай шарттарда арзандайт?

Текст көлөмү - +
Мунайга баанын кымбаттоосун күйүүчү май ташып келип саткан ири компаниялар биринчиден, Омск шаарынын мунайзат ишканасында өндүрүлгөн мунай продуктуларынын өздүк баасынын көтөрүлүшү, экинчиден, Орусия экспорттолгон күйүүчү майларына кошумча бажы төлөмдөрүн киргизиши менен түшүндүрүп келишкен.

Өткөн жылдын соңунда кыргыз өкмөт башчысы Алмаз Ататмбаев Орусияга иш сапары менен барып келди. Сапардын жыйынтыктарынын бири катары, Кыргызстанга экспорттолуп жаткан мунайга кошумча бажы төлөмдөрдү жаңы жылдан кийин алып салууну макулдашып келгенин билдирген. Бирок мунай базарында баалар дале арзандай элек. Мунун себептерин “Газпром Нефть Азия” ишканасынын маалымат катчысы Өмүрбек Сатаев мындайча түшүндүрдү:

- Азырынча Орусия тарабынан тийиштүү токтом чыга элек. Буга Орусияда 10-январга чейин болуп жаткан каникулдар себеп. Азырынча биздин кампаларда бир, бир жарым айга жете тургандай эски запастарыбыз бар. Алар болсо, өзүңүздөр билгендей, эски баалар менен алынган. Ошондуктан жаңы баадагы күйүүчү майларды айдын аягында сата баштайбыз деген пландар бар.

Ал эми Экономиканы тескөө министрлигинин тышкы соода саясаты боюнча башкармалыгынын жетекчиси Анархан Рахманова учурда Орусия өкмөтү менен Кыргызстанга экспорттолло турчу күйүүчү майдын көлөмү такталып жаткандыгын билдирди:

- Баягыда биз Орусияга барганда бензин боюнча баланс түзүп келдик. Кыргызстан канча күйүүчү май сарптады, үстүбүздөгү жылы канча талап кылынат, ушунун баарын тактап туруп келишим түзөбүз. Маселен 2009-жылы Кыргызстан 1 млн. 277 миң тонна күйүүчү май керектеген. Жаңы жылда 1 млн. 300 миң тоннадай импорт кылабыз го.

Кымбаттоо апрелде башталган

Орусия Кыргызстанга экспорттолуп жаткан мунайга бажы төлөмдөрүн 2010 жылы 1-апрелден тарта киргизген. Айрым адистер мындай кадам менен Орусия КМШ мамлекеттер ортосундагы “Эркин соода кылуу зонасы” боюнча келишимди бузганын айтышкан. Бирок КМШ жана ЕврАзЭШ иштери боюнча Кыргызстан өкүлү Базарбай Мамбетов мурдагы бийлик маалында Орусиядан арзан баада келген мунайды Кыргызстан реэкспорт кылып Орусиянын ачуусуна тийген деп билдирди. Анын айтымында, мындай коррупциялык схеманын башында мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев турган.

- Жеңилдетилген тариф менен келип жаткан мунай продуктуларынын чоң бөлүгү реэкспорт менен Кытайга, Ооганстанга кетип турган. Ушундай кылгандан кийин биз силерге азыр, 1-апрелден тарта күйүүчү майларды кошумча бажы төлөмдөрдү киргизүү менен жөнөтөбүз деген талапты коюп, ошондой күнөө менен 1-апрелде киргизген.

Базарбай Мамбетов Орусиянын мындай талаптары жүйөлүү болгонун кошумчалап, азыркы тапта кыргыз өкмөтү Орусиядан алып келинген күйүүчү майды ал өлкөнүн уруксатысыз реэкспорт кылбайбыз деген шарт менен мунайга бажы төлөмдөрдү алдырууга көндүрүп жатканын билдирди.

Дегинкиси, эгер мунай базарында кырдаал туруктуу болуп турса Кыргызстанда күйүүчү майлардын баасы жакынкы айларда 6-7 сомго арзандайт деп адистер ишендиришүүдө.

Ал эми 38 сом 30 тыйын деген баада май куюп, унаасы менен такси кызматын көрсөткөн Болот мырза "күйүүчү майдын баасы көтөрүлгөн сайын үйдөгү азык-түлүктүн көлөмү азайат" деп кабатыр:

- Бизге окшогон таксисттерге эмес, бардык эле карапайым элдин чөнтөгүнө кыйын болуп жатат. Бензин кымбаттап, кирешебиз эки эсе азайды. Азыр үйгө анча-мынча эле чайлык алып барабыз, болду. Негизинен тапкан акчаңдын көбү эле кайра унаа тетиктерине кетет.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Бактыбек каяктан: москва
08.01.2011 16:24
Айланайын эл-журт тушунгулочу байболгурлар.Нефть чыккан орустардын озундо бензин 24 рубль турат.Кыргызча сомго которгондо 36 сом орустун озундо.Анан нефть жок бизде кайдан 1 сом болсун айланайындар.Кичине ойлонуп күнөөлөсөңөр.

кимден: Алай каяктан: KG
05.01.2011 09:15
Бааны көтөрүп коюу оңой, бирок түшүрүү өтө кыйын. $200 пошлина кошулганда 1-1.5 айлык запасынар жок беле эмне? 10 күнгө жетпей эле көкөлөтүп койдуңар го. Бул өкмөттөн эле көз каранды эмес, майбарондордон көз каранды, а майбарон ким, баягы эле Бабанов, а Бабанов ким - өкмөт!(каламбур)

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
04.01.2011 21:15
Эмне учун 6-7 сомго эле арзандайт Окмот башчы айтпадыбеле 30%ке арзандайт деп 30% болсо анда 38 сомдон 26.6 сом болуш керекта, же дагы коррупция болуп кеттиби, бирок арзандарына козум жеткен эмес. Ошондой эле болмок 30% кантип арзандатып коймок эле, окмот озунун накруткаларын кошотта алардын деле чонтоктору барда.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)