Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Өкмөт Кумтөр боюнча “Центерра” менен сүйлөшүүнү токтоторун билдирди


Кумтөр ишканасы
Кумтөр ишканасы

Кыргыз өкмөтү Кумтөр долбоору боюнча 2014-жылдын 18-январында кабыл алынган келишимди аткаруу боюнча “Центерра Голд Инк” компаниясы менен сүйлөшүүдөн чыгарын маалымдады.

Кыргыз өкмөтү Канаданын “Центерра Голд Инк” компаниясы менен Кумтөр долбоору боюнча 2014-жылдын 18-январында кабыл алынган келишимди аткаруу боюнча сүйлөшүү процессинен чыгат. Сүйлөшүү быйыл апрелден бери жакшы жүрбөй, жыйынтыксыз болгондугунан улам ушундай чечим кабыл алынганын кыргыз өкмөтү “Центеррага” маалымдады. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөт башчынын басма сөз катчысы Бакыт Асанов билдирди.

Быйыл март айында “Центерра” Кумтөрдү иштетүү боюнча жаңы тоо-кен планын жарыялап, алтын запасы азайганын көрсөткөн. Бирок тараптар реструктуризациянын каржы-экономикалык модели боюнча да мунасага жетише албаганы өкмөттүн билдирүүсүндө айтылат. Ошондой эле “Центерра” биргелешкен ишкананы каттап, андагы корпортивдик башкаруу, соттук доолорду жайгарып, компаниянын ыйгарым укуктарын аныктоо боюнча да Кыргызстанга пайдасы аз болгон сунуштарды киргизген.

- Ошондой эле “Центтера” экология боюнча эл аралык AMEC компаниясынын сунуштарын да эске алган эмес. Ушуга байланыштуу кыргыз өкмөтү былтыр башталган сүйлөшүүнү токтотуу боюнча маалымдады. Андан сырткары өкмөт Кумтөр келишими Кыргызстандын кызыкчылыгына дал келбейт деп эсептейт, - деди Асанов.

Өкмөт Кумтөр боюнча Кыргызстанга көбүрөөк пайда берген долбоордун жаңы вариантын сунуштамакчы.

Кыргыз парламенти 2014-жылы Кумтөр боюнча 50% теңме-тең үлүшкө ээ болгон биргелешкен ишкана түзүү боюнча меморандум кабыл алган. Анын негизинде келишим иштелип чыгышы керек эле.

Ал кезде өкмөт жаңы келишимге ылайык, Кумтөрдүн 60 пайыз экономикалык пайдасын Кыргызстан көрөт деп ишендирген. Жаңы ишкананын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жарымы Кыргызстан тараптан болот. Башкаруучу органдарда 2016-жылга чейин кыргыз тараптан жетекчилердин санын аз-аздан 70% жеткирүү да көрсөтүлгөн. Мурдагы келишимдерден айырмаланып, биргелешкен ишкана Кыргызстанда катталып, жергиликтүү мыйзамдар менен иш жүргүзөрү айтылган.

Эмиссиядан чыккан талаш

17-декабрда Торонтодо “Центерра Голд Инктин” директорлор кеңешинин кезексиз жыйында 4,6 миллион эмиссия чыгаруу талкууланган. Кумтөр боюнча өкмөттүн атынан иш жүргүзүп жаткан “Кыргызалтын” ишканасы эмиссия чыгарууга каршылыгын билдирүүдө.

“Центерранын” директорлор кеңешиндеги Кыргызстандын мүчөсү Кылычбек Шакировдун “Азаттыкка” билдиришинче, кошумча акция чыгаруу Кыргызстандын “Центеррадагы”32,7% үлүшүн 32,1% чейин түшүрөт.

- Бул нерсе “Центеррадагы” Кыргызстандын үлүшүн азайтат. Азыр “Центеррада” акча бар, ошону менен иштеп турса болот деп жатабыз. Биз ошон үчүн "Центеррага" эмиссия чыгарууну токтотолу, буга барбайлы, “Кыргызалтындын” үлүшүн түшүрбөйлү деп айтып жатабыз.

“Кыргызалтындын” маалымат кызматынан билдиришкендей, "Центерранын" Директорлор кеңешинин Кыргызстандын атынан дайындалган үч мүчөсү - Кылычбек Шакиров, Эмил Орозбаев жана Калинур Садыров жыйында эмиссия чыгарууга каршы добуш берген. Алардын оюнча кошумча акция чыгаруу Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келет.

"Центерранын" жетекчилиги кошумча акция чыгаруу зарылдыгын алтындын баасы түшүп, АКШнын Федералдык резервдик системасы доллардын пайыздык көрсөткүчүн көтөргөнү менен түшүндүргөн.

“Кыргызалтындын” билдиришинче, жаңы акцияларды чыгаруу сунушу алар үчүн күтүүсүз болгон. Анткени буга чейин “Центерра” финансылык абал туруктуу деп, инвестицияга делген 537,4 миллион доллар бар экенин айтып келген.

"Чукулунан" талкуусу токтогон Суу кодекси

Учурда Кумтөр кени өкмөттүн убактылуу токтому менен иштеп жатат жана анын мөөнөтү ушул жылдын этегинде аяктайт.

"Центерранын" убактылуу токтом менен иштеп жатышына Суу кодексине өзгөртүү киргизиле электиги себеп болууда.

21-декабрда парламент комитети Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карамак. Бирок өкмөт депутаттардан Суу кодексин талкуулоону токтото турууну суранды. Бул "Центерранын" кошумча акция чыгаруу чечимине байланыштуу болушу мүмкүн деген пикирлер айтылууда.

Өкмөт Суу кодексин кароону кийинкиге жылдыруу сунушун эксперттик топ долбоорду даярдап бүтө электиги менен негиздеген болчу.

Өкмөт башында сунуштаган долбоордо Суу кодексине өзгөртүү ушул жылдын этегине чейин кабыл алынбаса, Кумтөр кенинде иш токтоп калары айтылган. Давыдов мөңгүсүн бузууга жол ачкан, коомчулукта нааразылык жараткан бул мыйзам долбоору буга чейин да талаш -тартыштардан кийин кабыл алынбай калган эле.

Учурда иштеп жаткан келишим боюнча Кумтөрдүн 33% Кыргызстанга, 67% “Центерра голд инкке” таандык.

Кумтөр Кыргызстандагы бюджеттин киреше бөлүгүн түзгөн негизги ишканалардын бири.

XS
SM
MD
LG