Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Түндүк-Түштүк унаа жолуна темир жол долбоору кошулду


Бишкек-2 темир жол станциясы. 20-апрель, 2012-жыл.
Бишкек-2 темир жол станциясы. 20-апрель, 2012-жыл.

Кыргызстан али курулушу баштала элек Кыргыз-Кытай темир жолуна кошула турган дагы бир долбоорду ишке ашырууну көздөп жатат.

15-майда кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев “Казакстан темир жолу” улуттук компаниясынын башчысын кабыл алып, Кыргызстандан Кытайга темир жолун курууну талкуулады. 14-майда Улуттук кеңештин жыйынында болсо, президент түндүк менен түштүктү бириктирген кара жолдон тышкары, темир жол да куруу ниетин билдирген болчу. Булардан тышкары, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун салуу боюнча сөз башталганына бир топ жыл болуп калды.

Жалаң тоолор менен курчалган Кыргызстан байланыш туңгуюгунан чыгуу амалдарын издеп тургандай.

Эмки долбоор ЖККУга сунушталат

Расмий маалыматка ылайык, президент Алмазбек Атамбаев “Казакстан темир жолу” улуттук компаниясынын башчысы Аскар Маминди кабыл алган кезде, Кыргызстандан Кытайга темир жолун куруу тууралуу сөз кылышкан. Мурдарак президент түндүк менен түштүктү байланыштырган Жалал-Абаддан Балыкчыга чейин 448 чакырымдык жаңы альтернативдүү кара жол менен катар аны бойлото темир жол да салуу максатын ортого салган болчу.

Унаа жана байланыш министрлигинин долбоору боюнча Балыкчыдан башталган темир жол түндүк менен түштүктү байланыштырган (Балыкчы - Кочкор - Арал - Көкө-Мерен - Казарман - Көк-Арт - Жалал-Абад) автожолун бойлото салынып, андан ары дагы 200 чакырымга уланат. Балыкчыдан башталган бул темир жол Нарын, Жалал-Абад облустарын аралап өтүп, Оштун Алай районундагы Сары-Таш кыштагына чейин созулат жана жалпы узундугу 665 чакырымды түзмөкчү.

Президент Алмазбек Атамбаевдин 14-майда Улуттук Кеңештин отурумунда билдиргенине караганда, бул жолду куруу сунушун ал ЖККУга кирген мамлекет башчылардын Бишкекте өтүүчү жыйынында айтканы турат.

- Жол Балыкчыдан Сары-Ташка чейин курулат. Мен жакында ЖККУнун жыйыны болгондо ушул темир жол маселесин коёюн деп жатам. Эгер биз ЖККУга кирген мамлекеттер бир аскерий жана саясий блок болобуз десек, анда бизди байланыштырган темир жол болуш керек. Бул жол Тажикстанды биз аркылуу Казакстан жана Орусия менен да байланыштырып калат. Мен алдын-ала айталам, бул долбоорду Казакстан колдоого даяр. Менимче, Орусия дагы колдойт.

Атамбаев “Казакстан темир жолу” ишканасынын башчысын кабыл алгандан кийин Унаа жана байланыш министрине жана “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башчысына казак өнөктөштөр менен бул долбоорду ишке ашыруунун бардык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоону тапшырды.

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан долбоору качан башталат?

Ошол эле кезде кыргыз өкмөтү бир канча жылдан бери 268 чакырымдык Кытай -Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу боюнча аракеттерди көрүп келүүдө.

Унаа жана байланыш министрлигинин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетовдун айтымында, сунушталып жаткан түндүк менен түштүктү бириктирүүчү темир жол барып түпкүлүгүндө Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан жолуна уланып кетет. Бирок ал жолдор кайсы жерден кошуларын тактаган жок.

- Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу да каралып келе жатат. Келечекте түндүк-түштүк темир жолу ошол Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолуна кошулат.

Куну 4 млрд. долларга жетет деп бааланып жаткан Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун ушу тапта техникалык-экономикалык негиздемеси жасалып бүтүп калгандыгы кабарланууда. Тышкы иштер министрлигинин эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин башчысы Чыңгыз Эшимбеков “Азаттыкка” буларды маалымдады.

- Азыркы учурда кытайлык адистер жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп бүтүштү. Учурда кыргыз менен кытай тарап ошол ТЭН боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Бирок жогоруда саналган долбоолор качан ишке кирери азырынча белгисиз.

Темир жолдордун салынышы өлкөнү транспорт туңгуюгунан чыгарат деп айтылганы менен Кытай менен Кыргызстанды бириктирген темир жол салууга каршы чыккандар арбын. Алар Кыргызстанда укук коргоо органдары коррупциялашкандыктан жана чек аралар бекемделе электиктен Кытайдын жылма экспансиясы күчөп кетет деген пикирди карманууда. Акыркы жылдары Кыргызстанда Кытай ишканалары ири курулуш жана жол салуу боюнча долбоорлору ишке ашырып жаткандыктан, депутаттар да мыйзамсыз жүргөн кытайлардын саны көбөйүп баратканын айтышканы бар.

XS
SM
MD
LG