Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

2010: Импорт көбөйдү, инфляция өстү


Айрым адистердин пикиринде, Кыргызстан айыл жана мал чарба продукциясынын экспорттоочусу катары эсептелгени менен өзүн тамак-аштын негизги түрлөрү менен деле коопсуз деңгээлде камсыздай албай жатат.
Айрым адистердин пикиринде, Кыргызстан айыл жана мал чарба продукциясынын экспорттоочусу катары эсептелгени менен өзүн тамак-аштын негизги түрлөрү менен деле коопсуз деңгээлде камсыздай албай жатат.

Аяктап бара жаткан 2010-жылы Кыргызстан былтыркы жылга салыштырмалуу четтен товарды көп импорттоду, аны менен катар инфляциянын да деңгээли жогору болду. Керектөөчүлөр нааразы болгон кымбатчылык импорттун көптүгүнө көз карандыбы? Айрыкча тамак-ашка келгенде да чет элдик өндүрүштүн эсебинен жашоонун кандай оң-терс жактары бар?

2010-жылдын экономикалык жыйынтыктары азырынча толук чыга элек. Бул жаңы жылдын февраль айларына барып жасалуусу мүмкүн. Улуттук стастикалык комитет он айдын жыйынтыгы боюнча жарыялаган маалыматка караганда, бул мезгил аралыгында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 3,8 миллиард доллардан ашты.

Мунун ичинен өлкө расмий эсеп боюнча, он ай ичинде 2,6 миллиард доллардан ашуун каражатка товар импорттогон. Бул импорт 2009-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,7%га көбөйдү дегенди туюндурат. Ал эми экспорттун көлөмү 10 ай ичинде 1,1 миллиард доллардан ашкан же 9,2%га көбөйгөн. Бирок бир кезде Кыргызстандын биринчи президенти “жарыгы бар, жылуулугу жок” деп мүнөздөгөн, Кумтөрдөн өндүрүлүп жаткан алтындын сатылышын алып салганда, экспорттун көлөмү 6,8%га азайып, 680 миллион доллардын гана тегерегинде болгон.

Инфляциянын ыргагы импортко көз карандыбы?

Ошентип, алтын экспортун кошкондо 2010-жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын соода балансынын тартыштыгы, же четтен товар сатып алуу үчүн кеткен акча менен экспорттон түшкөн каражаттын ортосундагы айрыма 1,1 миллиард доллардан ашуунду, ал эми алтын экспортун кошпогондо дээрлик 2 миллиард долларды түзүп олтурат. Ошол эле учурда 2010-жылдагы инфляциянын деңгээлин Улуттук статкомитет он бир айдын жыйынтыгы 16,4% деп баалады.

Көз карандысыз экономисттер болсо инфляция көртсөткүчү 30%га чейин жетип калганын айтып жатышат. Кыргызстандын бүгүнкү жагдайын эске алганда, импортко байланган өлкөнүн кымбатчылыктан башы чыкпайт деп айтууга болобу?

Биз бул суроону экономика илимдеринин доктору, Бишкектеги кыргыз-орус Славян университетинин профессору Аза Миграниянга жолдодук:

Аза Миграниян
-Импорттун көлөмү жана анын экспорттон ашып кетүүсү тышкы базарларга болгон көз-карандылыкты көргөзүп турат. Өлкө чет элдик өндүрүшчүлөргө көз каранды болуу менен алардагы баа деңгээлине, валюта курсуна да көз каранды болот. Ушул факторлор өлкөдөгү инфляциянын ыргагына кыйыр таасир берет. Бирок инфляциянын деңгээли импортко тикелей көз каранды деп айтуу мүмкүн эмес. Эгер тикелей байланыш жөнүндө айтсак, инфляция ыргагынын өсүүсү валютанын алмашуу курсуна, башкача айтканда улуттук валютанын нарксызданышына көз каранды. Эгер импортко абдан эле байланган, өзгөчө эл керектөөчү товарлардын басымдуу бөлүгү тыштан келип жаткан Кыргызстанды карасак, инфляциянын ыргагы валюта курсуна көз каранды. Анткени баа коюууда ( тигил же бул товарга) валютанын алмашуу курсундагы өзгөрүүлөр, андагы жоготуу тобокелчилиги да эске алынат.

Профессор Аза Миграниян биз менен маегинде кошумчалагандай, 2010-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча инфляциянын расмий деңгээлинин 16,4% деп белгилениши деле жогорку көрсөткүч.

Импорт менен кошо бажы төлөмдөрү да өстү, бирок .....

Инфляциянын ыргагы менен өлкөнүн тышкы соода балансындагы таңкыстыктын ортосунда түз байланыш жок экендигин экономика боюнча доктор, Бишкектеги Келечектүү иштеп чыгуулар борборунун директору Чыңгыз Шамшиев да айтат. Ал “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде белгилегендей, импорттун өсүшү менен кошо бюджеттин негизги булактарынын бири болгон баажы төлөмдөрү да көбөйдү. Бирок муну экономикадагы оң жылыш деп айтууга болбойт:

- Импорт өлкөдө өндүрүш, биринчи кезекте айыл-чарба продукцияларын өндүрүү төмөндөгөнүнө байланыштуу өстү. Ушундан улам ички керектөө импорттун эсебинен жабылып жатат. Мунун натыйжасында импорттон алынуучу баажы төлөмдөрү былтыркы жылга салыштырмалуу көбөйдү. Ушундай кызыктуу жагдай түзүлүүдө. Бир жагынан кризис, ал өлкөнүн ичинде өндүрүштүн төмөндөшүнө алып келди. Мунун орду импорттун эсебинен толтурулду, ал баажы төлөмдөрүнүн өсүшүн шарттады. Бирок муну экономикадагы жакшы абалдын белгиси катары мүнөздөө жаңылыштык болот. Тескерисинче баажы төлөмдөрү экономика сыркоолоп жатканда, анын абалы оор болуп турганда деле өсөт.

Бажы төлөмдөрү бул жылы чын эле 2009-жылга салыштырмалуу өскөн. Премьер- министр Алмазбек Атамбаев 23- декабрда өткөргөн жыйында бажычылар 2010-жылдын планын 99%га аткарганы, 2009-жылга салыштырмалуу төлөмдөр 1,3 миллиард сомго көбөйгөнү айтылды. Ошол эле учурда Кыргызстандын бажы тармагында коррупциялык схемалар күчтүү экендиги, ал эми тышкы соодада контрабанданын да үлүшү чоң экендиги белгилүү.

Чынгыз Шамшиев “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, Улуттук статкомитеттин баяндамаларында соодагы импорттук-экспорттук операциялар боюнча маалыматтар баары тегиз камтылып жатат деп айтыш кыйын. Бирок Кыргызстандан көбүнесе сыртка чийки зат кетип, кайра акыркы керектөөдөгү продукция келип жатканы айдан - ачык:

-Тышкы соодадагы биздин көйгөй мындай. Биз акыркы керектөөдөгү продукцияны алып келип, чийки затты экспорттоп жатабыз. Ошол эле Казакстан үчүн биз чийки зат менен камсыздоочубуз. Ошол эле биздин мөмө-жемишти кайра иштетип, маселен ширеге айлантып, анын баарын өзүбүз кайра сатып алып жатабыз.

Кант өндүрүшү 10 пайызга түштү

Импорттун товардык түзүмүндө эң алдыңкы орунда турган мунайзат продуктылары, машина, жабдуу же транспорт каражаттарын Кыргызстан өзүндө келечекте деле өндүрө албасы түшүнүктүү, бирок өлкө өзүн-өзү азыр кант, өсүмдүк майы сыяктуу элемантардык азыктар менен камсыздай албай жатат. Экономикалык тескөө министрлиги кант баасынын улам көтөрүлүүсүн, маселен, жакындагы билдирүүсүндө өлкө толугу менен импортко көз каранды болуп калгандыгына байланыштырды.

Айыл-чарба министрлигинин айыл-чарба продукцияларына маркетинг бөлүмүнүн башчысы Азат Эгинбаевдин айтымында, 2010-жылы өлкө өзү кант боюнча муктаждыгынын 10%ын эле жапкан:

-Быйыл (2010 –жыл) аз эле болуп калды, 14 миң тоннага жакын кант чыгарылды. Өндүрүшкө кеткенин, эл жегенин кошкондо биздин ички рыноктун көлөмү 138 миң тонна. Анын дээрлик 90%ын биз импорттоп жатабыз. Быйыл кант кызылчасын (2010-жыл) 10 миң гектарга жакын айдайбыз дегенбиз, бирок 8 миң 400 гектардай эле айдалган.

Азат Эгинбаев биз менен маегинде белгилегендей, өсүмдүк майы менен камсыздоо жаатындагы жагдай деле канттыкынан бир аз айрымаланат:

- Өсүмдүк майынан биз 22 миң тонна чыгарабыз. Ички рыноктогу керектөөбүздүн көлөмү 80 миң тоннага жакын. Ички өндүрүштүн көлөмүн көбөйтсөк болот. Ал үчүн май чыгарылуучу өсүмдүктөрдү, күн караманы көбүрөөк эгишибиз керек. Быйыл алардын өндүрүлгөн көлөмү 56 миң тоннанын тегерегинде болду. Келечекте муну 120 миң тоннага чейин чыгарсак, суу май менен өзүбүздү-өзүбүз камсыздообуз жакшырат. Өзүбүбүздө өндүрүлсө баасы да арзаныраак болмок.

Айыл-чарбасы боюнча эксперт Манас Саматов, кант кызылчасын эгүү азайганын жана кант өндүрүшүнүн ички керектөөнүн 10%дык чегине түшүп калышын эки себеп менен түшүндүрөт:

- Аны жетелей турган себеп керек да, канча жылдан бери кант заводдору коррупционерлердин колунда болуп туруп, алар дыйкандарды басмырлагандыктан кант кызылчысын өстүрүү жоголду. Эгер дагы ушинтип улана берсе, кант кызылчасын өстүрүү маданияты да жоголот. Экинчи тараптан кантты сырттан импорттоп сатып жаткан, болгондо да бир буту мамлекеттик кызмат менен үзөнгүлөш болуп келген кишилер бул жерде чоң пайда табышууда. Ошол себептен кант кызылчасын өстүрүү өчтү. Себеби жөнөкөй эле.

Бери дегенде 5 миллион доллар киреше

Импорттоочулардын пайдасы демекчи, эгер 2010-жылы Кыргызстан аймагына 100 миң эле тонна кант киргизилди, дүң соодагерлер мисалы анын ар бир килограммынын үстүнө 2 сом же тоннасына 50 эле доллардан кошту деп эсептесек, алардын таза кирешеси 5 миллион АКШ доллары болот. Бул киреше Кыргызстандын шартында канча фирмага же канча адамга таандык экендиги бизге белгисиз. Экономикалык тескөө билдиргенине караганда, Кыргызстандын аймагында азыр бар эки кант завод жылына 700 миң тоннага чейин кант кызылчасын иштете алат, бул 70 миң тонна кант өндүр алат дегенди билдирет. Учурдагы өндүрүштүк кубаттуулук менен ички керектөөнүн 70%на чейин жабууга болорун айыл-чарба министрлигинин бөлүм башчысы Азат Эгинбаев да айтат.


Он айда тыштан 400 миллион доллардай каражатка тамак-аш азыктары ташылды

Бишкектеги Агрардык университеттин профессору, айыл-чарба илимдеринин доктору Ырысбек Абдырасуловдун айтымында, Кыргызстан айыл жана мал чарба продукциясынын экспорттоочусу катары эсептелгени менен өзүн тамак-аштын негизги түрлөрү, анын ичинде чийки азык-түлүк менен деле коопсуз деңгээлде камсыздай албай жатат:

- Дүйнөлүк эксперттердин айтканына караганда, азык-түлүктү эгер өлкө өзүндө 85% өндүрсө, ошондо азык-түлүк коопсуздугу камсыз болду деп эсептелет. Бизде тамак-аштын негизги түрлөрү боюнча 85% жок да. Мисалы эт боюнча 40%, эгин боюнча 80%га жетпейт. Сүт боюнча 60%га жакын. Бизде картөшкө гана көбүрөөк өндүрүлөт. Камсыздоо деңгээли 240%.

Эгер экспорт-импорттун көрсөткүчтөрүнө келсек, импорттолгон товарлардын түзүмүндө айыл-чарба сырьесу жана азык-түлүк жалпы импорттун 15%дан, ал эми экспорттун10%дан ашуунун түзөт экен. Эгер Улуттук статкомитеттин 2010-жылдын ой айында, Кыргызстан 2,6 миллиард доллардан ашуун каражатка товар импорттоду деген расмий маалыматына таянып эсептесек, Кыргызстан он айда четтен тамак –аш сатып алууга 400 миллион доллардай каражат жумшады дегенди билдирет. Ошол эле учурда экспорттун расмий эсеби он айда алтынды кошпогондо 680 миллион доллардай болгонун, анын 10%дан ашууну айыл-чарба продукцияларына туура келерин эске алганда, айыл-чарбасынын экспорттогу акчалай үлүшү 70-80 миллион доллардын тегерегинде гана болуп жатат.

“Казанда болсо чөмүчкө чыгат”

Айыл-чарбасы боюнча эксперт Манас Саматов тармактын продукциясын тышкы базарга чыгаруу боюнча ырааттуу иш жоктугун, бул эбин тапкандардын аракети менен гана анча-мынча ишке ашып келе жатканын айтат:

- Экспорт деген эмне деген сөз. Казанда болсо чөмүчкө чыгат да. Бизде экспорттой турган продукция жок. Айыл-чарба өндүрүшү таптакыр өчүп турган учур. Өз нугу менен эле бара жатат. Адамдардын, фермерлердин жеке демилгеси, үй-бүлөсүн багыш аракетинин гана деңгээлинде келе жатат.

Манас Саматов кошумчалагандай, базар экономикасынын эрежелерин эске алган туура жана ырааттуу саясат жүргүзүлсө, азык-түлүк менен тамак -ашка келгенде ипорт менен экспорттун ажырымын жоюуга болот:

-Жөнгө салуу жок. Бул бир чети туура, конкуренция. Мамлекет тараптан чечим кабыл алынганда, ошол конкуренциянын үстүнөн чыга тургандай чечим кабыл алынса гана жанагы айрыманы( импорт менен экспорттун) кыскарта алабыз. Себеби бизде айыл-чарба өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча саясат жок. Ошол эле айыл –чарба министрлиги күндөлүк эле статистика менен убара. Жок жерден, асмандан алынган цифралар менен куру отчет, куру сөз, келип-кетмей. Башка мазмуундуу иш жок.

“Баарын өзүбүз өндүрө албайбыз”

Экономика боюнча доктор, Келечектүү изилдөөлөр боюнча Бишкектеги борбордун директору Чыңгыз Шамшиевдин пикиринде, ошол эле айыл-чарба продукциясын өндүрүү же кайра иштетүүгө келгенде баарын эле өзүңдө өндүрүү пайдалуу боло бербейт. Муну аныктоо үчүн терең изилдөөлөр талап кылынат:

Чыңгыз Шамшиев
-Баарын өз алдынча өндүргөнүң дайыма эле пайдалуу эмес. Эл аралык соодадагы салыштырмалуу артыкчылык теориясы өз ара соода -сатык кылган өлкөлөргө коңшу мамлекеттер арзан жана жакшы өндүрө ала турган товарларды чыгаруудан баш тартууга жана өз ресурсун коңшуларынан арзан жана жакшы чыгара ала турган товарларды өндүрүү үчүн топтоого багыт берет. Эмгектин аймактык жана эл аралык бөлүштүрүлүшү мына ушундай жол менен калыптанат. Бирок бул абдан кыйынчылык менен кетүүчү жараян. Мамлекеттер, маселен, Казакстан Кыргызстанда эмне чыкса, ошонун баарын өндүрүүгө аракеттенүүдө. Өзбекстан деле ошондой. Кытай да бизди өз продукциясы менен толтуруп жатат. Бизде өлкөбүздүн атаандаштыктагы артыкчылык жактары, көңүлдү кайсыл тармактарга буруп, аларды импорттон коргоп, ички өндүрүштү өнүктүрүп, тандалма протекционисттик саясат жүргүзүү керектигин аныктоо боюнча иликтөөлөр өткөрүлгөн эмес. Баарын биз өз алдыбызча өндүрө албайбыз. Арзан жана жакшы сапаттагы товарды маселен ошол Кытайдан сатып алууга мүмкүн болсо, керектөөчүнү кымбат жана сапары начар товарды сатып алууга мажбурлоонун кандай кажети бар. Андыктан бул жерде абдан салмакталган жана тандалма мамиле жасоо зарыл. Ал үчүн болсо изилдөө талап кылынат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG