Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

Комиссия Кумтөр келишимин бузууга чакырды


Кумтөр алтын кениндеги жүк ташыган унаалар. 31-май, 2011.
Кумтөр алтын кениндеги жүк ташыган унаалар. 31-май, 2011.

Кумтөр кени боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия өкмөткө 2009-жылы түзүлгөн акыркы келишимди бузууну сунуштады.

Жогорку Кеңеш 20-февралда Кумтөр кени боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгын укту. Ага катышкан өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев комиссиянын чечимин колдоорун, анын корутундусу “Центерра голд инктин” президенти Ян Аткинсонго да билдирилгенин парламентте маалымдады. Аталган кендин тегерегиндеги талашты жана мыйзам бузууларды иликтөө максатында мамлекеттик комиссия былтыр июнь айында түзүлгөн болчу.

“Мыйзамдар менен иштейли”

Кумтөр кени боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия өкмөткө 2009-жылы түзүлгөн акыркы келишимди бузууну сунуштады. Комиссиянын төрагасы, экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев аны Жогорку Кеңеште баяндама жасап жатып билдирди:

- 2009-жылдагы келишим мыйзамдарды бузуу менен кабыл алынган. Ошону эске алып, өкмөткө үч айдын ичинде Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын макулдугу менен 2009-жылдагы келишимди жокко чыгаргыла деген сунуш бердик. Бул кен Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында иштесин деп жатабыз.

Корутундуда эгер үч ай аралыгында сүйлөшүүдөн майнап чыкпаса, келишимди бир тараптуу бузуу керектиги белгиленет. Темир Сариев кошумчалагандай, Кумтөр боюнча жаңы келишим түзүлбөйт. Ал мындан ары Кыргызстандын кен казуу, салык, жер казынасы жана экологиялык мыйзамдарынын негизинде иштеп баштайт. Маселен, 2009-жылдагы келишим боюнча, быйыл Кыргызстанга кенден 8 млрд. сом төлөнө турган болсо, ал эми ишкана мыйзамдардын негизинде иштеп баштаса, жалпы төлөм 13 млрд. сомдон ашмакчы.

Талаш эл аралык сотко жетеби?

Мамлекеттик комиссия аталган кен боюнча 1992-жылдан 2009-жылга чейин түзүлгөн келишимдердин баары мыйзам бузуу менен жүрдү деп тапкан. Кыргызстан үчүн өзгөчө 2003-жылы түзүлгөн келишим зыян келтирген дейт юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов.

Ал эми “Центерра” эл аралык сотко берсе, Кыргызстан утулат деген чочулоолорго Шыкмаматов мындайча жооп кайтарды:

- Эл аралык соттор деле келишимде ак ниеттүүлүк принциби каралбай калганын айтышат. Анткени бир тараптын гана кызыкчылыгы корголуп, ал эми элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы корголбой калган. “Центерранын” парламент менен Конституциялык сот бекитип берген, президент кол коюп берген деген жүйөөлөрү негизсиз болот. Эл аралык сотто ал негиздери четке кагылып калышы мүмкүн.

Темир Сариевдин айтымында, Кыргызстан мыйзамсыз келишимдердин айынан ушул күнгө чейин Кумтөр кенинен1,5 млрд доллар киреше албай калган. Ал эми мыйзамсыз келишимдерге кол койгон жогорку кызматта турган жетекчилер, алардын алып келген чыгымдары тууралуу маалыматтарды комиссия Башкы прокуратурага тапшырган.

Корутунду Аткинсонго да билдирилди

Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев болсо, мамлекеттик комиссиянын корутундусун өкмөт колдоорун, аны “Центерра голд инктин” президенти Ян Аткинсон менен жолукканда да айткандыгын билдирди.

- Аткинсон менен жолугушууда комиссия жакшы иштеди, ошонун негизинде иш алып баралы дедим. Аларга эң биринчи кезекте мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгын карап бергиле деген сунушту айттык. Алар “бул сунуш биз үчүн абдан оор, анткени 2009-жылы сиздердин Жогорку Кеңеш, өкмөт, президент жана Конституциялык сот келишим боюнча корутундусун берген” , - деп айтышты. Бирок биз андан кайра кайтып келишиңиздерди талап кылабыз деп жооп бердик.

Премьер-министр Сатыбалдиев Ян Аткинсонду 14-фефралда Бишкекте кабыл алган. “Центерра” азырынча комиссиянын корутундусу боюнча акыркы чечимин айта элек. Сатыбалдиев сүйлөшүүлөр мурдагыдай Канада же башка өлкөлөрдө эмес, бир гана Бишкекте жүрөрүн жана кандай гана сүйлөшүүлөр болбосун кен казуу бир күнгө да токтобой турганын кошумчалады. Кыргызстан “Центерранын” 33 пайыз акциясына ээлик кылат. “Кумтөр операйтинг компани” болсо, “Центерранын” Кумтөрдө кен казган ишканасы.

Кумтөр маселесин караган парламент жыйынына учурда УКМКнын тергөө абагында отурган “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Садыр Жапаровду катыштыруу өтүнүчү канааттандырылган жок. Спикер Асылбек Жээнбеков андай өтүнүчкө ишти карап жаткан судья макул болбогонун жыйында маалымдады.

Садыр Жапаров 2012-жылы Кумтөр кени боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы болгон. Ал былтыр 3-октябрда Кумтөр боюнча митинг уюштуруп, бирок ал башаламандык менен коштолгон. Тагырак айтканда, ал “Ата-Журт” фракциясынын депутаттарынын Ак үйдүн темир тостомун ашып өтүүсү менен аяктаган. Жогорку Кеңеш Кумтөр маселесин кароону бейшембиде улантат.

XS
SM
MD
LG