Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

Айдоочулар: Кытайдын жүк тарткан унаалары кирбесин


Кыргыз-кытай чек арасындагы Торугарт өткөрмө бекети.
Кыргыз-кытай чек арасындагы Торугарт өткөрмө бекети.

Жүк ташуучу айдоочулар чек арадагы бажы терминалдарынан жүктү кыргызстандык шоопурлар гана тартып келишине шарт түзүүнү талап кылууда.

Транспорт министрлиги мындай талапты радикалдык кадам катары баалап жатат.

Жергиликтүү айдоочулардын кызыкчылыгы тепселдиби?


Кыргызстандык жүк ташуучулар кытайлык ири жүк көтөрүмдүүлүктөгү автоууналардын киришине тыйуу салуу талабы менен чыгууда. Ага жол берүүнүн кесепеттери катары жолдор талкаланып жаткандыгын, жергиликтүү айдоочулар жумушсуз калышкандыгын жана бажы көзөмөлүндөгү коррупциянын гүлдөшүн шарттап жаткандыгын тизмектешет.

“Калыс” коомдук уюмунун теңтөрагасы Орунбек Чондоев мында жергиликтүү айдоочулардын кызыкчылыгы эске алынбай жаткандыгына токтолду:

- Биздин айдоочулардын бажы терминалы чек арада болушу керек деген дооматы бар. Анткени кыргызстандыктардын жүгүн кыргызстандык жүк тартуучулар ташыш керек. Мына ошол жерде жүктөр түшүрүлүп, биздикилер кайра жүктөшү керек. Анткени Кытайга биздикилер киргени менен аларга кысым болуп, майы төгүлүп калса дагы олчойгон жазаналарды салышып, атайылап эле киргизбөөнүн амалын кылышат экен. Ошондуктан биздикилер чек арадан бери өзүбүз ташыйбыз деген талап койушууда.

Алдасдаткан атаандаштык


Ошол эле учурда транспорт министрлиги жергиликтүү жүк ташуучулар коюп жаткан талаптар менен макул эмес. Анткени мамлекеттер аралык макулдашууга ылайык Кыргызстан чет элдик жүк ташуучу унааларды киргизбей койууга акысы жок. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, КаМАЗ жана МАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаалардын айдоочулары эле атаандаштыкка туруштук берише албай нааразы болуп жатышат. Анткени кардарлар жүктү “Хова”, “Ман” жана “Волво” үлгүсүндөгү фуралар менен ташыганга артыкчылык бере тургандыгы айтылды.

Ошол эле учурда министрликтин автоууна жана темир жол башкармалыгынын башчысы Адылбек Акматов Кытай тарабынан кыргызстандык жүк ташуучу унаалардын киришине тоскоолдук жок экендигин белгиледи:

- Кыргызстандык айдоочулар Торугарттан өткөндө Топо деген терминалга чейин, Алай жак багытында болсо Эрекч-Тамдан өткөндө тигил жагы Зымканадан тартып Кашкарга чейин барып эле келип жатышат. Эми мындай шарт бар экен деп биз аларды киргизбей койгонубуз туура болбой калат. Анан жанагы жол боюнча койулган талап туура. Ошондуктан биз жалпы салмагы 44 тоннадан ашпаган жүк ташуучу унаалардын киришине гана уруксат берген атайын токтом кабыл алдык. Бул эми бардык жүк ташуучуларга карата колдонулат.

Өнөкөт “адаттан” арылбай...


Анткен менен кыргызстандык жүк ташуучулар бул жерде алдын-ала келишип алышкан тараптар атайылап эле карапайым жүк тартуучуларды рыноктон сүрүп чыгарышкан деген ойдо. Анткени чек арада жүктү түшүрүп, кайра жүктөө бажычылар менен жүк ташуучуларга ыңгайсыздыктарды жарата тургандыгы белгиленди. Ошондуктан жеңилдетилген эрежелер боюнча Кытайдан жол тарткан жүк ташуучулар товарларын Бишкеке жеткенден кийин гана бажы көзөмөлүнөн өткөрүшөт.

Кыргызстандын жүк ташуучулар биримдигинин төрагасы Темирбек Шабданалиев бул система мурдагы бийлик режимдеринен бери мурасталып келе жаткандыгын мисал келтирди:

- Бул “коррупциялык схема” президент Аскар Акаев учурунда пайда болуп, Курманбек Бакиевдин тушунда гүлдөгөн. Анткени алар жүктү чек арадан түшүртпөстөн туруп, ичкери алып келгенге мүмкүнчүлүк түзүп беришкен. Мына ошол кытайлык жүк тартуучу компаниялар Бишкеке чейин келет же болбосо бажычылар менен сүйлөшүп алышып, жолдон башка жакка кайрылып кетсе деле эч ким белбейт. Бул жерде чоң акча жөнүндө сөз болуп жатат. Эгерде чек арадан түшүртүп туруп, ал жерден бажы көзөмөлүнөн өткөргөндөн кийин биздин айдоочуларга жүктөшсө булардын жашыргандары ачылып калганы турбайбы. Бардыгы ачык болгондо биздин айдоочуларга гана иш табылбастан бажы төлөмдөрү дагы көбөймөк. Биз мына ушуну талап кылып жатабыз.

Буга чейин кыргызстандык жүк ташуучулар койулган талаптарга көңүл бурулбай жатат деген доомат менен Торугарт- Нарын-Бишкек жолун бөгөп алабыз деп коркутушкан болчу. Бир канча ирээт бийлик өкүлдөрү менен жолугушуулар оң натыйжа бербей жаткандыгына нааразы болушкан айдоочулар өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев менен кездешүүнү талап кылууда. Аны менен жолугушуу
23-августь күнү кечкиге мерчемделип, нааразы болгон айдоочулар беш адамдан турган өздөрүнүн өкүлдөрүн жөнөтүшкөндүгү белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG